АКЧАНЫ КАНТИП ТОПТОП, КӨБӨЙТҮҮ КЕРЕК?

№755 21-27-апрель, 2017-ж.

Израилдин эли акча табуу таланты менен белгилүү. Бирок акчаны көп табуу үчүн еврей болуштун зарылчылыгы жок. Болгону бир нече эрежелерди эске алуу жетиштүү. "Ошондо ийгилик өзү келет" дейт ишкер Данияр Чормошев.

Акчаны кантип көп таап, ийгиликтүү болуу керектигин окумуштуулар жүздөгөн жылдардан бери изилдеп, бул адамдын каалоосунан көз каранды экендигин далилдешкен. Демек, бир күндө мээге 60 миң ой келсе, анын 70 пайызы акча тууралуу болушу керек.
Акча көп табууга болгон каалоо 100 пайыз эмес, 300 пайыз болушу шарт. Келечектеги жакшы жашоого ишенбей, айлыгыбызга, таанышыбызга, чөнтөгүбүзгө карап тилек кылганыбыз туура эмес.
Көп акча, байлыкты кабыл алганга адамдын жан дүйнөсү, интеллектуалдык деңгээли даяр болушу зарыл. Аны менен катар сөзүбүздү, сезимибизди, эмоцияларыбызды көзөмөлдөй билишибиз керек.
Акча көп табуу керек деп өтө каалап алдыга умтулуңуз. Кичинекей чөп ташты жарып чыккан сыяктуу канчалык кыйынчылык болбосун бул оюңуз ишке ашат.
Каражат көп алып келүүчү иш баштаарда эч бир күмөн санабай, тобокелчиликке баруу көп киреше табууга жол ача турган фактор. «Ката кетирип алсамчы?» деген сыяктуу коркуу сезимдерин артка таштаңыз.
«Эл эмне дейт?» дегенди токтотуп, ашыкча катышты азайтуу керек. Ошондо катышка кеткен каражат чөнтөгүңүздө калып, акчаңыздын көбөйүүсүнө салым кошот.

КӨП КИРЕШЕ ТАБАМ ДЕГЕНДЕРГЕ КЫМБАТ КЕҢЕШ

1. Сиз бир компанияга жөнөкөй жумушчу болуп ишке орноштуңуз. Айлык акыңыз аз, ал эми сатуу бөлүмүндөгү кызматкерлердин маянасы сиздикинен эки эсеге көп. Сизге кеңеш: курска катышып, билимиңизди жогорулатуу менен көп акча төлөнчү бөлүмгө которулуп, эки эсе көп айлык акыга ээ болуңуз.
2. Балким, сиз өнөрлүү адамсыз, айылда чапан тигип же килем токуп сатасыз. Ал жакта кардарлар сиздин эмгегиңизди арзанга баалайт. Андыктан товарыңызды шаарга келип сатсаңыз кымбатыраак болуп, кардарыңыз көбөйөт. Адам бир жерде отурбай изденсе, кирешеси өсөт.
3. Врач, мугалимдердин айлыгы аз. Өз ишин мыкты билген врач Мамлекеттик ооруканада саат 5ке чейин иштесе, андан кийинки убактысында жеке клиника ачып, кардарларды тейлесе болот. Мугалимдер деле ошол сыяктуу, сабактан кийин ар кандай ийримдерди ачып, көп акча тапса болот.
4. Жумуштан кийин ийгиликтүү адамдар менен жолугуп баарлашып, акыркы чыккан китептер, семинар-тренингдерге барып туруңуз. Ошентип тил үйрөнүп, ишкана ачсаңыз да ашыкча болбойт.
5. Жумушуңуздан бошосоңуз эле ачка кала тургандай коркпоңуз. Бир эшик жабылмайынча, экинчиси ачылбайт. «Жок, жумушумдан кол жуугум келбейт» дегендердин катарында болсоңуз, жумуштан кийин, дем алыш күндөрү эшиктин алдына малина, помидор тигип, түшүмүн сатсаңыз акча. Каалоо болсо баарына жетишсе болот.
6. Өзгөчө идея таап, ошону ишке ашыруу менен көп акча табыңыз. Мисалы, Фейсбукту ойлоп тапкан жаш миллиардер Марк Цукербергди, кыргыз суусундуктарын чыгарып көп киреше тапкан маркум Табылды Эгембердиевди алсак болот. Бирок мындай идеяларды ойлоп тапкандар аз кездешет.
7. Актив – деп акча алып келе турган булакты айтабыз. Ал эми пассив – акчаны корото турган тарап. Буга үйүбүз, машинабыз кирет. Ошондуктан үйгө керексиз буюмдарды алып, машинаны улам алмаштырып акча корото бербей, активди көбөйтүүбүз зарыл. Ал үчүн мал алып койсоңуз өзү да, эти да, сүтү да, жүнү да акча. Дүкөн же кафе ачып, ижарага бериңиз. Күнөсканаларды куруп иштетиңиз.
8. Учурда социалдык тармактар аркылуу акча табуунун жолдору популярдуу болуп жаткан кез. Баракчаңызда колдонуучуларыңыздын санын көбөйтүп, ар кандай компаниялардын, дүкөндөрдүн товарларын жарнамалап, кошумча кирешеге ээ болуңуз.
9. Депозит ачып, ага ай сайын айлык акыңыздын 10 пайызын салып турсаңыз, билинбей эле акчаңыз чогула берет.

БАЙЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨРҮҢҮЗ

  • Биз байлыкты, ийгиликтүү адамдарды жаман көрсөк, ал нерсеге эч качан жете албайбыз. Акча көп тапкан адамдардын ийгилигин кубануу менен кабыл алып, көрө албастыкты, ичи тардыкты токтотушубуз керек.
  • Акчаны душман көрсөңүз, ал сизге эч качан келбейт. Аны ички ишенимибизде жакшы нерсе катары кабыл алышыбыз зарыл.
  • Акча ар кайсы жол менен келет, соода жасоодон, балким, китеп жазып чыгаруудан... Андыктан бул жагын чектебешибиз керек. Ошондой эле ар ким шыгына жараша акча табарын эске алыңыз.
  • Эгерде сиз өз кесибиңиздин мыкты адиси болсоңуз, акча менен кызмат артыңыздан калбай, дайыма сиз менен бирге болууга ашыгат.

САРАМЖАЛДУУ БОЛУУНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

  • Бакчаңызга картошка, пияз, сабиз, помидор, керектүү жер-жемиштерди тигип алсаңыз, азык-түлүккө кеткен каражатыңызды эки эсе үнөмдөйсүз.
  • Нан сатып жебей, ун алып коюңуз. Бир жылда нанга 27 миң сом жумшаган болсоңуз, ун алып бышырып жесеңиз 20 миң сомду арттырган болосуз.
  • Жакын жерге да маршруттук таксиге түшө бергенди токтотуп, жөө басыңыз. Бул чөнтөгүңүзгө эле эмес, ден соолугуңузга да пайда.
  • Күрүч, макарон сыяктуу азык-түлүктү дүңүнөн сатчу жерден көп алып койсоңуз акчаңыз үнөмдөлөт.
  • Кышкы кийимди жайында, жайкыны кышында алуу туура. Ошондо 50 пайызга чейин арзан аласыз.
  • Акча көп топтолушу үчүн чыгашаны да, кирешени да жазып, акчаны туура жумшадыңызбы же абага сапырып ийдиңизби, көзөмөлдөп туруңуз.

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ

Акчаны көбөйтүш үчүн катышты азайтуу керекпи?

Токтобек Акматов, ишкер, 32 жашта:

– Ооба, катышты азайтыш керек. Андан башка да керексиз каада-салттарыбыз көп. Мисалы, үйлөнүү тоюнда окшош кымбат машиналарды 20, 30дан кылып кортежге чыгышат. Кийгенге жарабаган кийиттерди алып кийгизип, кытайларды байытып жатабыз. Адам өлгөндө жылкы, уй, кой союу, үчүлүгүн, жетилигин, кыркын, жылдыгын бермей. Ушуга окшогондорду азайтсак акча үнөмдөлөт.


Сайрагүл Дуулатова, журналист, 43 жашта:

– Адам баласы болгондон кийин жакшылыгыңды эл менен бөлүшкүң келет. Бирок чеги менен болушу керек. Азыр бир шылтоо таап алып эле кафеге чакырып, тамак бермей салттар пайда болду. Сенин ал адамга канчалык тиешең бар, көңүлүң барбы-жокпу ага карашпайт. Мен ашыкча чыгымга, жосунсуз катышка каршымын. Жөн эле чыгаша болуп, чала тааныштарга убактымды короткум келбейт.


Турдалы Аскарбеков, ырчы, 52 жашта:

– Менин жеке көз карашымда, акчанын чогулбай жатышына катыштын анча залакасы деле тийбейт. Кыргызда жакшы сөз бар, «салынуу кашык» деп коёт. Сен катышкан кишиңдин тоюнда белегиңди, акчаңды, кийитиңди берсең, кийин сен той бергенде ошону кайра эле сага алып келет. Мындан эч нерсе деле уттурбайсың го дейм. Акчаны көбөйтөм деп эле элден чыгып, четтеп калган туура эмес.


Акмөөр Кудайбердиева, үй кожойкеси, 39 жашта:

– Мен мындай ойдон алысмын. Кыргыз болгондон кийин бармай-келмей алакасы үзүлбөшү керек. Эч ким менен катышпай коюп акчасы көбөйүп кеткен кишини көрө элекмин. Башыңа кыйын иш түшсө керегиңе ошол жакындарың жарайт. Европалыктардай болуп жеке керт башты ойлоо кыргыздарга жарашпайт. Көрүнгөн улутту туурай бербей, өз салтыбыз менен жашашыбыз кажет.


Бакыт Таштобаев, мугалим, 50 жашта:

– Катыш деп эле кулдай иштеп, тапканыңды байдай чача берген туура эмес. Акчамды үнөмдөйм деп зыкымданып отура бергендерди да колдобойм. Бардык каада-салт чеги менен болушу керек. Менин айтайын деген оюм, өзүбүздүн кыргыз экенибизди унутпай, заманга канатташ жашайлы. Ысырапкерчиликке жол бербесек эле баары жайында болот.


Назгүл Бектемирова, банк кызматкери, 34 жашта:

– Азыр жашы-карысына карабай эле байларга жабышып катышкандар көбөйдү. «Ал мага 100 доллар алып келди, мен да ага ошончо алып барышым керек» деп колунда жогу тытынат экен. Мындай куру намыстын эмне кереги бар? Андан көрө ага кеткен чыгымды балдарга жумшап, аларды витаминдүү азык менен камсызда.

Замира Рахманбердиева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
24.04.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура салынуу кашык бирок, сыйга сый сыр аякка бал..кээ бирлери жон эое акча чогултуш учун кишилерли чакырып акча ала беришет менин бир таанышым биз бир той бергиче кафеге 5 той берди..жон эле фундамент той,,уй тойу,жентек той тушоо той 55жаш той,,деп атып уйун бутурду окшойт,.
24.04.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бакыт Таштобаев агайыбыз эн туура суйлоптур,мен да кошулам созуно...
24.04.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооба такыр эч ким менен катышпай койбой,бирок,чеги менен болсо.Жаштар уйлонсо бирине бири атандашып кыйналса да той кылат.Жаманчылыкта тойдон айырмасы жок ысырапчылык болот олгон адам тирилчудой ага ал учурда курандан башка пайда жок.
24.04.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saramjaldyk kerek
24.04.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздн ото коп той ысырапкорчулук, же той кылган байыбайт же тойго барган! кереги жок тойлордун кафеге аш бергендин, тойсуз деле бирибизге жардам сунуп катташса болот мурда тойсуз эле катташуу ынтымак мамиле соонун болгон!
24.04.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне жок менин жазганым{{{
24.04.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ашарда, колуңда кирпич бар турса анын үстүнө дагы кирпич койбойт, садака дегенди унутпайлы туугандар. Канчалык көп садака берсен ошончолук бай болосуң, берекелүү болосуң
24.04.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилике жетуунун дагы бир жолу,адам ойлогон нерсесине 10 жолу (попытка) жасаш керек кайра кайра.5,6 сы ийгиликсиз болот, бирок тажрыйба ашып (навыки остается)
25.04.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче булардын баардыгынын чындык тарабы бар. Чынында элибизде салт санаа ысырап корчулук коп. Биз кыргыздар же мусулман болуп динибизге туура келбеген салт санаа шырктарга ишенбегенибизди койбойбуз же шаман болуп динибизге ишенбегенибизди койбойбуз.
25.04.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КӨП ТҮКҮРСӨ КӨЛ БОЛОТ.
КӨЛ БИРИКСЕ СЕЛ БОЛОТ.
деген менен ушуга окшогон интернеттен теорория түзүш керек канча адамды сайтыңа киргизсең сага ошончо акча түшөт Итернетен байыш үчүн макал ушул. ?
25.04.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ОЗУ бизде уйлонсон да чыгаша Олсон да чыгаша дегендей...уйлонгондо эки Жак акчасын чогултуп чек же фундамент куруп берип койсо,анан чакан той менен эле уйлонсо болот
25.04.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulia88,анда элге бергендеринди кантип аласын.
25.04.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкча чыгашанын кереги деле жок, той топур, кафе, ошондон көрө пайдалуу нерселерге жумша, витаминдүү нерселерди алып же тамакты түрлөп же дегендей...
25.04.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не чыкпай атат менин жазганым админ.
25.04.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirkaa5182, баракчаны жаңылап көрүңүз (сtrl+f5).
25.04.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсе чеги менен болуш керек , ашыкча чыгымдын кереги жок деп ойлойм
25.04.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туугандарга садака бер тууганын бай болсо башкаларга бер садака журогундон чыксын.
25.04.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эл менен элсинда. Жакшылыгындыда, жамандыгындыда эл келип , тен болушуп турганы жакшы. Албетте чеги менен.
26.04.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mumu1986,сенин айтканын да туура бирок ошонунда чеги болот чачат десе эле 30 машине менен закскп чыккан бул акмакчылык
26.04.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кенештерди аткарып акча табабыз десек омур бою акчаны артынан кууп калабызго, байларга суктангыла жаман корбой дейт акчасына копкон баларгабы андан коро ыйман келтиргиле тапкан акчанар тозоктон куткара албайт, бакыт созсуз акчада эмес
26.04.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча акча акча, акча суудай акса. Акча сага аска, акча сага танка акчасы жок манка. Маарекелер акча, майрам дагы акча. Арзан алып таварды аны кымбат сатса, айырмасы акча. Акча бийлик сургондо, напси чыгат жарышка ыйман кетет алыска, акча акча акчалар, келе баштайт карызга
26.04.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңеш экен
26.04.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңештер үчүн рахмат
26.04.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт Таштообаев агай калыс сүйлөптүр.Катташпаса тууган деле жат болот.Бирок ысырапкерчиликке жол бербей кийилбеген синтетика материал сатып алгыча
пайдалуу нерсе алып барган жакшы
26.04.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты кеңештер экен
27.04.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макала 100 сомун болгончо 100 досун болсун деген макалга каршы макала экен.
27.04.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңеш экен!
28.04.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каалгандарга канттан таттуу кеңеш екен!
29.04.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңештер экен, мага депозит туурасындагы кеңеш жакты, туугандар кайсыл банк депозит ачууга ыңгайлуу? башкача айтканда % пайызы көбүрөөк
30.04.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Superinfo замандын талабына жараша бизнес идеялар жонундо макаланыздар барбы?
01.05.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asedullah1996, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: http://www.super.kg/article/theme/261
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-01 10:32:47
30.04.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча табуу оной! Акчаны туура пайдалануу же башкаруу кыйын! Эн кыйыны ошол акчаларды сактоо! Саитмурад Давлатов
15.08.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
депозит деген эмне?
17.08.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойду элден жыйнаш учун кыласын да андан сон эки тарап суйлошуп уй же чек алып беришсе жакшы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо