№752 31-март-6-апрель, 2017-ж
20 жыл мурун кеда менен кроссовканы спорттук кийим менен гана кийүүгө болот деген түшүнүк калыптанып, башка кийим менен айкалыштыруу күлкү жаратчу. Азыр баары өзгөрдү. Кеда менен көйнөк стилдүү айкалышууга айланып, мода кууган кыздар үчүн жагымдуу табылга болду.
Бул жылы айымдардын кроссовкалары өзгөчө фантазия менен жасалды. Дизайнерлер куштун канаты менен кооздолгон заманбап кроссовкаларды сунуштап таң калтырып жаткан учуру.
Ушул жылдын жаз-жай мезгилинде кеда, кроссовкалардын ачык өңдөгү моделдери модада. Ак, күлгүн, ачык көк, күмүш түстөгүсүн тандасаңыз жаңылбайсыз.
Айрым дизайнерлер алдыга озушуп, чыгыш орнаменттери жана гүлдөр тартылган кедалардын варианттарын чыгарышты.
Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Койнок мн кийип (койнок коп кие бербейм)коро элекмин.Бирок,классически кийинип,бутума кроссовки кийип кете берем