КАРТОШКАНЫН КАЙСЫ СОРТУН ЭКСЕҢИЗ УТАСЫЗ?

№749 10-16-март, 2017-ж.

Картошка эл ичинде бекеринен "экинчи нан" атка конгон эмес. Анткени тамак-ашка эң көп колдонулат. Учурда жаз мезгили келе жатканына байланыштуу картошканын сорттору жана аны өстүрүү тууралуу маалыматты "Агролид" коомдук бирикмесинин агроному Азамат Касеев бермекчи.


ЭҢ КӨП ЭГИЛГЕН СОРТТОРУ


ЭҢ КӨП ЭГИЛГЕН 4 СОРТ

– Кыргызстандын дыйкандары өздөрүн өлкөбүздөгү урук менен камсыздашат. Бирок жаңы жана көп түшүм берүүчү картошканын кээ бир сортторунун уругун Германия, Нидерланды (Голландия) жана Орусиядан импорттойбуз. Аны өстүргөндөн кийинки түшүмдүн 30 пайызы кошуна мамлекеттерге экспорттолуп, калганы өзүбүздө калат. Агрономдордун маалыматына караганда, өлкөдө 30дан ашуун картошка сорту бар. Алардын санте, желли, пикассо жана ривьера дегендери кеңири таралып, эба, марлен жана агаве деген сорттору да көбүрөөк пайдаланууда. Статистикалык маалыматтарга караганда, өлкө боюнча өндүрүлгөн картошканын 40 пайызы Ысык-Көл облусуна туура келет.

1 УРУКТАН КАНЧА ДААНА АЛСА БОЛОТ?

– Картошканын санте сортунун 1 даана уругунан 30-35 даана картошка алса болот. Кээде жердин күчүнө жараша 20 даанага эле жетип калат. Бышканга чейин 3 ирет сугаруу талап кылынат. Кээ бирлер август айында бышып калды деп суу койбой коёт, бирок ошол учурда да бир жолу сугарса картошкага масса кошулат.
Ал эми картошканын пикассо сортунун уругунун 1 даанасы 15 даанага чейин түйгөнгө жөндөмдүү. Анын саны аз болгону менен, көлөмү чоң, демек, салмагы оор болот.
Желли сортунун сабактары жоон болот жана бою да бийик өсөт. Анын 1 даана уругунан 14-20 даанага чейин түшүм алса болот. Ал да пикассо сыяктуу оор салмакка ээ.
Ривьера сортунун 1 даана уругу 15 даанага чейин байлайт. Сабагынын бою жапыз болуп, ооруларга туруксуз келет.

КАЙСЫ СОРТУ КАЙСЫ ТАМАККА КОЛДОНУЛАТ?


– Тамак-ашка колдонулушуна келсек, пикассо кууруганга, фриге, санте менен желли тамактын баарына колдонула берет. Ривьераны толук бышканча күтпөй казып кууруса, абдан
даамдуу болот. Негизи бардык тамакка колдонууга багытталган.

Бектур Токтоноев
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(13)
14.03.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биз кызыл картошка,ак картошка деп эле атап "ура"беребиз го.Эми мынантип шумдуктуудай болуп аттары чыгып...
14.03.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы
14.03.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Biz kartoshkanyn chele gebiz oshol jakwy
14.03.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз жылыга озубуздун картошканы эгебиз бирок атын билбейм.
Бир түптөн минимум 5 максимум 15 данаага чейин алабыз. Колому аябай чон чон болот.

5-6 соток жерден 2-тоннага чейин берет
14.03.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lion., анан даамы да сонун и сууга бышканда эзилбейт
14.03.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атын азыр жаттап алсак деле эки тур картошканы корсом айырмалай албайм кызыл,ак деп эле болуп койом
15.03.2017. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен бала кезде козу кызыл картошканы канча тердик, ошол кезде 2 тур болоор эле ак анан кызыл агы кардинал деген кызылы пикассо! Желли мага жакпайт эзилип кетет го оливье жасасан (((
16.03.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ривьера картошкасын кайдан тапсак болот мумкун боло билип бере аласыздарбы?
17.03.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Невский деген тамактын баардык туруно жарачу,,эле даамду азыр шаардан сатып жейбиз сеппейбиз..желли деп алып калабыз...
19.03.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайдын картошкасы кайсы сорт?! Сары тусто ири ири картошкалар бар, анан кызыл тустогу Алай картошкасы да болот. Билгендер сортун жазып жибергиле...
CEO түзөттү 2017-03-19 09:35:04
19.03.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык туру бар Кобунчо Санте эгишет тез тез урукту алмаштырышат
20.03.2017. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баалары коз кытыштырат го! А так,суйом да картошканы....олло....обожаю!
22.03.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санте уругун кайдан алсак болот екен жакшысын 3 тонна керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо