№745 10-16-февраль, 2017-ж.
Президенттин сөзү монтаждан кийин:
"Мына, нарындыктар – койсуңар..."
Монтаждалган видеодо контексттен керектүү учурлар гана ажыратып алынган. Көрүнүп тургандай, ажонун сөзү одоно бурмаланган.
Албетте, акыл-эси жайында адамдар өлкө башчысы мамлекеттин жарандары тууралуу мындай сөздү айтарына ишенбейт. Бирок оппонентин жаман көрсөтүү үчүн бир аймактын сезимдери менен ойноп, бирөөгө каршы коюп, ушундай балит технологияны пайдалануу жийиркеничтүү жорук. Техниканын өнүккөн шартында аудио жана видеону бурмалап, белгилүү бир адамды жаманатты кылуу оңой экенин бул окуя дагы бир ирет көрсөттү. Башкы прокуратура экспертизанын жыйынтыктарын толук иликтеп чыгып, укуктук баа берүү максатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөттү.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |