№742 20-январь-26-январь, 2017-ж
Бүгүнкү каарманыбыз бийчи Наргиза Момунтаева 10 жашынан тарта бийлеп келет. Наргиза баарыбыз жактырган чыгыш бийин ар бир айым үйдө күзгүнүн алдында өзү деле үйрөнсө болот дейт. Анда шашылалы, Наргизанын жардамы менен 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө сүйүктүүбүзгө сюрприз жасоого жетишип калалы...
1. Бир бутту бир аз алдыга чыгарып, согончокту көтөрөсүз. Кайсы бут алдыга чыкса ошол жамбашты өйдө көтөрүп, кайра ылдый түшүрөсүз. Муну кыймыл эмес сокку деп түшүнүңүз, андыктан катуураак жасаңыз.
2. Кийинки ыкмада жамбашты алдыга, кайра калыбына, капталга, кайра калыбына анан артка алып келесиз.
3. Денени бош коюп, улам бир тизени кичине бүгүү менен титирейсиз. Тулку бой титирегенде кан айлануу жакшырып, целлюлит кетет, муундардын кыймылы да жакшырат.
4. Көкүрөктү алдыга, өйдө, артка, ылдый алып келиңиз. Алгач ар бир кыймылды тамга үйрөнгөндөй өз-өзүнчө үйрөнүңүз, андан кийин кошуп окуган сымал кыймылдарды кошуп жасаңыз. Көкүрөк иштеп жатканда дененин ылдыйкы бөлүгү кыймылдабашы керек.
5. 2 бутту ийиндин кеңдигинде ачып, сол жамбашты алдыга, капталга, артка алып келесиз. Сол жамбаш артка келгенде оң жамбаш өзү эле алдыга чыгат, болгону бир аз түртүп коюу керек, кайра капталга анан артка алып келесиз.
ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!
Пайдасы:
Кимдерге болбойт?
"АЖЫРАШСАМ ДАГЫ КАЙЫН ЖУРТУМ МЕНЕН ЖАШАЙМ"
– Наргиза, "Жаш кыял" бий тобунда канча бийледиң?
– 8 жыл бийледим. Топто жүрүп көптөгөн өлкөлөрдү көрдүм. Жоопкерчиликке, өз алдынчалыкка үйрөндүм. Агайыбыз "мектептен 5 алып келсеңер гана бийге киргизем" дегендиктен жакшы окудум, бийди да таштаган жокмун. Агайыма ыраазымын.
– Кызыңдын атынан "Майрам" бий студиясын ачыптырсың...
– Студияга 3 жаштан жогору кабыл алабыз. Кенже, орто, чоңдор үчүн 3 тайпа бар. "Майрам" студиясынын ачылышына токтоло кетсем, балдарыңдын аракети, жылмайганы, ийгилиги, таланты чыныгы байлык экен. Кызым Майрам азыр 5 жашта, жакшы бийлейт. Кызымдын жөндөмүн өнүктүрүп, ага кошуп балдарга бий үйрөтүүнү максат кылдым. Анын үстүнө мурун мен сабак бергендер "качан жумушка чыгасыз?" дей беришти. Төрөп үйдө отурганда да сабак бергем. Мен анда 80 килограмм болуп толуп кеткем. Ошол салмагым менен кантип сабак берем, инструктор өзү жакшынакай көрүнүшү керек да. Бийлеп, кечкисин саат 6дан кийин тамак ичпей жатып 3 айда арыктагам.
– Бийден башка ишкерлик менен да алектенет экенсиң...
– Бир жолу апам менен Кытайга барып өзүмө кийим ала келгем. Көбүн курбуларым "мага берчи, сонун экен" деп алып кетишти. Ошондон кийин соодага кызыгып кеттим. Бир жолу тойдо бир столдо 12 киши отурсак, ошонун баары мен Түркиядан алып келген кийимдерди кийип келишиптир. "Made in Nargiza" болуп кетиптирбиз го" деп каткырышкан.
– Сурабай кетпесем болбос. Шоумен Бакыт Байсариев экөөңөрдүн ажырашууңарга эмне себеп болду?
– Экөөбүз жаман-жакшы айтышкан жокпуз. Ажырашканыбыздын себеби сүйүү өчтү. Чынында ортобузда чоң сүйүү болгон, 8 жыл бирге жашадык. Аны эч качан жамандабайм, балдарымдын атасы. Дайыма жаркылдап, күлүп-жайнап, аман жүрүшүн каалайм. Мен өтө токтоо адаммын, Бакыт үйгө кеч келеби, эрте келеби баарын көтөрчүмүн. Акыркы убакта таптакыр башка адам болуп 180 градуска өзгөргөн. Эмнеге ушунчалык катуу өзгөрдү билбейм. Эгер менден кетсе, азыр кайын журтум менен бир үйдө жашабайт элем да. Күндүзү жумушка кеткенимде 2 баламды чоң эне, чоң атасы карап калат. Бакыт үйгө келип кетет, бирок мен аны көрбөйм деле. Жолугуп калсам балдар тууралуу гана сүйлөшөм. Кылганымдын баарын жакшы жакка жасап жатам деп түшүндүм. Ушуну түшүнбөсөм, балким азыр жаман болуп отурмакмын. Анткени эртеби, кечпи баары бир ажырашмакпыз. Мен ошол нерсенин эрте болгонуна сүйүнөм. Азыр жашмын, иштейм, балдарымды бутуна тургузам дегендей. Учурда жан дүйнөм тынч, жүрөгүмдө кандайдыр бир жылуулук бар. Келечекте жашоом мен күткөндөй болоруна ишенем.
– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик.
Сүйүн Кулматова
Адилет Топчубаев
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Демек бийчи байкебиз баш алып чыгып кеьсе деле келин азаматтык кылып уйдо отурат денизчи