Камила Абдил: "АЗИЯ MIX'ти" ТҮПТӨГӨНДӨ ЭЛЬДИЯР ЭКӨӨБҮЗГӨ ЖАРДАМ БЕРГЕН ЭЧ КИМ ЖОК БОЛЧУ"

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

– Саламатсызбы? "Азия MIX" жеңүүчү аталгандан бери команданын мүчөлөрү менен байланышка чыгуу кыйын болуп калды...
– Ооба, Жогорку лиганын финалынан кийин күн тартибибиз баш айланта тургандай болуп жатат. Ишенсеңиз, бош отурганга 1 мүнөт да убакыт жок. Айрыкча, Эльдияр (ред. Кененсаров) экөөбүздүн жумушубуз көп, себеби сахна артындагы иштер биздин моюнубузда. Жаңы жыл алдында команданын бардык мүчөлөрү 1-2 күнгө үйлөрүбүзгө бардык. КВН оюндарына даярданып 3 жума Москвада жүрүп калабыз, анан үйгө келсек турмуш-тиричиликке байланыштуу толтура маселелер чогулуп калат, аларды чечүү керек. Балдарыбызга көңүл бурушубуз керек, чуркап жүрүп убакыт өтүп кетти. Анан дароо эле команданын мүчөлөрү Сочи шаарында өтүп жаткан эл аралык КВН фестивалына жөнөп кетишти. Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына команданын кээ бир мүчөлөрү интервью берип жатышты. Себеби алардын убактысы биздикине караганда кененирээк. Менден, Эльдиярдан көп журналисттер маек берүүнү суранышты, убакыттын тардыгына байланыштуу эч кимисине көңүл бура албай калдык. Биз жылдыз болуп кеткен жокпуз, болгону жетишпей жатабыз.

– КВН оюндарынын финалы болгонуна 1 айдан ашты, жеңишке жетишкендеги сезимдер унутула элекпи?
– Өзүмдүн сезимдерим боюнча айтсам, жеңиштин даамын толук сезүүгө, ырахат алууга убактым аз болду. Сахнада майрам болуп жатканда анын артындагы жыйынтыкталчу жумуштарды ойлонуп жаттым. Албетте ыйладым, командабыз менен, жолдошум менен сыймыктандым. Короткон эмгегибиз жеңиш менен акталганы кубандырып жатты. Мени көбүнчө Эльдияр Кененсаровдун жубайы деп кабыл алышат. Бул нерсе менин аткарган жумушумду эске алганда адилетсиздик деп ойлойм. Мен деле "Азия MIX’тин" толук кандуу мүчөсүмүн.

– Эльдияр Кененсаров жеңишке жеткенден кийин "Камила болбосо мунун баары болмок эмес" деп айтты. Сүйүктүү адамыңыздан мындай кептерди угуу жагымдуу болсо керек..
– Аябай жагымдуу. Чындыгында мындан бир топ жыл мурун Эльдияр КВНге кайтууну ойлонбой жүргөндө анын ишке ашпай калган кыялы бар экенин байкагам. Анда жолдошум экөөбүз теледолбоорлор менен алектенчүбүз. Мен ага "өзүңдү өзүң кыйнабай кыялыңдын орундалышы үчүн күрөш же ал тууралуу унутуп, экинчи ойлонбо. А мен сага колумдан келишинче жардам берем" деп айткам. Эльдияр кандай чечим кабыл албасын аны колдоорумду билчү да. Менин сөздөрүм анын КВНге келишине түрткү болду. Сахнанын артындагы жумуштун баарын моюнума алдым. Ал кезде экөөбүздү колдогон, жардам берген эч ким жок болчу. Мен өзүмө 1 гана жардамчы алгам. Москвада таанышыбыз жок, оюнчуларга форма издеп шаарды түрө кыдырып чыкчу элек, массовкага адамдарды издөө, демөөрчүлөр менен сүйлөшүү менин жумушум болчу. Кээде сценарий 1 сааттын ичинде өзгөрүп кетет, алып келген кийимдер жарабай калып кайрадан кийим издеп жөнөө керек. Бул нерселер майда-барат сезилгени менен аябай көп күчтү, убакытты талап кылат. Себеби бирөөгө барсаң эле мына деп кийимдерди кармата койбойт да.
Залда отурчу күйөрмандарды чогултууда "Жаш толкун" деген Москвада кыргыз жаштарынын уюму менен иштештик. Биз КВНге келгиче эч бир кыргыз командасы күйөрмандар менен алектенбегени үчүн аларды качан кыйкырыш керек, кайсы убакта желекти көтөрүш керек, качан унчукпай отуруу зарыл деген майда-чүйдөсүнө чейин үйрөтчүбүз. Учурдан пайдаланып ушул жаштар уюмуна алардын колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кийинчерээк экинчи наристебиз жарыкка келгенде, мен Москвага барбай калдым, алыстан туруп маселелерди чечип жаттым. Бүгүнкү жыйынтыкка жетүү үчүн толтура кыйынчылыкты басып өттүк.

– Аябай маанилүү иштин алдынан күтүлбөгөн окуялар болуп кетет эмеспи. Финал болор күнү сиздерде андай болгон жокпу?
– Ал күнү эртең менен Эльдиярдын тамагы ооруп сүйлөй албай калды, кечинде ал ырдашы керек эле. Толтура жакка чалдым "Тез жардам" кызматындагылар, ооруканадагы дарыгерлер "биз мындай аз убакытта жардам бере албайбыз" деп жатышты. Акыры Москванын четинде бир дарыгерди таап, ошол жакка алып жөнөдүм. Элестетиңиз, экөөбүз оюн башталарына 2 саат калганда араң кайтып келдик. Оюн баштала элек, а биз болсо ушунчалык чарчап калганбыз. Мындай кырдаалда жеңишке жетишебиз деп ойлогон да эмеспиз.

– Финалда алтын медаль буюруп калса, анда кызыңызга шоколад, сизге шуба бар деп жолдошуңуз айтты эле...
– Кызыгы, биз медалдарды команданын мүчөлөрүнө таратып бердик. Эльдияр экөөбүзгө болсо жетпей калды. Азыр аны атайын буюртма менен жасатып жаткан кезибиз. Буюрса, колубузга тийсе эле медалды эритип кызыбызга шоколад, мага шуба алабыз (күлүп).

– Кызыңызды сахнага чыгардыңыздар, демек, ал дагы ата-энесинин жолун жолдошу мүмкүнбү?
– Бул кызыбыздын алгачкы жолу сахнага чыгышы. Аны КВНге аралаштыруу оюбузда дагы жок болчу. Кокусунан эле КВН оюндарынын редакторлорунун бири Эльдиярга "кызыңды алып келип көрбөйсүңбү?" дептир. Биз анын сунушуна жок дей алган жокпуз. Чындыгында кызыбыз ушундай чоң сахнага, Орусиянын негизги каналына чыгат деген ой мени ушунчалык кабатырлантты. Себеби аны буга чейин эл көзүнө көп алып чыкпаганга аракет кылчумун. Бирок жыйынтыгында кызым өзүнүн тапшырмасын жакшы аткарды. Келечекте чыгармачылыкты же башка жолду тандайбы, ал биздин колдоорубузду билет.

– "Азия MIX" командасынын мындан аркы тагдыры кандай болот? Түрдүү сунуштар түшүп жатса керек...
– Азырынча иш тартибибизге байланыштуу баарыбыз чогулуп кеңешүүгө убакыт боло элек. Сунуштар түшүп жатат, аз эмес. Командабыздын курамы эң сонун, бизге КВН мыкты тажрыйба тартуулады. Буюрса, кино жаатында эмгектенишибиз мүмкүн деп ойлоп жатам. Маектин акырында бизди колдоп, жардамын аябаган Бабур Тольбаев менен Ирек Салиховго командабыздын атынан ыраазычылык билдиргим келип турат.

– Маегиңиз үчүн рахмат.

"Аябай ынтымактуу команда чогулганбыз. Келечектеги жумушубузду чогуу кеңешип чечебиз".


"КВНдин финалына алгач улуу кызыбызды алып келдик, кийин апам экинчи наристебизди өзү алып келип карап турду".


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  21 
Комментарийлер(26)
08.02.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Азаматсынар ишинерге ийгилик
08.02.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азамат аял экен.Аялдын жаны кырк болот деген созго эми ынанып отурам.Жолдошу мн бирге иштешет турбайбы?
08.02.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аа баса Абдил Дека Мека Дина Мина болбой эле фамилиянарды толлук айтып жургулочу тамга тугонуп калчудай болбой.
08.02.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzat86,туура айтасыз)))
08.02.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Gulzat86,Кыргыздын нукура аты жөнү ушинтип жазылат!! Орустун таасиринен арыла албай "ович" "овна" болуп журөбүзда. СССР кулаганданандан кийин жакшы эле "уулу" "кызы" болдук эле, кайсы кара теке сүздү кайра орус кулга айланып калдык.
08.02.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Gulzat86, таза кыргызча же казакча фамилия болдуда. Камила Абдил дегени эми кызы дегенида. Бизде деле Мыктыбык Арстанбек сыяктуулар таза кыргызча фамилия менен жүрөт...
08.02.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Gulzat86,Вообще то Камила Абдил казак, казактарда ушундай менимче Айкын Толопберген дегендей эле
08.02.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула.
08.02.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула.Кыргыз эли силердин эмгегинерди унутпайт.
08.02.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сулуу Камила эже. Менин атамын аты Камил эле. Ошол учунда негедир жакшы кором. Аял жакшы эр жакшы деп ушуну айтат.
08.02.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ситора аябай жагат да мага .Алга Азиямикс Азия сени менен
08.02.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аял жакшы эр жакшы деген ушул! Азамат экенсиз! Мындан ары дагы коптогон ийгиликтерди чын дилимден каалайм! Эн негизгиси жолдошунуз менен тушунушуп, сыйлашып, ишенишип чогу ийгиликтерди багынтып журо бериниздер!
08.02.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экөө бири бирин толуктап турат экен..... Пөрүшум керек эле да КВНди. Силер менен Кыргызстан сыймыктанат!
08.02.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар!мындан аары да чон чон ийгиликтерди багынта бергиле! Кыргыз элибизди таланттуу элден экенин корсоткуло.
08.02.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат, жакшы эркекти хан кылат.
09.02.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aruukeramazan,маймылды не кылат?
09.02.2017. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ilgis1991,горилланы шимпанзе кылат аял зат
09.02.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялжакшы эр жакшы деген ушул да.
09.02.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыздар "Азия Микс", биз силер м.н сыймыктанабыз. Ишиниздерге ийгилик, ар дайым бар болунуздар!
09.02.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syimyktanchy janylyk!Tagdyr buirup uwundai talanttuu bizge(kyrgyzga)kelin bolgonun kara,bul da bolso bizdin baktybyz!
09.02.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызы татынакай ширин экен.сиздерге ийгилик жылмайып турсун.Алга бактылуу болунуздар.
11.02.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Копту билген тушунуктуу аял заты экен.Семьясына бактылуулук жана ден-соолук каалайм.
11.02.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз элинин атыны чыгарган Азия Микс командасы. Сыймыктанабыз. Респект
11.02.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар
14.02.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте аял жакшы эр жакшы,бирок мен мен дей бергени жакпады,команданын оюнун редакторлор жазса,оюнчулар ойноп атса сенин жумушун продюсерлик да,баардыгыбыз бир жакадан баш бир женден кол чыгарып иштеп жатабыз десен жарашмак,мен болбосом команда да болбойт эле дегендей айта берипсин,эн башкысы талант,таланттуу балдар болбосо кимге чуркайт элен,антип айтпасан деле топтун мучолору,эл деле билип атат чуркаганынды,Эльдиярды ушу адам кылгансып айта бербей скромно суйлосон жарашат,азамат экен дешет..
14.02.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал эми Азия MIX командасына ийгилик жана уй-булосуно бакыт каалайм,талантынар ташкындай берсин жигиттер жана топтун роза гулу Ситора...женеке сизге да ден-соолук жана кыргызыма таандык скромность каалайм,ар-дайым чарчабай чуркай бериниз команда учун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо