БОИНГ КЫРСЫГЫНЫН ЧЫГЫМЫ 195 МИЛЛИОН СОМДУ ТҮЗДҮ

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

20-февралда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Боинг учагы кулаган айылга барды. Өкмөттүк комиссия элден чогултулган гуманитардык жардамды жабыркагандарга тапшырып, айылдагылардын абалы менен таанышты. Абулгазиев учак кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар саналып, такталып бүткөнүн белгиледи. "Биздин эсеп боюнча материалдык чыгым 195 миллион сомду түздү. Мунун баарын Түркия тарап төлөп берет, андан сырткары алар жетим калган эки баланын да окуусуна жардам беришерин билдирди",- деди биринчи вице-премьер-министр.
Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясы окуядан бир ай өткөн соң алдын ала маалыматтарды жарыялашы керек эле, бирок андан азырынча кабар жок. СССРдин курамында болгон мамлекеттердеги авиакырсыктарды иликтеген "Эйрдизастер" уюму болсо кырсыкка төмөнкүдөй баа берди: "Саатына 370 чакырым ылдамдыкта келе жаткан учак белгиленген траекторияга конууну 200 метр бийиктиктен баштаган. Экипаж белгиленген аймактан өтүп кеткен соң жерге жетүүгө 30 метр калган. Жолдун бүткөнүн көргөн экипаж командири кайра айланып келип конууну пландаган, бирок автоматтык түрдө учак жерге жакындап аэропорттун бетон тосмосуна тийип, айылдын үстүнө кулаган болушу мүмкүн",- деп жазылат билдирүүдө. Ал эми МАКтын жыйынтыгы түрк тараптын түшүндүрмөсүнөн кийин жарыяланат.
Эске салсак, 16-январда болгон учак кырсыгында 39 адам каза болгон.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо