Тауекел Мусилим, актёр, ырчы, алып баруучу: «КҮЙӨРМАНЫМ БАЛАЛУУ БОЛУШ ҮЧҮН МАГА ДОНОР БОЛУП БЕР ДЕГЕН»

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

Күйөрмандарынын тандоосу боюнча казактардын секс-символу Тауекел Мусилим «30 жашымда үйлөнөм, азырынча карьерам үчүн иштешим керек» дейт. Кыздардын көзүн күйдүргөн «красавчик» тасмага тартылууга, микрофон кармап телеберүүлөрдү алып барууга жана созолонто ырларды ырдоого үлгүрөт. Китеп окуп, спорт менен машыгып сергек жашоо образын тандаган. Миллиондогон жүрөк ээлерин багындырган бойдок мырза менен баарлашуубузду уланттык.

– Саламатсызбы? Аралыктын алыс болгонуна карабай маектешүүгө макул болгонуңузга рахмат. Ушул жыл сиз үчүн ийгиликтер менен башталды өңдөнөт...
– Саламатсыздарбы? 2016-жыл мен үчүн ийгиликтүү болду. Толук метраждуу 2 тасмада роль жараттым. Ал эми жаңырган жылда ал тасмалар кинотеатрларда көрсөтүлдү. Буюрса, ушул жылы чоң долбоорлордун үстүндө иштеп баштадым, жыйынтык жаман болбойт. Ар бир жыл өткөн жылга салыштырмалуу ийгиликтүү болот деп үмүттөнүп жатам.

– Сиз ырчы, алып баруучу, актёр катары таанылып келесиз. Үч чылбырды бир тизгиндөөгө кантип жетишесиз?
– Ооба, учурда 3 багытта иштейм. Баарын бир убакта алып кетүү татаал. Бирок чече турган жолдору бар. Мисалы, көбүнчөсү унаа айдап баратканда ырларды ырдап, репетиция кылам. Актёрдук жаатта болсо дүйнөлүк тасмаларды көрүп, анализ жасап, өзүмдү өстүрөм. Ал эми «НТК» каналында маалыматтык берүүнү, «Казакстан» каналында «Салем, Казакстан» деген көңүл ачуучу көрсөтүүнү алып барам.

– «Махабатым жүрегимде» сериалында байдын уулу Дастандын ролун ойногонсуз. Чындыгында кандай үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойгонсуз?
– Ата-энем биз кичинекей кезибизде ажырашып кетишкен. Эжем экөөбүз апамдан тарбия алганбыз. Жашообуз өзгөчө деле болгон эмес. Катардагы жөнөкөй үй-бүлө болчубуз. Апам аракет кылып, бизди эч нерседен кем кылган жок. Ойлоп көрсөм, бала кезде көп нерсени каалачу экем. Бирок материалдык жактан толук камсыз болбогондуктан, айрым каалоо-тилектер арткы планга калып калчу. Үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөп жашаганбыз. Азыр ал күндөр үчүн кейибейм. Себеби талыкпаган эмгектин артында чоң ийгилик турарын билдим. Ыраазы болгонум, даяр ашка ээлик кылбай, өзүмдүн мээнетим менен ийгиликке жетишип жатканым. Атам 2010-жылы каза болгон.

– Тасма талаасында кандай кыйынчылыктар болду эле?
– Алгачкы ирет сериалга тартылып жатканда 2 кыйынчылыкка кабылгам. Биринчиси, тасмадан ата менен баланын ортосундагы пикир келишпестикти көрсөтүп берүү керек болчу. Бул учурду ойноо оор болгон. Мен атасыз чоңойдум, тарбиясын көргөн эмесмин. Ата-баланын мамилеси кандай болуш керектигин билбейм. Анан дагы тасмада атамдын ролун ойногон актёр да, мен да тажрыйбалуу эмес болчубуз. Экинчиси, дикциям аябай начар эле. Айрым сөздөрдү аягына чейин айта албай же так сүйлөй албай калчумун. Кудайга шүгүр, азыр өсүү бар.

– Кыргыз киночулары менен иштешүү сиздин оюңуздагыдай болдубу?
– Кыргыз режиссёру Руслан Акун менен иштешүү аябай жакты. Жакшы тажрыйба топтой алдым. Тажрыйба жагынан баары мыкты экен. Анан дагы кыргыз режиссёру жана продюсери менин толук метраждуу киного тартылуума жол ачкан биринчи кинематографисттер болушту. Эгер дагы сунуштары болсо, дайыма иштешүүгө даярмын.

– Карьераңыздагы кайсы учурду ийгиликтин чокусу деп эсептейсиз?
– Менимче, азыркы учурум сиз айткан ийгиликтин башаты болсо керек. Эгер Голливуд режиссёрлору менен иштешип, тасмага тартылсам, анда ошол ийгилигимдин чокусу болот. Ал эми Казакстанда жараткан ийгиликтеримди бийиктик деп эсептебейм.

– Өзүңүз ырчы болгонго чейин ырчыларга сый-урматыңыз жок болуптур...
– Ооба, чындап эле сыйлачу эмесмин. Эми сыйлабайм дегенде кандай, жергиликтүү ырчылардын ырларын укчу эмесмин. Ойлочумун, атайын программалар менен ырларды жаздырып алышып, фонограмма менен аткарып коёт деп. Көрсө, андай эмес экен. Азыр алардын эмгегин жон терим менен сезип турам. Клипти айтпай эле коёюн, жөнөкөй эле ырды жаздыруу чоң эмгекти талап кылат экен.

– Күйөрмандарыңыз миңдеп саналат эмеспи. Арасынан чектен чыккандары барбы?
– Ооба, бар. Бир күйөрманым «донор болуп бер, сага окшош балалуу болгум келет» деген кызык окуя болгон. Ал айымды туура түшүнөм. Анткени учурда донор болгондорду көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ал эми мага сунуштаганы, албетте, туура эмес. Менин канымдан жаралган балдар менин көз алдымда чоңоюшу керек. Менин тарбиямды алыш керек. Башка бирөөнү ата деп, бөтөн үйдө кантип чоңоёт? Ошондуктан бул сунушту кабыл алган жокмун.

– Маектериңиздин биринде бир тууган эжеңизге окшош кызды издеп жүрөм деп айтканыңыз бар. Таптыңызбы?
– Ооба, эжеме окшогон кызды издеп жатам. Эгер болочоктогу жубайым эжемдей болсо, бактылуу болмокмун. Себеби бир тууганым башкаларга үлгү боло турган жакшы аялдардын бири. Мүнөзү оор басырыктуу, ар бир сөзүн, ар бир кадамын электен өткөрөт. Жездеме, айланасындагыларга жасаган жылуу мамилесин, үй-бүлөлүк очоктун отун өчүрбөй сактоого болгон аракетин баалайм. Бул нерселер мени ынандырат.

– Сиздин ысымыңыз ыйгарылган атыр чыккан эле...
– 2016-жылы жаз мезгилинде парфюмдарды чыгарган «mslm company’ден» бизге сунуш келип түшкөн. Алар менин атымды пайдаланып «tauyekel mussilim» деген атыр чыгармак экен. Продюсерим Жанна Абуова экөөбүз сүйлөшүп, макулдугубузду бергенбиз. Бирок көп узабай эле продюсерим менен компания жетекчилиги иштешүүнү токтотушту. Себеби атыр чыгарган тарап келишимдеги жоболорду аткарбай башташты. Азыр атыр сатыкка чыкпай калган.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

«Алтын апам, бир тууган эжем жана жээндерим менен».


«Апамды издеп» тасмасын тартуу учурунан».


«Апамды издеп» тасмасында Азамат экөөбүз кыздын да образын жаратканбыз».


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(30)
10.04.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Молодец,чыгармачылыгына ийгилик
10.04.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иштерине ийгилик каалайм ар дайым онокойлугундон жазба,дайыма жонокой бол.
10.04.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараткан ийгиликтерине тайрандап жылдыз болуп кетпей жонокой экен.
Жан дуйносуна келбети акылы да топ келишкен.
Ийгилик каалайм
10.04.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Красавчик! Ийгилик сага. Сонун бала мага жагат. 4 тарабы келишкен
10.04.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жон эле суктанамын)
10.04.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Донор болуп койуш керек эле да.
10.04.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
jengoo,донор болсо баланы сиз багасызбы?
10.04.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе)
10.04.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
крассавчик
10.04.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик,аябай сыйлаймын сизди!
10.04.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mansur1282, этика нормаларын сактаңыз.
10.04.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жан дуйносу сулуу экен. Ийгилик!
10.04.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Ушуга окшогон мактанчаактар кобойду донор болуп бер деп озун ким сезип алган
11.04.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdizhapar, сага сезилбесе башкаларга сезилет.
10.04.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Журогум
10.04.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага деле донор болсо,төрөп алмакмын көздү жумуп туруп)))
11.04.2017. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеосу жокпу админ??
11.04.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sarywka2017, жок окшойт.
11.04.2017. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер баардык жагынан супер
11.04.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bond02, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
11.04.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайдын устачылыгы)
11.04.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ой тоа азыр аялдарда деле ой жок. Каяктагы 7 атасы тааныбаган омурундо бирге олтуруп чай ичпеген адамдан кантип бала торойт хоть сурогатный болсо деле. Келечекте баласы атам кана десе эмне деп жооп берет. Атандын немесин сурап анан торогом дейби)))) Женил ойлуулар кобойдуго
13.04.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздан бироосу чыкса ичинер таарып бириндин да оозунардан жакшы соз чыкпайт эле кошоматчылар.
14.04.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии мени эле алчы суйом го сени суйом аябай адамгерчиликтуу экен инстаграмда ар бир коментарияга жооп жазат
14.04.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик Тогорогу топ келишкен жигит го
14.04.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага окшогон эле жигит экенго же атак данкына кызыгып доноп бол деп жатасынарбы!
15.04.2017. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен...
15.04.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх ... просто супсулуу жигит да
16.04.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик
16.04.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Respect,good luck
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо