КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫ ЖОЮЛАБЫ?

№742 20-январь-26-январь, 2017-ж

2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымынан тарта мектептер 5 күндүк тартипте иштей баштады. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жумасына 30 сааттан көп сабагы бар класстар 6 күн, ал эми 30га жетпегендер (айрыкча 1-5-класстар) 5 күндөн окушат. Лицей, гимназиялардын окуусу 6 күн бойдон калат. Алынып салынган 6-күн мугалимдердин маянасына зыянын тийгизбейт. "Биз 2012-жылдан баштап этап менен сабактарды кыскартып жатабыз. Балдардын кабыл алуусун эске алып, 5 күндүк тартипке өттүк. Учурда жумасына 30 сааттан ашкан класстар мурункудай эле 6 күндөн окуп жатышат. Быйыл ушундай таризде аяктайбыз. Азыр атайын эксперттик топ иштөөдө. Алар сунуштаган сабактар келерки жылдан баштап кыскартылышы мүмкүн",- дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самаркүл Умралиева.
Бул өзгөрүүлөрдөн улам "кыргыз адабияты сабагы жоюлуп, дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты аттуу сабакка бириктирилет" деген маалымат коомчулукка тараган болчу. Министрликтин өкүлү Самаркүл Умралиеванын айтымында, кыргыз адабияты кыскарбайт. "Учурда мурункудай эле жумасына 2-3 сааттан кыргыз адабияты предмети окутулуп жатат. Биздеги өзбек, орус адабияты сыяктуу башка элдин адабияттары биригип, дүйнөлүк адабият деген статус алып калышы мүмкүн. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен айрым сабактар кыскарып, математика жана кыргыз тили предметтерине кошумча сааттар берилет. Себеби жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы начар болууда. Ошондуктан аталган эки сабактын саатын көбөйтүүгө мажбур болуудабыз",- дейт министрликтин өкүлү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо