ДЕПУТАТ КАНАТ ИСАЕВДИН ИШИН УКМК КАРАЙТ

№753 7-13-апрель, 2017-ж.

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иш алып барат. Башкы прокуратуранын билдиришинче, Исаевге тиешелүү материалдар УКМКга өткөрүлүп берилген. 4-апрель күнү Жогорку Кеңештин комитетинде Башкы прокуратуранын 2016-жылга карата отчёту каралып жатканда башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө кызыкчылыгына туура келбесин айтып, аталган кылмыш иши тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Башкы прокуратура тарабынан Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча депутат Алмамбет Шыкмаматов "саясий өңүттө болушу мүмкүн" деп ой билдирди. Буга чейин да айрым саясий серепчилер "Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандыгы үчүн Исаевге байланыштуу жабылган илгерки кылмыш иши кайра ачылды" деп баа беришкен.
Эскерте кетсек, Канат Исаевге Башкы прокуратура "2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын ноябрында иш кайрадан жанданган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо