HI-TECH КАБАР

№749 10-16-март, 2017-ж.

GOOGLE МҮЧҮЛҮШТҮК ТАПКАН КАРДАРЫНА 30 МИҢ ДОЛЛАР ТӨЛӨЙТ


Google компаниясы өз продукцияларынан мүчүлүштүк же ката тапкан кардарлар үчүн сыйлык акынын көлөмүн жогорулатты. Интернет-гигант компаниянын маалыматтар базасынын кодун ачууда же коргоо элементтеринде мүчүлүштүктөрдү тапкан колдонуучусу үчүн 30 миң доллар төлөп берет. Мындай кызыктыруунун себеби учурда компанияга хакерлердин чабуулдары күн сайын өсүп жатканында.

ДРОНДОР ЭМИ ГҮЛДӨРДҮ ЧАҢДАШТЫРАТ


Ойлоп табуудан тажабаган япондор кадимки камера коюлган учуучу дрондорду гүлдөрдү чаңдаштырууга ылайыктап жасаса болорун көргөзүштү. Көлөмү 5 сантиметрге жетпеген учуучу дрондорго атайын желим аркылуу жүн жабыштырылып, анын үстүнө суюк гель куюлат. Ал илешчээк болгондуктан гүлдүн чаңчаларын экинчи гүлгө жеткире алат. Окумуштуулар бул тажрыйбаны өсүмдүктөргө сынап көрүп, ал ийгиликтүү ишке ашты.

ЛЕГЕНДАРЛУУ MOTOROLA RAZR V3 БҮКТӨМӨ ТЕЛЕФОНУ КАЙРАДАН ИШТЕЛИП ЧЫГАТ


"Lenovo" компаниясы легендага айланган телефондордун бири Motorola RAZR V3 бүктөмө телефонун кайрадан техника рыногуна алып келет. Аталган компаниянын башчысы Яна Юанцин мурдагы Motorola компаниясынын даңкын кайрадан жаратууну пландоодо. Анын айтымында, Motorola бренди менен чыккан телефондор заманбап талаптарга жараша кайрадан жасалып, бирок Lenovo бренди менен рынокко чыкмакчы. Motorola RAZR V3 бүктөмө аппараттары 2004-2005-жылдары популярдуу болуп, ошол учурда көпчүлүк үчүн кол жеткис болгон. Анын эсине 2 же 3 мелодияга чейин батып, фотоаппараты башка телефондорго салыштырмалуу кыйла сапаттуу болчу.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
14.03.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх моторола сага жетиш үчүн 2 ай иштегем
15.03.2017. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен моторолага жетпей эле калгам....Эми буюруса алам го.
15.03.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дал ушул телефонду 2008жылы колдонгом. 14мегабайт памят радио жок болчуу. Флеш окуйт 2гига. 2мегапихел камера абдан тунук тартчуу. Анан ар 2-3айда эле программадан чыгып кете берчуу аны 200сом менен киргизет элем.
15.03.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Моторолла смартфондору чыкпай калганы менен, ушул бренддин рациялары азыркыга чейин популярдуу жана сапаттуу.
16.03.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мүчүлүштүк деген эмне?
16.03.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Afina,кемчиликтер го деим
17.03.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Super.kgден косяк тапсан адамга 30$ төлөп берсе.)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо