ДАЧА-СУ АЙМАГЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ КАЙРАДАН МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

№754 14-20-апрель, 2017-ж.

11-апрелде Боинг учагы кулаган Дача-СУ аймагынын тургундары Ак үйдүн алдына башка жакка көчүрүү талабы менен кайрадан митингге чыгышты. Анда чогулган 300дөй адам өкмөт башчы жана төрага менен жолугуу талабын коюшту. Бирок бийликтен эч кандай реакция болбой, кийин гана учак кырсыгынан жабыркагандардын талабы боюнча маалымат таратылды. Өкмөт тараткан маалыматта учак кулаган аймактын тургундарын көчүрүүгө жер жок экендиги айтылды. "Азыркы учурда кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга компенсация төлөп берүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу этапта",- деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө. Аталган аймактын жашоочулары мындай талап менен март айында да 2 митинг өткөрүшкөн. Өкмөттүк комиссия материалдык зыяндын көлөмүн
195 миллион сом деп чыгарганы белгилүү. Түрк авиакомпаниясынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан бирдиктүү эсепке азырынча 600 миң доллар (41 миллион сомдун тегереги) которулган. Ал эми элден жардам катары чогултулган акча каражаты 31-мартка карата 100 миллион сомдон ашкан.
Ушул жылдын 16-январында "Манас" аба майданынын жанындагы Дача-СУ аймагына жүк ташуучу учак кулап, 35 кыргыз жараны көз жумган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо