ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРДЫ ДАРЫЛООЧУ АППАРАТ АЛЫНАТ

№746 17-23-февраль, 2017-ж.

2016-жылдын 7-майында "Жардам берүү оңой" коомдук фонду Кыргыз өлкөсүндөгү онкологиялык оорулар менен жабыркагандарды дарылоочу аппаратты сатып алуу үчүн "Өмүр үчүн 1 доллар" аттуу акцияны башташкан. Бүгүнкү күнгө келип эл арасынан чогулган акча каражаты 4 миллион 322 миң 785 сомду түздү. Сатып алуу керек болгон нур терапиясынын заманбап "TrueBeamVarian" аталыштагы аппаратынын баасы 3,5 миллион долларды түзөт. Акцияны уюштуруучулардын айтымында, аталган медициналык каражат сатып алынса, миңдеген оорулуулардын өмүрүн сактап калууга болот. Көрүнүп тургандай, учурда чогултулган сумма аппараттын баасына караандай элек. Бул маселени меценат Бабур Тольбаев колго алып, дарылоочу аппаратты 2017-жылдын аягына чейин өлкөгө алып келүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди. Аппараттын баасы кымбат болуп, элден чогултулган акча каражаты аз болгондуктан Бабур Тольбаев аталган сумманы төлөп берүүгө ортомчу катары жардам бермекчи. "Жардам берүү оңой" коомдук фондунун айтымына караганда, элден акча жыйноо жай жүрүүдө. Ушул темпте кетсе, аппараттын калган акчасын кайтарууга бир нече жыл керектелет. Мындан улам уюштуруучулар жалпы коомчулукту акцияга активдүү катышууну суранып, акча каражатын чогултууга жардам берүүгө чакырат.
2015-жылдын статистикасы боюнча өлкөдө рак илдети менен ооругандардын саны 24 821ге жеткен. Аталган илдетти дарылоочу медициналык аппарат Улуттук онкология борборуна акыркы жолу 1990-жылдары сатып алынган. Анын эскилиги жеткендиктен, айрым жеңил шишиктерди дарылоодо гана колдонулуп келүүдө.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо