ШЫКМАМАТОВ УКМКГА СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго карата Башкы прокуратура козгогон иш боюнча эл өкүлү УКМКга 24-февраль күнү сурак берет. Башкы прокуратура 17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго УКМКдан келген документтердин негизинде "коррупция" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын иликтөөсүнө караганда, 2011-жылы Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов тарабынан кызматтык жеңил унааларды сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзүү буйругу чыккан. Комиссиянын төрагасы болуп аудитор Ж.Иманалиев тандалып, ал эми мүчөлөрдүн катарында ошол учурдагы аудитор Шыкмаматов да болгон. Прокуратуранын билдиришинче, комиссия тендер өткөрбөй туруп унаа сатып алуу боюнча жасалма келишим түзгөн. Шыкмаматовдун жубайына тийиштүү 2000-жылы чыккан Мерседес-Бенц Е 320 үлгүсүндөгү унаа Эсептөө палатасы тарабынан 14 миң 637 долларга, базар баасынан 4637 долларга кымбат сатып алынган. Козголгон иш боюнча Алмамбет Шыкмаматов "бул иш кылмыштуулукка каршы күрөшүү эмес, саясий каршылаштардын оозун басуу. Буга УКМКнын башчысы Абдиль Сегизбаев кызыкдар" деп комментарий берди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо