"БЕЛИЗГЕЙТ" БОЮНЧА УКМК ЖООП КАЙТАРА ЭЛЕК

№744 03-09-февраль, 2017-ж.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаевди "Белиз өлкөсүнүн расмий органдарынан келди" деп документтер менен тааныштырган. УКМК "2012-жылы "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн "Саутфилд" компаниясына сатуу аракеттери болгон, оффшордук бул компаниядан учурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова үлүш алмак" деген шектин үстүнөн иштеген. Президенттин тапшырмасы менен аталган иш боюнча Башкы прокуратура териштирүүнү баштаган. Мына ошол иш боюнча Өмүрбек Текебаев 31-январда маалымат жыйынын берди. Депутат Белизге тактоо максатында суроо жиберишкенин, келген документтер аты аталган үчөөнүн "Саутфилдге" тиешеси жок экенин тастыктаганын билдирди. "Алар "силердин компанияга эч кандай тиешеңер жок, андыктан силерге эч кандай маалымат берилбейт" деген жооп жиберишти. Демек, бизди "Мегакомдун" акцияларын сатып, оффшордук компаниядан үлүш алмак" деген документ жалган экени тастыкталды. Белиздин мыйзамы боюнча, эгерде биз аталган компаниянын акционери болсок, анда бизге маалымат берүүгө милдеттүү эле",- деди Текебаев.
Эскерте кетсек, Белизден келди деп УКМК тараткан документтерди аты аталган депутаттар "жасалма" деп айтып жатышкан. Аталган нааразычылыкка президент Алмазбек Атамбаев: "Эгер УКМКнын төрагасы Абдиль Сегизбаев берген документ жасалма болсо, анда ал өз орду менен жооп берет",- деп билдирген. УКМК Өмүрбек Текебаев өткөргөн маалымат жыйын боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо