ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-февралдан 5-мартка чейин)

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде максаттарыңызга жетүүгө умтулсаңыз, ийгилик жылмаят. Дем алышта көп үй жумуштарын бүтүрөсүз, аны менен катар эс алууга убакыт табасыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жылдыздар апта башында сизге сапарга чыгууну сунушташат. Шаршембиде жеке жашоодо жаңы таанышуу орун алат. Ишембиде сапарга чыгууңуз күтүлүүдө.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада чечкиндүүлүгүңүз сизге ийгилик алып келет. Жума күнү таанышсам деп келген адамыңыз менен таанышасыз. Бирок ал купулуңузга толбойт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада өнөктөштөр менен мамилени жакшыртасыз. Бейшембиде ушактан улам жакындарыңыз менен чырдашып, териштирүү менен чындыкты таап чыгасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Арстандар үчүн дүйшөмбү, шейшемби ийгиликтүү күндөр, кризистик абалдан чыгуунун жолун табасыз. Жума күнү техникаларыңыздын бири бузулуп, чыгаша болосуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада көптөн бери чечилбей жаткан маселеңиз чечилип, кубанасыз. Ишембиде жагымсыз окуя орун албасын десеңиз, өнөктөшүңүз менен нике тууралуу талкуу кылбаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада организмиңиз вирустарга туруштук бере албай, ден соолугуңузга кам көрүүгө туура келет. Күнүмдүк рационуңузга көңүл буруп, витаминдүү азыктар менен тамактаныңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбү, шейшембиде эмоцияңызды көзөмөлдөп, тегерегиңиздегилер менен мамилени сактоого аракеттениңиз. Апта аягында энергияңыз азаят, иш пландабай туруңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта башында жакшы жаңылык угуп, алыстагы туугандар менен байланышасыз. Бейшембиде жумушуңузга кош көңүл мамиле жасабаңыз, тил угуп калууңуз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Энергияңыз ашып-ташат, аны туура жолго багыттасаңыз, ийгилик жаратасыз. Апта соңунда материалдык абалды оңдоо боюнча изденип, керектүү адамдар менен таанышасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада ишиңизге, үйдөгү абалга, жакындарыңыздын керектөөлөрүнө баам салып, жаңы пландарды түзөсүз. Ишембиде тааныштар конокко келиши мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Түшкөн сунуш боюнча дароо чечим кабыл албай, пайдалуу жагын ойлонуңуз. Шаршембиде буюм жоготуу коркунучу бар, сак болуңуз. Апта соңунда карыз алууга мажбур болосуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо