Санжар Мыкыев: "3 ТИЛДЕ ЭРКИН, ЭНЕ ТИЛИМДЕ АКЦЕНТ МЕНЕН СҮЙЛӨГӨНҮМӨ ЖИНИМ КЕЛЧҮ"

№750 17-23-март, 2017-ж.

– Кандайсың, Санжар? Чыгармачылыкта талыкпай эмгектенип келе жаткандардын бирисиң, негизги принцибиң кандай?
– Жеке менин чыгармачылыгымда, өзүмдүн компаниямда иштеген жигиттерде дагы чыгармачылык 1-орунда болуш керек деген негизги принцибибиз бар. Ар бир адамдын жашоосунда үй-бүлөсү, карым-катышы, анан карьера деген 2-тарабы бар.
Чыгармачылыкты 1-орунга койгон үчүн "Тамашоу" курама командасы күчтүү бир машина элек. Сынактардын көбүндө биринчиликти берчү эмеспиз. Астана, Москва, Сочиде чогуу жүргөн балдар ар кандай себептерден улам тарап кеттик. Бирок Азамат Исмаилов экөөбүз "Ушул балдар тарап кетпей, чоң компания ачып, өзүбүзгө өзүбүз иштейли. Эмнеге биз башкаларга иштешибиз керек?" дедик. Анткени ал учурда кызматын сунуштаган чыгармачыл компаниялар бар болчу. Алар биздин балдарды чакырып иштетишчү. Биздин идеяны көбү колдоду, бирок өздөрүнүн ыңгайына карап бөлүнүп кетишкен. Ошентип, мен "Tamadalar group" деген компания ачкам.

– Сен жетектеген компаниянын аты кино тармагына да аралашып жүрөбү?
– Ооба, компаниянын ичинде бир нече багыт бар. "Ак өргө city" командасында ойногон Эрмек Таалайбеков, Белек Турганов деген жигиттерден "кино тартпайлыбы?" деген сунуш түштү. Жигиттер сценарийин түзүп, киного режиссёрлук кылышса, мен каржыламай болдум. Ошентип "Курут" тасмасын тарттык. Эл жакшы кабыл алды. 2-кинобуз чет өлкөдө тартылды. Келишим боюнча азырынча айтууга укугум жок, буюрса, сатыкка чыкса көрөрмандарын көп топтойт деп ойлоп жатам.

– Өзүңө карата айтылган сын-пикирлерди, терс көз караштарды угуп каласыңбы?
– Көрө албастар, артыңдан ар кайсыны айткан адамдар болбой койбойт экен. Ар дайым кеңешчү агалар, жөлөк-таяк болчу ишенимдүү үй-бүлөм болбосо мен дагы ачууга алдырып же таарынып башка чөйрөгө кетип калууга аракет кылмакмын. Мен ар бир кетирген катамдын үстүнөн иштейм. Жаш ишкерлер ассоциациясы бар, аптасына бир жолу жолугушууларды өткөрүп турабыз. Адамзаты буга чейин ишкерликте кандай катачылыктарды кетирген деген сыяктуу талкууларды өткөрүп келебиз. Кандай болгон күндө да мода кырк жылда бир кайталанат деп айтылат го. Биз азыр жасап жаткан иштерди адамзаты буга чейин деле кылып келген, кыла берет. Болгону катачылыктар кайталанып кетпешинин алдын алгыбыз келет. Баарын кыйратып жатам, баары укмуш дегенден алысмын. Ишеним күч болуп, көп акча жумшап, оюм оңунан чыкпай калган да долбоорлор болгон.

– Ошондо долбоорлорду каржылоо сенин чөнтөгүңдөн кетеби?
– Ар кандай. Көбүнчө өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен каржыланат. Продукция чыгарган компаниялар сөзсүз жарнамага муктаж. Алардын продукциясын чоң аудиторияга жарнамалоого бизде жакшы мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, телекөрсөтүүлөр, кино аркылуу дегендей. Биз эми илгеркидей "студент элек, байке, жардам берип коюңузчу, акчабыз жок" деген мезгилден өтүп кетпедикпи.

– Эртеңки күн менен жашаган адамсыңбы?
– Бизде мындай тарбия бар, дайыма жашаганга даярданабыз. Кантип? "Насыямды төлөп бүтсөм эле жыргап кетем. Машина алсам мындай кылам. Азыр бул ишти бүтүрүп алайын, анан тигиндей кылам" деп отуруп карып кетебиз. Андай кылбай, бүгүн эмне маанилүү, ошого басым жасаганды унутпашыбыз керек. Кызым төрөлгөндөн кийин бул жашоого өзгөчө көз караш менен карай баштадым. Көрсө, жумуш эч качан бүтпөйт экен. Кудай канча өмүр берсе, тиричилик ошончо. Ошондуктан дайыма өзүмө убакыт бөлгөндү жактырам. Бул убакыт меники деп кээде телефонума келген чалууларга да жооп бербей коём. Кызым, жубайым менен чогуу болуп, кызымдын ар бир кадамын көз жаздымда калтырбаганга аракет кылам. Бул менин укмуш акылдуу болуп калгандыгымдан жасаган кадамым эмес. Менден улуу агалардын айткандары таасир берди.

– "Тамашоудо" ойноп жүргөн кезиң менен азыркы жашооңду салыштырып берсең...
– 2007-жылы биринчи жолу Бишкекке келгем. Жаңы келгенде ЦУМду жакшы билип алган экем. Бир жакка барыш керек болсо, каякта жүрбөйүн сөзсүз ЦУМга келип, анан ошол жактан маршруттук таксиге отуруп кетчүмүн. Бишкектин бардык жеринен мен барчу жерге транспорт барарын билбептирмин. Борбордо бир дагы тууганым жок. Биздин тукумдан биринчилерден Бишкекке келип байырлап калган мен болдум. 5 уулдун улуусу болгондуктан, кичинемден эле ата-энемди кыйнабай баарын өзүм жайгарганга аракет кылчумун. Турак жайым же жашап турганга туугандарымдын жок болгондугу менин эртерээк кыймылдап бутума турушума түрткү болду.
Борборго келгениме 10 жыл болду. Азыр, Кудайга шүгүр, үйүм бар. Алайдан келгендин баары меникине келет. Үчүнчү иним менин үйүмдө жашап, окуп жатат. Иним мен көргөн кыйынчылыкты көргөн жок. Мен үчүн бул чоң жетишкендик. Мырза катары алдыма эмне максат кылсам, баарын аткардым. Үчүнчү унаамды тээп жүрөм. Биринчи чогулткан акчама 5-курста машина алгам. А баса, ага чейин айдоочулук күбөлүк алып, 3 жылдан кийин анан унаа алгам. Өзүмдүн жетекчилигимде компаниям, үй-бүлөм, санаалаш досторум, агаларым бар.

– Жубайың Наристе иштеп жатабы же бала менен үйдөбү?
– Наристе бирөөнүн алдында иштебейт, мен деле иштетким келген эмес. Бирок өзүнө жаккан иш менен алектенет. Арыктатуучу каражаттарды каалоочуларга сунуштайт. Андан сырткары өзүнүн чакан командасы бар, алар менен биргеликте көйнөктөрдү тигет. Кызым бала бакчага бара элек, азыр 2де, 3кө чыкса берели деп жатабыз. Жубайым өз ишин, мен өз ишимди кылып жүргөндө кызыбызды таенесине таштап коёбуз. Таенеси шаарда турат.

– Досуң Турсуналы "дүкөндөгү карызыңды айт" деп калды, ал эмне карыз эле (ред. Санжар маекке досу менен чогуу келген болчу)?
– Жакында эле өзүбүздүн кеңсеге кирип баратсам, дүкөндө иштеген байке "чыгармачыл адамдар, ушундай да кыласыңарбы? Уят эмеспи?" дейт. Көрсө, 170 сомдой эле акчага балдар кукси, нан сыяктуу майда-чүйдө алып, карыз алды кылып менин атымды да жаздырып коюшуптур. Ошону доолап жатыптыр. Байкенин доолаганын балдарга айтып берсем, булар ошондон бери ошол дүкөнгө кирбей калышты.

– Бир нече тил билгениң жашооңду жеңилдетеби?
– Албетте, жеңилдетет. Чет жерге чыкканда кол жаңсап же кимдир бирөөнү которуп берчи деп кыйналбайсың. Мен Ошто түрк лицейинде окуп англис, орус, түрк тилдерин үйрөнүп эркин сүйлөчүмүн. Бишкекке жаңы келгенде кыргызча акцент менен сүйлөчүмүн. Муну туура же туура эмес деп айтпайм. Бул жашаган жериңдеги көнүмүш адат.
Борборго келгенден кийин акцентсиз сүйлөйүн деп чечкем. Анткени меникиндей акцент менен ийгиликке жетиш оор болот го деген ой болду. Мисалы, КВНге чыксам же телеалпаруучу болсом кыйналып калчудаймын. Анын үстүнө түркчө, англисче, орусча эркин сүйлөйм, өз эне тилимде акцент менен сүйлөгөнүмө намыстандым. Чынын айтсам, таза кыргызча билбегенимди Бишкекке келгенде түшүндүм. Ошто жүргөндө мага билинчү эмес. Ошентип кыргызча сүйлөөнү жакшыртууга 1 жылдан ашык убакыт короттум. Бирөө менен сүйлөшүп жатканда өзүмдү катуу көзөмөлдөдүм. Акцент менен сүйлөп алсам, дароо токтоп, кайра таза кыргызча сүйлөчүмүн. Айтканга оңой болгону менен, иш жүзүндө оор болду.

"Жыл сайын үй-бүлөм менен чет өлкөдө эс алууну максат кылдык".


"Салам, Кыргызстан!" телеберүүсүнүн авторлорунун биримин. Бул мен сыймыктана турган долбоор дегим келет".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Санжар Мыкыев: "Кызым төрөлгөндөн кийин сезимтал болуп калдым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(50)
20.03.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
оштуктар Алга
21.03.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Sezimka27,иии ошенткенде эле оштуктар алга чыгып кетет пфф
21.03.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
erkekizmin,дадин ичин ачышса туз бар ал жардам бербесе ачуу калемпирден жеп алып санжардын ийгилигине тутоп отура бер
SUPER.KG видео
20.03.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец
Медиа-портал
21.03.2017. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек Оштон,туштуктон экенине уялат го бул жигит.Кыргызстандын ар бир аймагы ар турдуу диалектиде суйлошот,ушунуда унутпоо керек.Таза кыргыз тилинде азыр эч ким суйлобой калбадыбы.Бизде бир аз эле жузу элге корунуп калган сон,аймака болуп,же мактануу деген сезим куч алат!Кино тармагын Эрнест Абдыжапаров агайга эле бергилечи,чымчык сойсода,касапчы сойсун-деген кыргызымдын созу бар.Кийинуу стилинди да карасан жакшы болмок.Укмуш чачынды озгортконундо онолгон го дегем,а бирок жылдыз оорусу бар экен!
Медиа-портал
22.03.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MYRZAA,ХХХ ХХХ Санжар молодец кыргыздын жигити ушундай патриот болуш керек.ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-03-22 14:36:04
Медиа-портал
22.03.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jaz8888, улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан жана аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! 10 күн БАНга!
Медиа-портал
22.03.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
MYRZAA,диалект деп эле ар элдин создорун аралаштыра бергенибиз туура эмес.Таза кыргыз тилинде суйлоого биз аракет кылсак,балдарыбыз,ини синдилерибиз да акырындап уйронот.Ар бир кыргыз,кыргыз тилинде таза суйлогонго аракет кылсак,тилибизге,кийинки муунга жакшы кам коргон болобуз.
Медиа-портал
22.03.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
MYRZAA,диалект деп эле ар элдин создорун аралаштыра бергенибиз туура эмес.Таза кыргыз тилинде суйлоого биз аракет кылсак,балдарыбыз,ини синдилерибиз да акырындап уйронот.Ар бир кыргыз,кыргыз тилинде таза суйлогонго аракет кылсак,тилибизге,кийинки муунга жакшы кам коргон болобуз.
SUPER.KG видео
21.03.2017. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбой Эле аябай коп мактаныптыр го
21.03.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
МОЛОДЕЦ! башыма жүн чыкканы биринчи Оштукту көрдүм тилинде проблема бар экенин мойнуна алып, тууралап оңдогон!
21.03.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялым биронун колунда иштевейт дейт го .анда озундун компанияна алып алда
21.03.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ууууууууфффф... мактанчаак... компания дегенди жуз жолу кайталап. Очойгон Шоро сыяктуу компания ачса кууратмак бул. Негизи аябай эле обу жок бала. Укмуш таланттуу деп деле айтпайм. Бирок оз кучу мн бутуна турса, азамат эле деш керек.
27.03.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
shuru-kg, кимдир бирөөнү кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-27 09:33:44
21.03.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
жагатта Санжар байке!
22.03.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тилинде кемчилиги бар туугандар ушул баладай болуп өз каталарын мойнуна алып, аны оңдоого далаалат кылса эч кандай дискриминация орун алмак эмес деп ойлойм арабызда.
22.03.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
"Кыргыз тилинде жакшы билбейт элем"-деп обу жоктоно бербечи.Кандай эле Алайдын тоосунан тушкон адам кызгыз тилин билбей калсын.Мен деле турк лицейин бутургом,эч кандай орус тилине басым жасап окутпайт иним.
22.03.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emilzima,кыргыз тилинде таза суйлобойт элем деп туштукчо диалектте суйлогонун айтып жатат.Бул жерде орус тилинин эч кандай тиешеси жок.Сиз тушунбой калыптырсыз.
22.03.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куйдургу аялым бироонун колунда иштебейт деп
22.03.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы энержи диетте иштесе не ал озунуку эмес да туурабы. Ал деле бироонуку да. Куйгузбочу [moderated]. Ататурко жакшы окуш керек эле озу анан мактансан болмок.
23.03.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат! Оштукча суйлобой кыргызча суйлогонду уйронупсун!
23.03.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз ишинизге ийгилик! Коро албай ичи бышкандарга конул бурбаныз, бироонун ийгилигин коро албаган инсан озу да ийгиликке жетпейт. Уй булоолук бакыт элибизге кызмат кылып журо бериниз!
23.03.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу болунгондор аман эле болгулачы тундук туштук дегендер.
23.03.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чынында, тундук-туштук эли бири бирибизди толуктап турабыз, тундук эли кыргыз тилинде таза суйлосо, туштукто салт сакталуу, тундукто жакшылык жамандыкта баарын жонокойлотуп алышкан, акча эле берип коет, баштарын оорутушпай, а ошто салт сакталуу, жакында бир тойдо оштук кудагый баардык ырым жырымын кылды, соонун корунуп калат экен. деги болунбойлу, болунгонду бору жейт, болунуп калды кыргыз деп, болок элге кеп кетет. бизге акыры башка эч ким куйбойт
23.03.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
talant83, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
23.03.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми эс алганы кетип атканда ата энерда эстен чыкбаса экен!
23.03.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Билбейм эмнеге, Оштуктуктарды көрө албайсыңар
24.03.2017. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акцент )))) Акцент эмес а туштук дилектиде суйлоодон арылганы аракет кылдым десе болмок,акцент деп,озунун сабаттуулугун коргозуптур.Кыргыз улутундагы эмес а озбек улутундагы жаран болуп,кыргыз тилинде акцент менен суйлочумун десен ошондо туура болмок,а сен алайдА эле болгону туштуктун диалектисинде суйлоп чонойгонсун,ата-тегин мен ойлойм кыргыз болсо керек?Акцент деген создун маанисин окуп,анан интервью берсен жакшы болмок.Акцент менен диалектинин чоооон айырмасы бар укам.Shame on U...
24.03.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйбүлөлүк бакыт каалайм Санжар сендей уулдар төрөлө берсин. Сени мн сыймыктанабыз Алай эли. Кызыңын артынан уул кыздар келе берсин татыктуу тарбия берип үлгүлүү үй бүлө болуп жүрө бер. Бизге окшогондор да сенден үлгү алалы...
24.03.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай сонун маек болуптур Аллах колдосун сени
24.03.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул тамашоунун ХХХ жылдыз оорусу мн жылдыздар ооруш керек.бул эмес.кай жери жылдыз.тамашоунун баарын коруп чыксанда сенин ХХХХ билинип турат.койчу.прическам соонун болсо ле мен соонун деп журобер.
Модератор admin_media түзөттү 2017-03-25 10:25:23
27.03.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Attila88, этика нормаларын сактаңыз, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-03-27 09:27:09
06.04.2017. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Attila88,))))))))))))) хахахахахаахах туура айттыныз
24.03.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! ушул чын созду биринчи болуп айтты да, мен туштуктуктон болгон кыргыздарга эч бир жаман оюм жок, болгону кыргызча суйлоосун каалайм, кыргызга кыргыз гана куйот! Ооба, туштукто озбектер коп, ал мамлекет менен чектешет илгертен бери эле соода сатык болуп журуп, менталитеттери, жашоо образы бири бирине синип кеткен, менин оюмча бул кийин озгорот, тек кана убакыт керек, эгемендуу болгонубузга аз гана болбодубу, буюрса дагы 20-30 жылда, тундук-туштук кыргыздарда айырма жок болуп калат! Алга
24.03.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироонун алдында иштебейт деп оло мактанып алыптыр го... Тообо,кимдин алдында иштесен да ак эмгегин менен тапкан акчан даамдуу боло берет да. Суйлойт десе эле суйлой берген тура!
25.03.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
MYRZAA,сөзүңүзгө кошулам. Диалект менен акценттин айырмасы бар.Санжар азамат,көп нерсеге жетишти,эмгекчил экен,таланттууда. Бирок "акцент“ менен сүйлөгөнүмө намыстандым дегени туура эмеско. Диалектимди оңдодум десе болмок экен.
Жогоруда бирөө түштүк элинин таза кыргызча сүйлөөсүн каалап өтүптүр,рахмат,буйруса ал күндөр да алыс эместир.
Менда түндүк элине таза кыргызча сүйлөөсүн каалап кетээр элем,орус тилине тебеленди кылбагыла биздин тилди.
Бул чындык,баарыбыз тил
06.04.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamchybekova.Ch,Рахмат Сизге.Менин айтчу оюмду тушунгонунузго!!!
26.03.2017. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аКысиент менем хахахахахааа менЯм аксиент менен яман суйлоп ташаймда азырчы,келтирип ташайм го -ха-ха-ха Бирок бул акцент эмес а диалект!!!Иним
26.03.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энеси жонундо эчтеке дебептирго а,озум эле пайда болгом деп да мактанып койбопур биротоло...
27.03.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dinadeka, провокация жарата турган жана аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
09.04.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул болунгонду боору жейт Санжар Оштук экенинен уялат корунот, уялса мен уялбайм мен Алайданмын билесинби санчо Алымбек Датка Курманжан Датка ким болгонун, билбесен сен Оштун Алайынанмын тектуу туптуу жерден экенинди унутпай жур, же ТВга чыгып алсан же той алып барсан эле кучтуумун дейсинби, бир азда болсо туш ылдыйга сенден откон супер алыпбаруучу ТВ жылдыздар бар
27.04.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bellacvetochek, Азаматсыз,кошулам создорунузго!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо