Балалуу болууга камданып жаткан кош бойлуу аялдын эң чоң трагедиясы – бул баласынын ичтен өлүп калуусу. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн, алдын алууга болобу деген суроолорубузга Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы клиникалык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу, жогорку категориядагы врач Асел Касымова жооп берет.
БАЛАНЫН ТИРҮҮ ТУУЛБАЙ КАЛЫШЫНА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР:
-
Баланын моюнуна киндик боосунун оролуп калышы (мындан балага кычкылтек жана керектүү азык-заттар убагында барбай калып, бала тумчугат)
-
Баланын тонунун туура эмес жайгашышы, кеч талгак, гендик мутация
-
Эне жана баланын резус-факторунун дал келбеши (аялдын организми түйүлдүктү чоочун зат (дене) катары кабыл алып, аны жок кылуу үчүн антителалар түйүлдүккө чабуул коёт)
-
Жыныстык жактан жугуучу оорулар (сифилис, хламидиоз, гонорея жана башка)
-
Башка оорулар (кызамык, грипп, кант диабети, жогорку кан басым, бронхиалдык астма, богок, гепатит жана башка)
-
Сырткы факторлор: ичтен жаракат алуу (жыгылуу, бирөөлөрдүн сабап салышы), узак жол жүрүү, дамамат оор көтөрүү, радиацияга кабылуу, уулануу
-
Түйүлдүктүн өзүнүн патологиясы (айрым бир органдарынын өспөй калышы)
-
Тамеки тартуу, ичкилик ичүү, баңгизат колдонуу
-
Гормоналдык фондун бузулушу (35 жаштан кийин аялдын организминде эстроген гормонунун деңгээли азая баштайт. Аталган гормон бөйрөк, боордун иштешине да таасир этет. Ушундан улам аялдын колу-буту шишип, заарасында белок чыга башташы мүмкүн. Жыйынтыгы баланын ичтен өлүп калуусуна жеткириши ыктымал)
-
Стресс, дарыларды өз алдынча ичүү
БЕЛГИЛЕРИ:
-
Ичтеги кыймылдап калган баланын кыймылынын билинбей калуусу
-
Талгактын белгилеринин билинбей башташы
-
Аялдын бели менен табарсыгынын тартылып оорушу, кандын келе башташы
Диагноз коюу үчүн аял УЗИден текшерүүдөн өтөт.
СТАТИСТИКА
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы клиникалык төрөт үйүндө
ИЧТЕГИ ТҮЙҮЛДҮК КАНТИП АЛЫНАТ?
- Түйүлдүккө 1, 2, 3 ай болгон болсо, анда атайын дары менен бойдон түшүрүлөт. Дары толгоо чакырып, кан кетет, бала тону менен түшөт.
-
3 айдан тартып 9 айга чейинки мөөнөттө бала көтөргөн аялга да алгач атайын дары берилет. Дарыдан жатын моюнчасы ачылган соң каканак суусун жарып, тамчылатма дары беришет. Аял өзү төрөйт.
-
Атайын дары берилген соң кан кете баштаса, жатын моюнчасы ачылбаса, аялдын кан басымы жогору болсо, анда аял эпидуралдык анестезия (наркоз бел омурткага сайылат) ыкмасы менен төрөтүлөт.
-
Эгер аялдын жүрөк оорусу, талмасы, бронхиалдык астмасы болсо, анда аялга жалпы анестезия берилип, операция жасалып, ичиндеги баласы алынат.
-
Эгер ичтеги бала эгиз (же үч эм) болсо жана алардын бири өлүп калган болсо, анда өлгөн бала чирип баштап, уулануу бөлүп чыгарат. Тирүү бала уулангандан тышкары анемияга учурайт. Анткени экөө бир жатында жаткандыктан, аларга кычкылтек жана керектүү азык-заттар бир кан тамыр менен мурункудай эле экөөнө тең бара берет. Кыскасы, өлгөн баланын таасири берки баланы майыптыкка же өлүмгө жеткирет. Андыктан мындай учурда ичтеги 2 баланы тең алуу сунушталат.
-
Эгер бала ичтен өлүп калса жана аял врачка кеч кайрылса, анда өлгөн бала чирип баштагандыктан жатын сезгенет жана аялдын бүт организминде сепсис (ириңдөө) башталат. Андыктан операция жолу менен ичтеги бала жатын менен кошо алып салынып, аял эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт.
- Кээде ичтеги өлгөн бала катып, куурап калган (мумия сындуу) учур кездешет. Андай балдарды энелери апталап же жылдап көтөрүп жүргөн учурлары өтө чанда болсо да кездешет. Албетте, бул аялдын ден соолугуна терс таасир тийгизет. Качан аял УЗИге түшкөндө гана билинип, бала операция жолу менен алынат.
ДЕНИ САК БАЛА ТӨРӨЛҮШҮ ҮЧҮН...
-
Балалуу болууну самагандар 6 ай же 1 жыл мурун врачтарга текшерилип, аз кандуулук жана башка өнөкөт ооруларынан дарылануусу зарыл.
-
Боюнда болордон 3 ай мурун баланын денесинин өсүп калыптанышы үчүн зарыл болгон фолий кычкылын ичүүсү кажет.
-
Боюнда болгон алгачкы 3 айда баланын дене мүчөлөрү түзүлүп, калыптана баштайт. Андыктан ушул аралыкта аял чыр-чатактан алыс болуп, сапаттуу тамак-ашты колдонуп, өз алдынча дары ичпөөсү керек.
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталып, УЗИден текшерилип туруусу, ичкилик, тамекиден баш тартуусу кажет.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
Срогунуздарга жетип дени сак бала торонуздор