№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж
26-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев Боинг кырсыгынан кайтыш болгондордун туугандары менен жолукту. Иш-чарага президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышышты.
Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 35 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |