САНКТ-ПЕТЕРБУРГДАГЫ ТЕРАКТТЫ УЮШТУРГАН АДАМ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ БОЛГОН ЭМЕС

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метролорунун ортосунда жардыруу орун алган. Аталган терактты уюштурган адам өзбек улутундагы Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов экени маалым болду. Ал Ош облусунда 1995-жылы туулуп, 16 жашка толгондо Орусиянын паспортун алып кеткени, кыргыз жараны болбогону аныкталды. Бул маалымат "кылмышкер кыргызстандык" деген сөздү төгүндөдү.
4-апрелде УКМКнын Ош облустук башкармалыгы шектүүнүн туугандары суракка алынып жатканын маалымдаган. 5-апрелде Жалиловдун ата-энеси Ош аэропортунан Санкт-Петербургга учуп барышты. Учурда алар Орусиянын Тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан суракка алынууда. Андан сырткары Орто Азия аймагынан барган 6 жаран "террорчулукка көмөк көрсөтүү" боюнча айыпталып кармалышты. "Кылмышка шектүүлөр 2015-жылдын ноябрь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Санкт-Петербургда Орто Азиядагы өлкөлөрдөн келгендерди "Жебхат ан-Нусра" жана "Ислам мамлекети" террордук уюмдарга кирүүгө үндөшкөн" деп айтылат Тергөө комитетинин маалыматында. Учурда алардын метродо болгон терактка тиешеси бар же жоктугу аныкталууда.
3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруудан 14 адам көз жумуп, 50гө чукул адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жапа чеккендердин арасында Кыргыз мамлекетинин жарандары жок экендигин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кандуу окуяга байланыштуу Санкт-Петербургда 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо