БАКИЕВ АКАЕВДИ СЫЙЛАЙМ ДЕДИ...

№749 10-16-март, 2017-ж.

100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Апрель революциясына 1 айдан кийин 7 жыл болот. 2010-жылдагы Бакиевдин бийлигине чейинки оор абал, элдин октон жалтанбай көтөрүлүп чыгуусу жана андан кийин өлкөнүн түштүк аймагында орун алган кандуу окуялардын жарааты бүгүнкү күнгө чейин айыга элек. Бирок Курманбек Бакиевдин ушул жумада "Азаттык" радиосунун Беларусь кызматына берген маегинен анын жоопкерчиликти сезмек түгүл өзүнө карыш жолотпой турганын байкоого болот. Ал интервьюда бир канча жолу Апрель окуясын куралдуу төңкөрүш деп атап, Ак үйдүн алдына митингге чыккандарды "бандиттер" деп атады. Өлкөсүнөн куулган Бакиев андан мурун бийликтен куулган Аскар Акаевге болгон мамилесин да айтып берип, аны окумуштуу, мамлекеттик ишмер катары сыйлайм деди. Быйылкы жылы Кыргыз өлкөсүндө өтүүчү президенттик шайлоого байланыштуу талапкерлердин арасынан президенттикке татыктуулар бар экендигин билдирди. Маектешкен журналист Курманбек Бакиевге карата "президент мырза" деп улам кайрылганы дагы коомчулуктун көңүлүнөн сыртта калган жок.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  30 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо