-

Бишкек жана Ош шаарларына
ЖЫЛУУЛУК берүү март айынын орто ченинде токтотулушу мүмкүн. Былтыркы жылы жылуулук берүү 10-мартта өчүрүлгөн.
-
5 жашар баласынын көзүнчө аялды ЗОРДУКТАГАН таксистти 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Тоң райондук сотунун өкүмү күчүн жоготуп, ишти Ысык-Көл райондук соту карамай болду. Маалыматты Ысык-Көл облустук сотунан кабарлашты.
-
1-марттан тарта 50 жана 100 сомдук ЖАҢЫ БАНКНОТТОР колдонууга чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
-
2016-жылы Кыргыз өлкөсүнөн 95,5 миллион долларлык тигилген буюмдар экспорттолуп, бул жалпы ЭКСПОРТ көлөмүнүн
7 пайызын түзгөн.
-
Кыргыз мамлекетиндеги ЭРКЕКТЕР аялдарга салыштырмалуу 7-10 жылга аз жашашат. Буга эркектердин арасында жыныстык органдарынын онкологиялык ооруларынын өскөндүгү себеп болгон. Муну Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
-
"Өрт өчүрүүгө колдонулуучу 1992-жылы чыгарылган жалгыз ТИК УЧАКТЫН эскилиги жетип, бузулуп жатат. Аны оңдотуу үчүн
1,5 миллион доллар керек",- деди өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
-
Өлкөдө РАДИАЦИЯ чыгарып турган 61 радиоактивдүү объект бар.
-
Аскердик соттун мурдагы төрагасы Нурлан Ашымбеков "50 миң доллар ПАРА алган" деп кармалды. Тиешелүү кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура маалымдады.
-
Мамлекеттик каттоо кызматы 1-марттан тартып ПАСПОРТ АЛУУДА бланкаларды толугу менен электрондук толтурууга өтөт.
-
Быйылкы жылы АЖЫЛЫК САПАРДЫН чыгымы 2 миң 600 доллардан ашпайт. Зыяратка баруу үчүн Ош облусунан 1 миңден ашуун адам, ал эми Нарын облусунан 1 адам электрондук кезекте турат. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов айтты.
-
Орусиядагы кыргыз ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ мекенине 2016-жылы 1 миллиард 938 миллион доллар которушту. Бул көрсөткүч 2015-жылга караганда 855 миллион долларга көп. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги берди.
-
Синоптиктер МАРТ АЙЫ өлкө ичинде нормадан жылуу жана жаанчыл болот дешет.
-
Бишкек шаарында жайгашкан АЯЛДАМАЛАР ушул жылдын сентябрына чейин толук оңдолот. Учурда 35 аялдаманы ижарага алган тараптар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүүдө.
-
Өлкөдөгү 77 миң МУГАЛИМДИН 25 миңге жакыны турак жайга муктаж. Бул маалыматты Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу парламентте айтты.
- Бишкектеги АВИАКЫРСЫКТАН жабыркагандарга чогултулуп жаткан акча каражаты 2-март күнү 94 миллион 637 миң 658 сомго жетти.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg