САПАР ИСАКОВ "ТАЗА КООМ" ДОЛБООРУН ТААНЫШТЫРДЫ

№754 14-20-апрель, 2017-ж.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 6-апрелде эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда "Таза коом" ("Smart country") долбоору менен тааныштырды. Аталган көп жылдык долбоордун негизги максаты – жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана ишкерликке ыңгайлуу шарт түзүү. "Таза коом" долбоору өлкөнүн 2040-жылга чейин Улуттук стратегиясынын бир бутагы болуп саналат. Исаков каржы уюмдарынан каражат жактан жана методикалык тараптан колдоо көрсөтүүнү суранды. Анын айтымында, жакынкы айларда Кыргыз мамлекетинде аталган долбоорду колдоо боюнча донорлук конференция уюштурулат. Алдын ала эсептер боюнча, "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миллион доллар керектелет. "Биз Улуу Британия, Эстония же Израилдин деңгээлине жетүүнү көздөп жатабыз",- дейт президенттик аппараттын жетекчиси. 10-апрелде Эстония аталган долбоорду ишке ашырууга жардам берерин билдирген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо