«АПАМ БИЗ ҮЧҮН...» АТАКТУУЛАР АПАСЫ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРИШЕТ

№748 3-9-март, 2017-ж.

Энелер – бул дүйнөнүн түркүгү, эне бар жашоо уланып жатат. Ошол апалардын мээрими жер шарын огунан чыгарбай кармап тургансыйт. Баарыбызды жарык дүйнөгө алып келген апалардын 8-март майрамы да жакындап калган чагы. Апа – кимдир бирөө үчүн байлык, кимдир бирөө үчүн бейиш, а белгилүү инсандарыбыз апасы тууралуу эмне дейт болду экен?..

Алтынбек Максүтов, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри: «АРТИСТ БОЛУП АПАМДЫН КЫЯЛЫН ОРУНДАТТЫМ»

- Менин апам Созул Нарында медициналык училищеде окуп жүргөндө жакшы ырдагандыктан Жумамүдүн Шералиевдерге кошулуп алган экен. Анан туугандары "артист болбойсуң" деп алып кетип калышыптыр. Турмушка чыгып, мен төрөлгөндө "мен жетпеген кыялыма балам жетсин, элдин адамы болсун" деп тилек кылып ырчы Алтынбек Сапаралиевдин атынан Алтынбек деп атымды койгон тура.
Атам мугалим болгондуктан экөө тең бизди катуу кармады. Бирок мен бейбаш элем, тентектик кылып коюп, чоң апамдын артына жашынып алчумун. Союз кезинде электр чайнек болчу эле, апамдын ачуусуна тийсем эле ошол чайнектин шнуру менен сабап калчу. Апамдын тилегин орундатуу үчүн 3-классымда эле артист болом деп маданият тармагын тандагам. Бала бакчада жүргөндө гүл жасап апама белек кылып сүйүнткөм. Андан кийин 9-классымда чөп чаап акча таап, япон жоолугун сатып берип кубантканым эсимде. Ал кезде япон жоолугу мода болчу, тим эле көйнөгүнө батпай сүйүнгөн. Окууну бүткөндө "сени элдин адамы кылам" деп шаарга окууга тапшыртканы өзү жетелеп келген.
1993-жылы Москвадан окууну аяктап келгенде артисттер эле эмес, жеке ишкерлер да кыйналып жашап жаткан кез болчу. Ошондо да апам "кокуй, башка жумушка азгырылып кетпе, акчасы аз болсо да өз кесибиң менен иште, биз жардам беребиз" деп колдоп турду. Азыркыга чейин жумушума көз салып, акыл-насаатын айтып турат. Өзү фельдшер болуп иштеп жүрүп пенсияга чыкты, 5 баланы тарбиялап тууруна кондурду. Апамдын кыялын ишке ашырганыма кубанам. Мындан артык апама эч нерсе кылып бере албадым, ошентсе да айлык алган сайын алдынан апама белек алмай адатым бар. Мындан ары да мага жол көрсөтүп көп жашаңызчы, менин жол башчым апакем.

Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «АПАМ НАГЫЗ ДЕМОКРАТ, ОШОН ҮЧҮН ЭРКИН СҮЙЛӨП ЧОҢОЙДУМ»

- Апам учурда 73 жашка таяп калды, Кудайга шүгүр, саламаттыгы жакшы, аты Ырыс. Биз аны тамашалап "Аскар Акаевдин классташы" деп коёбуз, анткени мурдагы президент менен жашташ, бир жылда төрөлгөн. 8 баланы тарбиялап чоңойтту, 2 кызы, 6 уулу бар, эң кенжеси мен. Гезиттерди калтырбай окуп, телевизорду көп көрөт, ишенбесеңиз Мирбек Атабеков менен Нурлан Насиптин акыркы жаңылыктарын сурап көрсөңүз, адашпай айтып берет. Ар ким өз апасынын асыл сапаттарын түбөлүк эстейт эмеспи, менин апам балдарын уруп-сабаганын такыр көрбөдүм, айкөл адам. Шоктук кылган учурда да жакшы сөз менен дароо жайыбызга койчу. Балдарын көк ала кылып сабагандарды көргөндө дароо апамды эстейм, ыраазы болом. Балким, өз оюмду ачык айтып, тартынбай өскөн табиятым апамдын ушул тарбиясынан окшойт.
Көп убакыттан бери бир буту айылда, бир буту шаарда жүрөт. Айылды такыр кыялбай койду, "кокуй, Патила досум эмне болду, кокуй сары уюбуз тууй турган убакыт келди, тоокторум ачка калды, көк бээнин кулуну аксап калды эле" деп өзү шаарда жүрсө да, көңүлү айылда. Азыркыга чейин бизди бала көрөт, "курсагың токпу, ачка жүрбө, акчаң барбы?" деп апам чалса, депутат коллегаларым күлүп калышат. Айылда жүргөндө тамак азыраак болуп калса "мен азыр эле тамактанып алдым эле, силер жегиле" деп өзү ныпым ооз тийбей, ачка калса да бизди тойгузуп жүргөнүн азыр бир туугандар эстеп, ыраазы болуп калабыз.
Апам өмүрү учакта учпаптыр, бир ирет Бишкектен Ошко чогуу учуп калсак, "жүктү багажга бербейм, буларың жоготот" деп чыкса болобу. "Ой, апа, муну Оштон алабыз" десем, "жок, жаныма кармап алам, неберелериме таттууларым бар, самолётто адашат" деп көнбөйт. "Муну жаныңызга алганга болбойт" деп аэропорт кызматкерлери күлүшөт, ошентип ишенбей жатып араң көндүргөм. Байкуш апам азыр да шаарга келсе пенсиясын алып, ар бирибизге сары май, курутун көтөрүнүп келет. Апам көп учурда шаарда болгону үчүн айылга барганда курсагым жакшы тойбой жүрөт. Анткени апамдын очокко заматта жасай салчу тамактары, анын даамы баары бир салыштыргыс болот экен. Айылга барганда мага азыр апамдын наны, тамагы жетишпей, көөдөн толбой кайтчу болдум. Дүр-дүнүйө жасалган дасторкон турса да, апаңдын колунан жасалган бир кесе тамактын орду такыр башкача болот тура.
Чынын айтайын, апамдын дагы бир бактысы – бул келиндери болду. Мына, жеңелеримдин баары апамды өз апасындай көрүп, күн-түн дебей көңүлүн карап, жуунтуп, тарантып, ысык чайын берип, уулдарынан артык карашат. Жашы улуу кишиге жылуу сөз, көңүлдөн артык эмне бар? Мени болсо аяганы аяган, кээде "Ош базарга" ээрчитип түшүп көйнөк-жоолук сатып алабыз, ошондо да "балам, кымбатын тандаба, акчаңды үнөмдө" деп мени аяп турат. Гезитке чыккан бардык сүрөттөрүмдү кыркып, чогултуп, сары майдай сактап алганын көрүп, "эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада" деген макалдын таамайлыгын эстедим. Айтор, азыр баарыбыз ата-энебизге кандай мамиле кылсак, эненин кадырын баалай билсек, анын баары өз балдарыбыздан кайтары турган иш. "Бейиш эненин таманында" деп бекеринен айтылбаса керек.

Бактияр Токторов, ырчы: «8-МАРТТА АПАМА АДЫРДАН БАЙЧЕЧЕКЕЙ ТЕРИП БЕРЧҮМҮН»

- Апамдын кесиби мугалим болгондуктан мектепте жакшы окудум. Бирок аябай тентек элем. Сырттагы шоктукту айтпай эле коёюн, үйдө да бирдемени сындырып, бүлүндүрүп эле басып жүрчүмүн. Айрыкча апамдын кийим тиккен машинасынын жанын койчу эмесмин. Бузуп, ийнесин сындырып коюп көп таяк жейт элем. Анан да таттууну аябай көп жечүмүн. Апам момпосуйду кайда катпасын таап алып жеп салчумун. Үйгө конок келгенде дасторконго койгонго таттуусун таппай эле кайсалактап калчу. Бирок эс тартып баштаганда нан жапса тандырга от жагып жардам бере баштадым. Мектепке дайыма кечигип барып капа кылганым менен, майрамдарда комуз менен ырдап берип кубантчумун. 8-мартта адырлардан байчечекей терип келип, апама берип куттуктайт элем. Мен ырчы болуп ырларым теле-радиолордон берилсе, көзүнө жаш ала кудуңдап кубанар эле. Апаларыбызды ушинтип бирде кубантып, бирде ыйлатып өзүбүз картайтып алат турбайбызбы. Өзүм үчүн үй салдым, үй-бүлө күттүм, ырдап күйөрман таптым, бирок апам үчүн ооз көптүрүп айта турган эч нерсе кыла алган жокмун. Апам байкуш ага да ыраазы. "Силердин турмушта өз ордуңарды таап, бактылуу болгонуңар мага чоң белек" дейт биздин аман жүргөнүбүзгө кубанып.
Апамдын оорубай арабызда жүргөнүнө сүйүнөм. Дайыма телефон чалып, ал-акыбалын сурап турам. Бирок мага караганда 70 жаштагы апам көп чалат. Телефонуна дайыма бирдик салып турам. "Эненин жүрөгү сезимтал болот" деген чын экен. Бирдикти кайсы баласы салганынан өйдө билип коёт. Ооруп калсам, кырсыктап калсам да сезет окшойт, дароо чалат "балам, кандайсың, эмне болдуң, жакшы элесиңби?" деп. Бир жолу жол кырсыгына кабылып, нес абалында турсам апам "жакшы элесиңби?" деп чалып жатпайбы. Мени периштедей коргоп жүргөн апама арнап төмөнкү ырды жаздым.

Наристе үнү угулса, кубанат апа жүрөгү,
Периште сылап өткөндөй нурданат апа жүрөгү.
Эркелеп бала жылмайса, эзилет апа жүрөгү,
Эрмендүү чөлдө булактай сезилет апа жүрөгү.
Апакем, асыл жүрөгүң түгөнбөс мээрим мүрөгү,
Күндүзү дагы, түндөсү уктабайт апа жүрөгү.

Кенже Дүйшеева, ырчы: «17 ЖЫЛДАН БЕРИ КӨЗ ЖАШЫМДЫ ӨЗҮМ СҮРТҮП КЕЛЕМ»

- Апам Каныкей оор басырыктуу, айкөл адам эле. Азыр ойлосом баарын ичине сактачу экен. Жадакалса ооруп кыйналып турса да оорудум демек турсун, кабак-кашын бүркөп койчу эмес. Жалгыз болуп оор турмушту көргөндүктөн балдарына такыр катуу айтып урушкан жок. 10 баласынын ичинен мага көбүрөөк көңүл бурчу. Анткени мен 7 айлык болуп төрөлүп, апамды бир топ эле түйшүккө салсам керек. Тамак аз жегендиктен кичинекей болчумун. Эртең менен мектепке жөнөгөнүмчө уйду саап, сүттү бышырып, өз колу менен ичирип, анан сабакка жиберчү.
Эсимде, бир жолу ойноп жатып менден чоңураак бала таш ыргытса башыма тийип жарылып кеткен. Ошондо да "балаң кызымдын башын жарып койду" деп башка аялдардай болуп чаң салбай, ата-энесине акырын түшүндүрүп айтып, чыркырап ыйлап жаткан менин жашымды аарчып, башымды дарылап, бооруна кысып уктатканы көз алдымда. Ойноп жүрүп эжем сууга агып кеткенде куткарып үйгө алып келген экенмин. Ошондон кийин "менин баатыр кызым" деп калчу. Тез кыймылдап, чечкиндүү болгонум үчүн мага ишенип турчу. Анан "бетке чабарсың, ошонуңду оңдо" деп көп айтар эле.
Мурун ыйласам апам жашымды аарчып сооротсо, 17 жылдан бери көз жашымды өзүм сүртүп, өзүмдү өзүм сооротуп келем. Мен кааласам да, каалабасам да жаз мезгили, алма гүлдөгөн учур ата-энемди эске салат. Анткени жазында атамды, 15 күндөн кийин апамды жоготком. "Алма гүлү ачкан кезде, ата, сизден айрылдым, алма гүлү төккөн кезде, апа, сизден айрылдым" деп ата-энеме арнап ырдагам. Ырды арнап койгон менен бөксө жериң толбойт экен. Жаз келген сайын апамды эстеп сагынам, апамдыкындай мээримди издеп келем. Эненин ордун эч ким баса албайт тура. Болгону түшүмдө апам менен кезигишип, сагынычымды таркатам. Аян берип турат, апам түшүмө кирсе сөзсүз бир ийгиликтерди багынтам. Мурун ачууга алдырсам азыр апамдай чечкиндүү, акылдуу, сабырдуу болуп, апам көрсөткөн жол менен баратам. Апам менин кумирим.
Апа, сен кеткенде 24 жаштагы ак-караны ажырата элек кызың турмуштун ысык-суугуна бышып, эне болуп отурат. Апам тирүү болгондо быйыл 74чү жазды тосмок экен. Аттиң, менин арманым апакем.

Улан Молдодосов, спортчу: «АПАМДЫН АРАКЕТИ МЕНЕН ИЙГИЛИК ЖАРАТЫП, 20 ЖЫЛ СПОРТТО ЖҮРДҮМ»

- Бардык эле энелер менин апамдай бала дегенде ичкен ашын жерге коёбу же дүйнөдө менин эле апам камкор, менин эле апам мээримдүү, менин эле апам сулуубу? Чоң эле жигит кайдагы жаш баланын сөзүн айтат дебегиле, апам үчүн мен дале баламын. Менин белгилүү спортчу болгонума да апамдын салымы чоң. Ал мен үчүн баарына даяр. Эсимде, мектепте окуп жүргөндө мелдешке Токтогулдан Кара-Балтага келгем. Ошондо апам артымдан келип, мелдеш жүрүп жатканда мени көрүп сүрдөп кетпесин деп акмалап карап турган экен. Карап эле турбастан жүрөгү менен менин жеңишке жетишүүмдү тилеп турган.
Спортчулар үчүн колдоодон сырткары тамак-аш 1-орунда болот. Апам өзү витаминдүү азык-түлүктөн түрлөп тамак жасап берчү. Муздак суу ичирбей, бактагы жер-жемиштерди кургатып шербет жасап койчу. Анын аракети менен ийгиликтерди жаратып, 20 жыл спортто жүрдүм. Менден кийинки 2 иним да спорт жаатында ийгиликтерди жаратып, өз ордуларын табышты.
Апамдын кесиби бухгалтер, бирок бүт убактысын бизге арнап, өз кесиби менен иштеген жок. Ал 62 жашка чыгып калыптыр, ушул кезге чейин бизди эч урушпады. Жалаң мээрим төгүп эркелетип гана тарбиялаган. Апама караганда атам кичине какус-кукус кылып койчу. "Мырза апасына окшош кыз тандайт" деген чын экен. Азыр жубайым апама окшоп токтоо. Ага караганда мен 2 баламды кээде урушуп калам. Апам менин спортто жараткан ийгиликтеримдин башаты.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(31)
08.03.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ар дайым бар болушсун Апакелер!!!
08.03.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апалар аман болсун!
08.03.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апаларыбыз аман болушсун!!!
08.03.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кенже эжени аябай тушуном. Мен да былтыр 24 жашымда энекемсиз калдым. Аябай сагынып куса болом, бирок тушумдо энекемди коруп сагынычымды таркатам. Айтайын дегеним апанарды тируу кезинде сыйлагыла, журокторун оорутпагыла, дайым бир тал роза болсо дагы берип, конулун которуп тургула. Энесиз жашоо-карангы! Энекелер, майрамыныздар менен!
08.03.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кенже эжени аяп кеттим
08.03.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апаларыбыз дайыма ден-соолукта, тынч болушсун.
08.03.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бактияр Токторов туура айтыптыр. Озу учун бар жокту кылып энелер учун эч нерсе кыла бербейбиз да, эххх...
08.03.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанар азаматсын!
08.03.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апалар аман болсун. Эч качан оорубасын! Апамды сагынып кеттим окуп жатып.
08.03.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Ошондо эмне жанар Акаев Аскар акаевдин баласы эмеспи. Мен майрам Акаева менен аскар акаевдин баласы деп журсом
08.03.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
izdeim.seni, жок ай ошолордун эле баласы, бул чон энеси да, ата-энеси алыстада коптон бери.
08.03.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Namystan,Доорубочу коп
08.03.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
mentol, ахахах тамашалап жатпаймынбы, журокко жакын албаныз
08.03.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Namystan,боорду эзесин да! Апалар аман болгула, оорубагыла, ар дайым журогунор кубанып турсун.
11.03.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
izdeim.seni,Аскар Акаевдин баласы эмес,Супер Инфону кобуроок окуп замандан артта калбаныз :)
08.03.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апалардын ордун эч бир жан баса албайт,
апалар бар биз бактылуубуз !!!
08.03.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай гана керемет 3 тамгадан соз АПА........апалар бактыбызга аман болушсунчу ар дайым...эчкачан коз жаш токпосун.
09.03.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Эне жылмайса дуйно жылмаят".Барыбыздын бактыбызга апаларыбыз аман болушсун!
09.03.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен да апамды сагынып куса болом, анын мээримин эч жерден таба албадым ... мен да апамдан 15 жашымда айрылгам. Козу тируу болгондо майрамды чогуу тосот элек аттин...
09.03.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман болсун алтын апаларыбыз оору сыркоодон алыс болушсун.Энелер дуйнонун туркугу
09.03.2017. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанар Акаев
Алайдан болот.
09.03.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apalar bar bolsun
09.03.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апалар бар болушсун Жанар Акаев мыкты азамат жакшы адамсыз ийгилик. Аллахым апаныз омур жашын узак кылсын.
10.03.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazgul90,Жанар балашка ой баклашка беле,шефи койгон ат
10.03.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekizmin, далилсиз маалымат жазып, башкалардын башын чаташтыруудан алыс болуңуз. Эскерүү!
10.03.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бу акаюп дегенинер парламентте суйлоп суйлоп эле коет экен. Же анысы ишке ашсачы.... жон эле койбоптур да. Урматуу депутаттар минтиш керек , антиш керек дейт купулдоп же б коллегалары тоботуп койсочу балашканы... дагы айтайын десен бан деп чыга калат да бул немелер...
11.03.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тообо темаданда коменттер ха ха го апалар аман болушсун ар дайым
11.03.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелер коп жашасын,бактылуу,омурлуу болушсун,эч качан оорубасын,энелерибиз такыр капаланбашса экен дайыма кулуп эле журушсун Кудайым Буюрса Ин Шаа Аллах.
12.03.2017. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апалар аман болушсун. Жандарында жолок болгон аталар аман болушсун
13.03.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
calam baryna!!kenje eje en tuura enenin ordun ech kim basalbait,men 19 jawymda apam otkon..oz jawymdy ozym archyim dep tura jazdynyz.Balany echkim enesi chalyk suyboyt,jaratkan ozu eneni meerimdyy kylp koetken..azyr bir uul,kyzym bar jawym 26 da azyrtadan kudaidan tileim baldarymyn baktysyna omyrym uzun bolsun dep,jawoodo enen bolso ech jenilbeisin al senin utuwun..demekchi,ardauym toka aldyga!!!bary ketet konyl kalat baarybyz enelerbi barktap syilayly!!!
13.03.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алтынбек МАКСУТОВ минисрликтен кеткенине коп болдуго анан эмнеге Алтынбек Максүтов, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри: деп журот тушуно албадым же ЭКС дегенин унутканбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо