АШКАЗАН ЖАНА ИЧЕГИ ЖАРАСЫ КӨПКӨ АЧКА ЖҮРҮҮДӨН ЖАРАЛАТ

№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж

Ашказан жана 12 эли ичеги жарасынын жаралуусу жана дарылап айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжакеев айтып берет.

Учурда ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусу менен ооругандардын 70-90 пайызынын дарты дары-дармек менен айыкпайт же уламдан-улам кайталанып кармай берет. Буга туура эмес тамактануу, стресстин көптүгү, экологиянын начарлашы, жашылча-жемиштердин химиялык жер семирткич менен өстүрүлүп жатышы жана башкалар себеп болууда. Ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусунун өнөкөткө айланган, курч кармаган түрү бар.

КЕЛИП ЧЫГУУСУН ШАРТТООЧУЛАР

  • Хеликобактер пилори
  • Ашказан-ичегинин өнөкөт оорулары (гастрит, панкреатит)
  • Дары-дармектер (аспирин, индометацин, диклофенак, бутадион, кетопрофен, ибупрофен жана башка)
  • Куурулган, туздалган жана тез даярдалуучу азыктарды көп колдонуу, кургак жана баш аламан тамактануу
  • Ичкилик ичүү, тамеки жана насыбай тартуу
  • Уулануу
  • Баңгизаттар
  • Тукум куучулук, стресс

Хеликобактер пилори оорунун 75 пайызынын күнөөкөрү. Аталган бактерия ашказанды байырлайт. Ал ашказанга барып түшкөндөн кийин анын былжыр катмарын тешип кирип, тегерегиндеги клеткаларды жеп баштайт жана ууларды бөлүп чыгарууга өтөт. Тешилип калган жер ашказандын туз кычкылынан жана тигилер бөлүп чыгарган уулардан улам сезгенип, жара пайда болот. Бактериялар бара-бара былжыр катмарынан булчуң катмарына өтүп, андагы кан тамырды да жей баштайт. Кан тамыр жарылганда кан кусуу, ичтен кан кетүү күтүлөт.
Хеликобактер пилори организмге кир кол, булганган тамак менен суу, шилекей, идиш-аяк, өбүшүү аркылуу кирет.

Адам кайгырып-капаланганда ашказанда туз кычкылы көп бөлүнүп чыгат. Тукум кууган түрүндө адамдын ашказанында туз кычкылы табиятынан көп болот. Эки көрүнүштө тең адам убак-убагы менен тамактанбай, ачка калуу өнөкөткө айланса, ашказанда тамак жок кезде ашказан былжырынын бети ачык калат да, туз кычкылы анын бетин оюп жиберип, жара жаралат.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Зарна болуу
  • Ашказандын оорушу. Оорутуу ашказанда жара болсо тамак ичкенден 30-60 мүнөттө, 12 эли ичегинин жарасында тамак ичкенден 2-3 сааттан кийин же түн ичинде башталат.
  • Кусуу
  • Оозго сары суу келүү
  • Майлуу тамак ичкен соң май кылгыруу
  • Арыктоо
  • Бычак сайгандай катуу оорутуу, бүрүшүп отуруп калуу, кан кусуу, ичтен кан кетүү, чалкалап жата албай калуу (жара жарылгандагы белги)
  • Курсак көңдөйүндөгү ириңдөө (жара жарылып, кан кеткенден кийинки абал)

ДИАГНОСТИКА

  • Гастроскопия
  • Рентген
  • Кан, заара анализдери

ДАРЫЛОО

Оору өтүшүп кетпеген болсо хеликобактер пилориге каршы антибиотиктер, ашказандын кычкылдуулугун төмөндөтүп, булчуңдарынын жыйрылуусун азайтуучу дары-дармектер, физиопроцедура, диета сунушталат. Оору татаалдашып кетсе, операция жасалат.

ДИЕТА

Жеп-ичүүгө сунушталат:

Кургатылган нан, сүттөн жасалган суюк тамактар жана ботко, жашылчадан суп-пюре, сууга бышырылган уйдун эти, боору жана майлуу эмес балык, айран, пюре түрүндөгү ашкабак менен сабиз, банан, кыям, сүттөгөн чай, компот. Күнүнө 6-8 жолу аз-аздан тамактануу зарыл. Жей турган тамак өтө муздак да, өтө ысык да болбошу шарт.

Баш тартуу керек:

Кара нан, пирожки, тез даярдалуучу тамак-аштар, газдалган суусундуктар, кофе, майлуу эт жана балык, каймак май, жумуртка, бадыраң, баклажан, козу карын, туздалган, сүрсүгөн жана ышталган азыктар, шоколад, томат соусу, мурч, калемпир, кычкыл жемиштер.

ДАРЫЛАБАСА

Оору өтүшүп баштаганда жаралар көбөйөт жана акырындап алар биригип, чырмалышып өсүп калат. Тегерек-чети берчке айланат. Акырындап коңшу жайгашкан органдарга (уйку бези, боор) да өтүп, аларда да жараны пайда кылат.
12 эли ичегинин бети айыгып, кайра жаңырып, карттанып жүрүп отурган жаралардан улам тырышып-бырышып, акыры бүтөлүп, өмүргө коркунуч жаратат. Ашказан жарасы ракка өтүп кетет, 12 эли ичеги жарасы ракка өтпөйт. Кан кусуу, ичтен кан кетүүдө дароо операция жасалбаса, адам көз жумат.
Андыктан оору белгилери билинер замат текшерилип, дарылануу зарыл.

КЫЗЫКТУУ

  • Ашказанында жара же гастрит болсо адамдын түшүнө бузулуп кеткен эт, балык, жебей турган нерселерди жей берүү көп кирет. Ойгонгондо жүрөгү айланып, кускусу келет.
  • Сарымсак же баклажан жегенден кийин ашказан ооруса, анда гастрит же ашказанда жара бар.

АШКАЗАН ЖАНА 12 ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫН ЭЛДИК МЕДИЦИНА МЕНЕН АЙЫКТЫРУУ

  • Мекеринин (горец змеиный) тамырынын кургатылып, талкаланган упасынан 1 чай кашык алып, ага 150 грамм суу куюп демдеп коюу керек. Анан аны жылуу кезинде баарын ичүү зарыл. Дарылануу курсу 10 күн.
  • Алоэнин 200 грамм ширесине 300 грамм бал кошуп, 200 грамм спиртке ачытып, 7 күн караңгы жерде кармоо керек. Аны тамактан 1 саат мурун 1 чай кашыктан 3 маал ичүү кажет.
  • Бака жалбырактын 1 аш кашык кургатылып талкаланганын алып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, 10 мүнөт демдейбиз. Муну 1 күндө 3 жолу бөлүп ичүү кажет.

Эскертүү: Колдонуудан мурда врачыңыз менен кеңешиңиз!

Канымжан Усупбекова
densoluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
01.02.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рахмат супер инфо. Чоон рахмат
01.02.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ашказан ооруса тамакты убагында тамактанып ачкарын муздак нерсе ичпей жебей 1 2 жыл карасан жакшы болуп кетесин Бул менин башымдан откон нерсе
01.02.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйку безинин сезгениши панкреатит жонундо да маалымат бериниздерчи
01.02.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurshoola, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
01.02.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара нан жегенге болбойт дептир,мага кара нан же дешкен да кандай болуп калат ошондо
01.02.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiturgan9810,ошону айтам менин жолдошумда жарасы бар экен 2.3жыл болуп калды кобойуп кетиптир 3врачка корунсок учоо уч турлуу дарыларды жазды эмне кылышка деле баш жетпей калды
02.02.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин курсагым ачканда абдан катуу орутат, башым айланып,кускум келет,алсырайм. Ошондо менде да ашказан жарасы. Барбы?
Ашказаным оруйт озу
06.02.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
milana0230,анда кандагы гемоглобинди текшертип корунуз.Каны аз адамдарда дагы сиздикиндей абалдар болушу мумкун.
07.02.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде ашказанымда бир нерсе эрибей туруп калгандайле болтат 2 кундон бери. бул эмненин белгисикен а
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо