Руслан Акун, Нурбек Айбашов: «БИЗДИН ЭҢ ЧОҢ КЫЯЛЫБЫЗ – «ОСКАР» АЛУУ»

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

«Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын жаратуучулары Кыргызстанды, АКШны, Казакстанды бириктирген «Апамды издеп» фильмин жарыкка чыгарышты. Тасманын режиссёру Руслан Акун жана продюсери Нурбек Айбашов менен тасма тууралуу кенен баарлаштык.

– Сөздү сизден баштайлы, Руслан, «кыздуу болгондон кийин «Апамды издеп» тасмасын тарткым келди» дедиңиз эле, экөөнүн кандай байланышы бар?
– Кыздуу болгондон кийин бала менен чоң адамдын ортосундагы мамилени чагылдырган кино тарткым келди. Өзүңөр билгендей, акыркы убакта жаңылык окусак эле үрөйдү учурган кабарлар. Ошондой көйгөйлөрдү камтыган тасма менен көрөрмандарды туура багытка үндөйлү дедик.

– Аталган тасманын бет ачарына АКШдан атайын келдиңизби же окууңуз соңуна чыктыбы?
– Окуум соңуна чыга элек, дагы бир семестр калды. Атайын кинонун бет ачарына келдим. Казакстандагы премьерадан кийин 15-февралда кайра кетем.

– Нурбек, «Апамды издеп» тасмасы Руслан экөөңөрдүн экинчи долбооруңар, кинопродюсерликке кандайча кызыгып калдыңыз?
– Нью-Йоркко бир программа менен барып, машина сатып алайын деп жүрүп Руслан менен таанышып, дос болуп калдык. Руслан АКШдан келип кино тармагына багыт алып «Бишкек, мен сени сүйөм» фильмин тартты. Мен болсо ишкерликке кеттим. Бир жолу түшкү тамактанууда экөөбүз сүйлөшүп отуруп Американын жашоосун чагылдырган кино тартпайлыбы деген идея жаралды. Анан келишим түзүп «Салам, Нью-Йорк!» фильмин тарттык, ошондон бери чогуу иштешип келе жатабыз.

– Ошондо кайсы кесиптин ээсисиз? Ишкерликтин кайсы түрү менен алектенесиз?
– Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында бир жарым жыл окугандан кийин, алардын билимге анча умтулбаганын көрүп Кыргыз-Орус Славян университетине которулуп, экономика факультетин аяктадым. Анан АКШда гид болуп, эт комбинатында да иштеп жүрдүм. Ошону менен ишкерликке кызыгып кеттим. "Clean Water" аталышындагы компаниям бар, сууну тазалоочу жабдыктарды сатам. Андан тышкары Украинадан, Орусиядан кондитердик азыктарды алып келем. Үчүнчү тармагым чыгармачылык болуп калды. Кино тартуу жагынан мен Руслан менен гана иштешем. Тасманы каржылоону өзүм моюнума алганга аракет кылам. Бирок азыркы тасмабызда сапатка көңүл бургандыктан, менин чөнтөгүм чак келбей, банктардан насыя алганга туура келди. Кинонун жалпы бюджети
400 миң долларды түздү.

– Жаңы тасма Казакстанда, АКШда да көрсөтүлөбү?
Н.:
– Кыргызстандын кино рыногу кичинекей, сапаттуу тасмалар өзүн актабайт. Ошондуктан Казакстандын актёру Тауекел Мусилимди чакырып, Азамат Улановдон кийинки башкы ролду аткарды. АКШда дагы продюсерлер менен келишим түзүп иштештик, 3 өлкөдө тең көрсөтүлөт.

– АКШда кино тартуу оңойбу? Мисалы, актёрлорду, тартуу аянттарын табуу, акысын төлөө кандай болот?
Р.:
– Кыргызстанда кино тартуу АКШга караганда оорураак. Жакшы команда топтош үчүн көбүрөөк күч сарпталат. Бул жакта өз жумушун мыкты билген 2-3 эле адам болушу мүмкүн, аларды күтүп калышыбыз ыктымал. Америкада кандай роль болбосун ылайыктуу актёрду оңой тапса болот. Биздин тасмада ойногондордун ичинен Азамат жана аны коркуткан жатак мектептеги 2 бала гана профессионал актёрлор эмес. Голливудда актёрлорго канча төлөнсө, баарына ошончо гонорар төлөндү.

– Башкы каарман Азамат өз ролун мыкты аткарыптыр, ал дагы кастинг менен алындыбы?
Р.:
– Сценарий башында эле Азаматка арналып жазылган. Юмор жагын мыкты аткарарын билчүмүн, бирок драма жагын ойной алабы деп кабатыр болгом. Азамат ал жагын дагы мыкты ойноп, өзүңөр көргөндөй, залдагы элдин баарын ыйлатты.

– Тасма өзүңөр күткөндөй жыйынтык бердиби?
Н.:
– Бир жарым жылдан бери ушул долбоордо катуу иштедик, майын чыгардык деп эсептейм. Буюрса, 7 мамлекетте көрсөтөлү деген оюбуз бар. Башы биз ойлогондон да жакшы башталды. Көрүп отургандар бир нече жолу тынбай кол чабышты, мен аны күткөн эмесмин. Каткырып күлүштү, соңунда көздөрүнө жаш да алышты. Чыгармачыл адамдар үчүн бул чоң колдоо экен.

– Сюжети турмуштан алынганбы?
Р.:
– Жетим балдар менен маектешип, алардын реакциясын көрүп, ошонун негизинде сценарий жазылды.

– Кинодо юмор да көп орунду ээлейт экен, башында эле комедиялык жанрды тандадыңар беле же сценарийди тамашоучулар жазган үчүнбү?
Н.:
– Башында ушундай тарталы деп сценарийдин сөөгүн Руслан түзүп берди. Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу көзүн, колу-бутун жасап чыгышты десек болот. Арасындагы юморду балдар өздөрүнүн чеберчилиги менен кошушту.

– Тартуу учурунда кызыктуу окуялар болдубу?
Р.:
– АКШда адамдар өздөрү эч нерсе кылышпайт. Кран бузулуп калып үйүнүн баарын суу каптап кетсе деле адисти күтүп отура беришет. Аюуну тартып жатканыбызда аны көрүү үчүн кымбат машина минген америкалыктар келишкен. Бирөөнүн дөңгөлөгү жарылып калып, эмне кылам деп далдырап эле отуруп калды. Нурбек бирөө менен бир заматта алмаштырып берип койсо аябай таң калды.

– Алдыда кандай максаттар, кыялдар бар?
Р.:
– Алдыда өлкөбүзгө керектүү өзгөрүүлөрдү алып келчү чоң долбоордун үстүндө иштейли деген оюбуз бар. Ал долбоордун аты – «Аманат». Компьютердик графика колдонулгандыктан чоң суммадагы каражат да керек.
Н.: – Руслан үчүн да айта кетейин, досумдун чоң кыялы – «Оскар» алуу. Ошондуктан колумдан келишинче Русланга жөлөк-таяк болууга даярмын. Ага ишенүү керек. Ишеним болсо кандай кыял болбосун багынтуу мүмкүн.

– Жеке жашоону да камтый кетели, Руслан, кызыңыз чоңоюп калдыбы, тили кайсы тилде чыкты?
Р.:
– Кызым 1 жаш 8 ай болду. Апам «сенин эле көчүрмөң» деп калат. Азыр апасы менен АКШда. Сырттан келгенде «папей» деп чуркап келет. Тили аралаш чыкты, алманы «аpple» дейт, сууну «суу» дейт. Алыс кеткенде кызымды аябай сагынам, азыр аябай сагынып жатам.
Н.: – Менин 1 кыз, 1 уулум бар. Жумушум оор, ошого карабай үй-бүлөмө дайыма көңүл бурганга аракет кылам.

– Маегиңиздерге рахмат. Ишиңиздерге ийгилик. Тилегиңиздер ишке ашсын!

"Тасма тартылар алдында Азамат Уланов менен Тауекел Мусилим Алматыда актёрлук чеберчилик боюнча атайын курстан өтүштү. Таанышкан күнү эле достошуп алган актёрлор азыр бир туугандардай мамиледе".


"Сценарий жазылгандан кийин 6 ай даярданып, тиешелүү уруксаттарды алдык. АКШда, мисалы, жаныбарларды тартам десең өзүнчө, жаш балдарды тартам десең өзүнчө уруксат алыш керек".


Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg


"Биздин эң чоң кыялыбыз – “Оскар” алуу"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(24)
15.02.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Руслан Акунду сыйлайм, кинолору чын эле сапаттуу... Эсимде "Салам, Нью Йоркту" 4-5 жолу коргом кинотеатрдан, анан дисктен, кыскасы жаттаганбыз ар бир созун, группабыз мн, анда биз 2-курс болчубуз да... Can I help you? деп ошоо кыздай интонация мн суйлошуп...
15.02.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат баракелде. Азыр бизде да кыйын режиссер продюсерлер чыгып жатат. Абдан кубанычтамын.
15.02.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алга Кыргыз! Кыргыз тасмасы осуп онуксун! Дуйнолук ийгиликтерди багынта бергиле! Уй булолук бакыт жана ден соолук каалайбыз!
15.02.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тилегинерге жеткиле
Tyty1990 түзөттү 2017-02-15 13:12:12
15.02.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына осо турган адам Ар дайым изденет.. Анча мынча бийликти жамандап, видео сидеолорду монтаждап, болуп жарып, адамдардын ортосуна компромат даярдап компьютердин аркасында бош убакыт откорбой, мына минтип аракет кылат!!! Азамат !! Кыргызда сага окшогон, билсе билбесе да саясатка аралашпаган, кандай денгээлде болсо да КРге салымын кошкон МЫРЗА кобойсун. Ата энене таазим
15.02.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштериниздерге ийгилик,ылайым мынданда сапаттуу кинолорду кутобуз,Н.Айбашевке уй булолук бакыт каалайм,биздин жердеш акебиз.
15.02.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salam New York oto sonun kino
Apamdy izdep oshol kinonu koro elekmin
15.02.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик ишинерге "Герой моей девушки" деген кинону да ушулар тартты беле?
15.02.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам Нью Йоркту канча корсомда коргондон тажабайм .
15.02.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен учун Салам Ню-Юорк тасмасы орто азиядагы эн мыкты тасма аны коруп жашоого болгон коз карашым озгорду.Режиссер байкеге ыраазычылык жана келечектеги ишине ийгилик.
16.02.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен мындан уч жыл мурун жумушта олтурсам,чогуу иштеген Иван деген бала бар эле ошол келип.Салам Нью Йорк деген кино бар турбайбы ,аябай таасирлендим ,кино жакшы денгээлде тартылыптыр деп аябай суктанган.Бир гана кыргыздарга эмес коп мамлекттин тургундарына жаккан кино эле.Досу жакшы адам экен .Экоонуздорго тен ийгилик уй булоолук бакыт жана ден соолук.Тилегиниздерге жетип, Оскар алуунуздарга тилектешмин.
16.02.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мечтать не вредно дечи беле тайкелер. Эми кыялдана бергиле Оскар алавыз деп
17.02.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni.,эми эмне дегенин? кыргыздар бири-бирибизге колдоо корсотолу да, буттан суйроп, артка тартпай. аракет кылса, берекет дейт. мандацына жазса алат да. "ичи тар итине бок бербейт" деген биз болуп баратабыз, тобоо
16.02.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкысы пошлый эмес Энсиреген үйгө окшоп
17.02.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Астанадан кордум эле Салам Нью Йоркту. Казашка кыздар ушундай кыргыз жигиттеринен таап бердеп кино буткондон кийин кыйнашканы эсимде
18.02.2017. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөн гана ийгилик каалайм
18.02.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишенрге ийгилик!!! Тилегиниздер орундалсын."Салам Нью-Йорк"-тасмасын коргондон кийин элдин баары ордунан туруп токтоосуз бир несе мунот кол чапкан.Ошондо билдим элибизда жакшы нерсени баалай алышын,канча жолу театрга киного киргенмин бир да мындай корунушту коргон эмес элем.Кинодон чыккмндан кийин башкача дем,башкача дуйно коз караш менен чыкканмын.Дагы да соонун сапаттуу кинолорду кутуп калабыз.
18.02.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарткан кинолорунун баардыгы эн мыкты.Казак элине да жагыптыр,жакшы деген бааларын беришуудо.Дагы оркундоп осуп кыялынарга жеткиле демекчимин.
18.02.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
В поисках мамы- наивысшем уровне!!!
Молодцы. Горжусь что и у нас есть такие люди как Вы!
19.02.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыңар ийгилик,максатыңарга жеткиле!
19.02.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максатынарга жеткилечи айланайын
19.02.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам Нью-Юорк киносун коруп аябай ыйлагам ошол мезгилде уулум Америкада эле.Кийин уулум айтат менин жашоому тарткандай экен,озум коруп тан калдым деп.Чыныгы жашоодон алынган кинолорунар кобойо берсин. Ийгилик каалайм силерге.Жазып жатып да ыйлагым келип кетти.Уулуму элестетип.
20.02.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы ребята
20.02.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар!Ишиниздерге ийгилик,ден-соолук каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо