-

Кыргыз өлкөсүнүн Австриядагы элчиси болуп
БАКЫТ ЖУСУПОВ дайындалды.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылда 5253кө аз ЫМЫРКАЙ төрөлгөн. Ошондой эле былтыр мурунку жылга караганда ажырашуулардын саны 1380ге көп болгон.
-
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору болуп ШУХРАТ САБИРОВ дайындалды. Ал буга чейин Ош шаарында вице-мэрлик кызматты аркалап келген.
-
Жарандарга соттолгон же СОТТОЛБОГОНДУГУ тууралуу маалыматты 1 күндө даярдап берүү баасы 230 сом. Аталган маалыматты ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
-
2016-жылга карата өлкөдөгү Биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү кызматынын врачтарынын орточо АЙЛЫК МАЯНАСЫ 9 миң 379 сомду түздү. Бул маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында маалым болду.
-
2016-жылы өлкөдө кош бойлуу кезинде, ТӨРӨТТӨ жана төрөттөн кийинки мезгилде 47 аял кайтыш болгон. Бул көрсөткүч 2015-жылга караганда 23 пайызга аз.
-
Кыргыз мамлекетинин 73 АЙЫЛЫНДА уюлдук байланыш жок. Бүгүнкүгө карата уюлдук байланыштын 7,5 миллион абоненти бар, интернет колдонгондор 4,5 миллион кишини түзөт.
-
Өлкөдө ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН балдардын саны азаюуда. 2013-жылы 125 өспүрүм, 2016-жылы 95 өспүрүм суицидге барган. Анын тең жарымы ата-энеси менен урушуп кеткендиктен ушундай жолду тандашкан.
-
Өлкөдөгү ДАРЫ-ДАРМЕКТИН 97 пайызы сырттан алып келинет. Ал эми бул рыноктогу товар жүгүртүү жылына 10 миллиард сомдон ашуун сумманы түзөт. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Гүлмира Шакирова айтты.
- Чет өлкөлөрдө 757 миңдей КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ эмгектенет, анын көбү Орусия, Казакстан, Түркия жана Түштүк Кореяда жүрөт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg