БИР БҮРКҮМ

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

  • Өлкөдө 3 жаштан 5 жашка чейинки балдардын 80 пайызы БАЛА БАКЧАЛАРДЫН жетишсиздигинен улам ал жакка барбайт. Аталган маалыматты вице-премер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты МАКСАТ КУНАКУНОВ 10 жылга эркинен ажыратылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны "куралды мыйзамсыз сактоо", "куралдуу кол салуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. 

  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, өлкөдө каттоодон өткөн МАЛДЫ СОЮУ боюнча 74 ишкана бар, бирок анын ичинен бирөө гана бардык талаптарга жооп берет.

  • 2016-жылы Башкы прокуратура ЖАСАЛМА ПАСПОРТТОР боюнча 42, УКМК 66, ИИМ 71 кылмыш ишин козгогонун Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

  • Бишкектеги Наркологиялык борбордун директору Руслан Токубаевдин айтымында, өлкөдө БАҢГИЗАТ колдонгондордун расмий саны 8 миңдей. Мурунку жылдарга караганда бул көрсөткүч 3 миңге кыскарган.

  • 2016-жылы Кыргыз жерине келген ТУРИСТТЕРДИН саны 2015-жылга караганда 12 пайызга аз болгон. Экономика министри Арзыбек Кожошев: "Эгер II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болбогондо, көрсөткүч мындан да төмөн болушу мүмкүн эле",- дейт.

  • Өлкөдө учурда 245 миңдей ПЕНСИОНЕР жашоо үчүн керек болгон эң төмөн суммадан да аз пенсия алышат. Бул маалыматты Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров айтты.

  • ЭЛЬВИРА САРИЕВА президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Билим берүү жана илим министрлигин, президенттик аппараттагы социалдык саясат бөлүмүн жетектеген.

Бектур Токтоноев   
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо