КҮНӨӨНҮ САРПАШЕВГЕ ИЛИП КОЮШАБЫ?

№745 10-16-февраль, 2017-ж.

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди иштен бошотуу сунушун берди. Аталган катты өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго Башкы прокуратура 9-февралда жөнөттү. Сарпашев "Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы болгон Ульяна Пакка тиешелүү Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимине ылайык аресттен чыккан жерди каттоого көрсөтмө берген" деп айыпталууда. Жер тилке Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү-45-45А дарегинде жайгашып, анын аймагы 1 гектар 28 сотыхтан турат. Башкы прокуратуранын билдиришинче, райондор аралык соттун чечимин ишке ашыруу шаардык сот тарабынан 2016-жылдын 2-ноябрында токтотулган. Бул боюнча өлкөнүн башкы көзөмөл органы Сарпашевдин кадамына "коррупцияга каршы туруу" мыйзамын бузган деп баа берген.
Буга байланыштуу Тайырбек Сарпашев мындай деди:"Башкы прокуратуранын каты негизсиз. Мамлекеттик каттоо кызматы болгону каттоону гана жүргүзөт. Сот Мамлекеттик каттоо кызматты чечимин аткарууга милдеттендирип жаткандыктан, бул чечимди мамлекеттик каттоо кызматы 2016-жылдын 15-декабрында аткарды. Мындан улам жерди мурунку ээси болгон "ГлобалЭдвартайзинг" ЖЧКсына каттадык. Бакиевдердин мүлкү 2010-жылы улутташтырылып жатканда эмнеге бул жер калып калган? Бул суроого укук коргоо органдары калыс баа берет деп ишенем".
Эскерте кетсек, 3-февралда "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Сарпашевдин сөз болгон жерди каттоого уруксат бергенин сынга алып, кызматтан кетирүүнү талап кылган. Бабановду "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы да колдоого алган болчу.
Айыпкерди табууну соттордон эмес, анын чечимин аткарган Сарпашевден башташканына караганда бул адам бирөөлөргө тоскоол болуп жаткан көрүнөт деген ой жаралат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо