ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

№748 3-9-март, 2017-ж.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери, Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык өнүгүү жолуна түшүүсүнө чоң салым кошкон ишмер Өмүрбек Текебаевге Башкы прокуратура "коррупция" жана "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоду. Анда "Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкерден 2010-жылы
1 миллион доллар алып, "Альфа Телеком" ("Мегаком") ЖАКсын сатып алуу боюнча ыңгайлуу шарт түзүп бермекчи болгон"
деп айтылат. "Компания сатылбай калган соң акчаны кайтарбай койду" деп орусиялык ишкер Леонид Маевский УКМКга кайрылган. Бул иш боюнча тийиштүү материалдарды УКМК Башкы прокуратурага өткөрүп берген соң 25-февралда кылмыш иши козголгон. 26-февралда УКМК кызматкерлери Австриядагы ЕККУнун жыйынынан келе жаткан Текебаевди "Манас" аэропортунан, учактан кармап кетишкен. Башкы прокуратуранын берген маалыматына караганда, "Ата Мекендин" мурунку мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов да ушул эле иш боюнча "ортомчулук кылган" деген себеп менен кармалды. Оппозиция лидерине козголгон иштен улам анын тарапташтары адилеттүүлүк талап кылып УКМКнын алдына жана борбордук "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышууда. Ал эми 27-февралда Текебаевдин баш коргоо чарасын кароо максатындагы соттук отурум мурунку аскердик соттун имаратында өтүп, Биринчи Май райондук соту Текебаевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Мындан соң депутат Алмамбет Шыкмаматов фракцияны убактылуу жетектөө милдетин алып, "Текебаевдин тарапташтары жумасына 2-3 жолу митингге чыгып турат" деп билдирди.
1-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча маселе көтөрүлдү. Ага башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Көптөгөн суроо-жооп, талаш-тартыштардан кийин Текебаевге кылмыш иши козголуу фактысын жана анын кармалып, 2 айга камакка алынышы боюнча ишти Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия карап чыкмай болду.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо