САРИЕВ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТТАНДЫ

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

Мурунку премьер-министр Темир Сариев президенттик шайлоого расмий түрдө аттанды. Мындай чечим "Ак шумкар" партиясынын 4-февралда Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. Жыйынга республиканын бардык аймагынан келген 200 делегат катышты. Президенттик жарышта кимди колдой тургандыктарын ачыктап экс-депутаттар Курманбек Осмонов, Чолпон Жакупова жана Эсептөө палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова да бул жыйынга катышты. Темир Сариев: "Өкмөт башчы болуп иштеп турганда өлкөнүн потенциалы жогору экенин көрдүм. Кыска убакыттын ичинде секирик жасай алабыз",- деди. Саясатчынын штабынан билдиришкен боюнча, жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймагында партиянын штабдары ачылып, аймактарда Сариевдин эл менен жолугушуулары уюштурулмакчы.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айына белгиленүүсү мүмкүн. Маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо күнү июнь-июль айларында аныкталат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо