КЭМРАН МЕНЕН ФЕРИДЕНИН МАХАБАТ БАЯНЫ

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

Бурак Өзчивит менен Фахрийе Эвжендин ар бир кадамын аңдып, кылтагына иле албай жүргөн түрк журналисттерине актёр: "Азыр той тууралуу планды иштеп чыга элекпиз. Ишибиз көп болгондуктан бири-бирибиз менен көрүшүүгө да мүмкүн болбой калды. Экөөбүз 2 айда бир ирет эле көрүшүп калабыз",- деп билдирген. Анда журналисттер тамашага салып "ошондо кызматыңарга байланыштуу кийинки жолугушууңар үлпөт тойдо болсо керек?" деп жооп алуунун аракетин көрүшкөн эле. Алар күткөн сенсация жаратчу жылдыздардын үлпөт тою ушул жылдын жай мезгилинде күтүлүүдө.

ФАХРИЙЕ ЭВЖЕН

Туулган жылы, күнү –
1986-жыл, 4-июнь
Жакшы көргөн мезгили – кыш.
Үй жаныбарларынан итти өзгөчө жактырат.
Сырт кийим – кафтандарды коллекция кылат.
Ырдоого шыктуу. "Эгер актриса болбой калсам, ырчы болмокмун" дейт. Пианинодо мыкты ойнойт.
Саякаттоону жана тоо коюнунда эс алууну жакшы көрөт.
Бала кезинен тартып спорттун баскетбол түрү менен алектенет.
Ата-энеси жана бир тууган эжелери Германияда жашайт.
Актрисанын кыялы – көп балалуу болуп, чоң үй-бүлө куруу.

БУРАК ӨЗЧИВИТ

Туулган жылы, күнү –
1984-жыл, 24-декабрь
Хоббиси – футбол ойноо, "Галатасарай" футбол клубунун оюндарын калтырбай көрүп, колдоо көрсөтүү.
Коллекциясы – ретро-унаалар.
Саясий изилдөөлөр багытындагы китептерди окуйт.
Унаа айдоодон эргүү алат.
Бош убактысын "Playstation" оюнун ойноо менен өткөрөт.
Жашоосунун маңызы – апасы.
Учурда Стамбул шаарында "Balibey doner" рестораны, продюсердик борбору бар.

Бурак:

"Сөз менен айтып бере алгыс сезим. Өзүңдүн ким экениңди көрсөтүү. Кайсы бир мезгилдерде сүйүүдөн башка эч нерсе маанилүү болбой калат. Менимче, бул сезим башка дүйнөдөн келет. Сүйүү мүнөт сайын жаңы окуяларды жаратат жана ал сенин өздүк тарыхың болуп калат.

Фахрийе:

"Сүйүү – эргүү жана кубаныч. Биздеги сезимдердин эң күчтүүсү – бул сүйүү. Жашоодо көп нерселер болот, бирок бир гана сүйүү тынчтык, кубаныч тартуулайт."


УШАКТАР ЧЫНДЫККА АЙЛАНДЫ

32 жаштагы Бурак Өзчивит менен 30 жаштагы Фахрийе Эвжендин сүйүүсү тууралуу кептер экөө "Боз торгой" тасмасында башкы ролдорду аткаргандан кийин башталган. Күйөрмандарынын "Кэмран менен Фериденин ортосунда чындыгында эле сүйүү мамилеси бар" деген пикирлери чындыкка окшошо баштайт. Бирок түгөйлөр мындай күмөн ойлорду четке кагып, аларды жумуш гана байланыштырып турарын айтышкан. 2015-жылы "Сүйүү сага окшош" мелодрамасында да түгөйлөрдүн ролун жараткан Бурак менен Фахрийе коомдук жайларда жетелешип, эл көзүнө көрүнө башташат. Бурак Өзчивит өзү продюсерлик кылган "Сүйүү сага окшош" тасмасынын бет ачарында: "Фахрийе экөөбүз башында мамилебизди ачыкка чыгаргыбыз келген эмес. Эл көчөдө жетелешкенибизди көрсө эрте билинип калабы деп чочуладык. Баарын тасманын бет ачарында айталы дегенбиз",- деп мамилелерин ачыкка чыгарган. Бурак "Сүйүү сага окшош" тасмасынын аталышы атайын Фахрийеге ылайыкталып коюлганын билдирген.

УЧУРДА ТҮГӨЙЛӨР ЖАРАНДЫК НИКЕДЕ ЖАШАШАТ

Буга чейин Бурак белгилүү журналисттин кызы модель Жейлан Чапа менен мамиледе болуп, мамилелери үйлөнүүгө баратат деген пикирлер бар болчу. Бирок алардын сүйүү романына 2014-жылы чекит коюлат. Түгөйлөрдүн кайчы жолго түшүшүнө Бурактын ишинин көп болушу жана тасмага тартылуусу себеп болгон. Ал эми Фахрийе өзүнөн кыйла жаш улуу түрк ырчысы, композитор жана режиссёр Өзжан Дениз мырзанын колуктусу болууга бел байлаган. Бирок түшүнбөстүктөр алардын ажырым жолго түшүүсүнө эшик ачкан.

МАХАБАТ ТУУРАЛУУ МАЕК...


Түркиянын журналдарынын бирине фотосессияга түшүп, эң алгачкы сезимдери тууралуу маек курушкан.
– Биз эң алгач "Боз торгой" тасмасын тартуу учурунда жолукканбыз. Ошондо эле сүйүү учкундары пайда боло баштап, акырындык менен күч алды. Кийин "Сүйүү сага окшош" тасмасына чогуу тартылдык. Бул ирет бири-бирибизди дагы жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мен Фахрийе менен биргеликте кино көргөндү жакшы көрөм. Ал эми Фахрийе мени менен жаратылыш коюнунда эс алууну жактырат. Биз үчүн Стамбулдагы эс алуучу жай – Босфор жээги. Ал жер кечкисин эс алуучу тынч жайга айланат. Биз үчүн сүйүүдөгү эң маанилүү нерсе – бул ишеним. Ишеним гана сүйүүнү бекем кармай алат.

БОЛОЧОК ЖАРЫНЫН КОЛУН СУРАП...

Албетте, бири-биринен сулуулугу, таланты жагынан кем калышпаган түгөйлөрдүн баш кошуу тууралуу чечими романтика менен коштолду. 2016-жылы 24-декабрда Бурак туулган күнүн Италиянын борбору Римде белгилеген. Туулган күн үчүн уюштурулган кечеде Бурак "боз торгоюна" тизе бүгүп, "менин жубайым болосуңбу?" деген сунуш киргизген. "Түбөлүк бирге болом" деген жооп үлпөт тойдун каалгасын какты.

"Боз торгой" тасмасында Кэмран менен Фериденин сүйүүсүн абдан кызыктуу ойноп, ачып беришкен.


Бурак сүйүктүүсүнүн колун суроо үчүн 90 000 түрк лиралык (25 200 доллар) бриллиант көздүү шакек алган.


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
01.03.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Боз торгой киносунда абдан укмуш ойношкон.Мага экоо тен абдан жагат. Бактылуу болушсун.
01.03.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боз торгой дегени королек птички певчья дегенби
01.03.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыз " ты мой дом" тасмасындагы кызбы?
01.03.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
экоо тен жагат. бирок боз торгой скучный кино.
01.03.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча серия ким билет?
01.03.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Неге Нихан менен эмес
01.03.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молкочо уулу го?
01.03.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ты мой дом деген кинодо Фахрие Озджан Дениз экоо ойнойт го.ошол кинодо кыз анча боенбогон,аябай сулуу эле.боенуп алса тааныбапмын бетиндеги калынан таанып калдым баягы кыз эмеспиии деп.
03.03.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Боз торгой. Суйуу сага окшош эки киносун тен коргом. Соонун кинолор Экоо бир бирине топ келишкен адамдар. Фахрие кинолордо сулуу корунот жашоодо боенуп журсо анча жарашпайткен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо