Нурланбек Шакиев, NTV телеканалынын башкы директору: "NTV ТЕЛЕКАНАЛЫ БИЙЛИКЧИЛ ЖЕ ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ЭМЕС, НЕЙТРАЛДУУ БОЛОТ"

№755 14-20-апрель, 2017-ж.

– Саламатсызбы, Нурланбек мырза? Сиздин буга чейинки журналистика тармагындагы жетекчилик тажрыйбаңыз мол. Жаңы телеканал ачууңуздарга эмне түрткү болду?
– Саламатчылык. Жаңы телеканал ачуубуздун негизги себеби, өлкөбүздөгү телеканалдардын экиге бөлүнүп калгандыгы. Биринчиси оппозициялык маанайда болсо, экинчиси бийликчил көз карашта. Тактап айтканда, бир тараптуулук өкүм сүрүп, ар тараптуу көз караш жоголду. Бул маалымат каражаттары бийликти мактайт же бийликти жамандайт. Ал эми эл болсо кимисине ишенерин билбей калды. Мындан улам менин мурда телеканал башкарганымды билген адамдар мага "жаңы телеканал ачсаңар болбойбу? Элге чындыкты айткан. Болгонун болгондой көрсөткөн" деп көп кайрылышчу болду. Биз да бул идеянын үстүндө ойлонуп жүргөнбүз. Кийин мекенчил жаш ишкер жигиттер байланышып, жаңы телеканал бар экенин, бирок толук форматта эфирге берилбей жатканын айтып калышты. Мен да бул ойду ойлоп жүргөнүмдү, эгер артыңарда саясатчылар жок болсо, телеканалды бирге ачып, иштетели деген сунуш киргиздим. Алар эч кандай саясий күчтөр жок экенин айтышты. Ошентип көз караштар туура келип, бир нече ирет жолугушуу өткөрүп, иштеше баштадык.

– Учурда өлкөдө ар кандай телеканалдар бар. Бирок көпчүлүгү атаандаштыкка туруштук бере албай көрүүчүлөрүн жоготууга дуушар болуп келишет. Сиз башкарган телеканал бул сыноого туруштук бере алабы?
– Албетте, медалдын бул бетин да эске алганбыз. Телеканалыбыздын атын эл аралык деңгээлге чыгаруу максатыбыз болгондуктан, латын тамгалары менен жазууну туура көрдүк. Кыскартылып NTV ал эми толук аталышы "New Television" болот. Буюрса, май айынын башынан биринчи эфирибизди берип баштайбыз. Учурда бардык акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык жабдыктарыбыз даяр. Эмгек жамаатыбыздын саны 50гө жакын болуп, жарымы жаш, жаңыча ой жүгүрткөн кадрлар. Ал эми жарымы такшалган адистерден куралган. Жакынкы келечекте Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Орусиянын Москва жана Екатеринбург шаарларында, Түркия, Казакстан жана Түштүк Кореяга өкүлчүлүктөрүбүздү ачабыз. Бул аймактарда кыргызстандык мигранттар көп болгондуктан, мындай кадамга барууну туура көрдүк. Бирок бул иштер алдыда жасалчу пландардан. Андан сырткары телеканалдын сайты кошо ачылып, спутникке чыгуу иштери жүрүүдө. Берүүлөрдүн 70 пайызы кыргыз тилинде болуп, 30 пайызы орус тилинде чыгат. Мен өзүм ЭЛТРди жетектеп турганда чет өлкөлүк телеканалдар менен байланыш түзгөн элем. Буюрса, азыр да түркиялык каналдар жана BBC компаниясы менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алгач суткасына 17 сааттык берүүлөр менен телеканалдын иши башталат. Анын ичинде жаңылыктар күнүгө 5-6 жолудан көрүүчүлөргө тартууланат.

– Жаңы телеканалдын негизги көзгө басар өзгөчөлүгү эмнеде болот?
– Биздин телеканалыбыздын негизги өзгөчөлүгү – нейтралдуулукту сактап, коомдо болуп жаткан окуяларды ыкчам, так элге жеткирүү. Берүүлөрүбүздүн негизги бөлүгүн саясат эмес, маданият, тарых, табият жана акыркы жаңылыктар ээлейт. Саясий темалар жаңылыктардын ичинде гана берилип, андан сырткаркы саясий көрсөтүүлөр дээрлик жок болот. Учурда элибиз саясаттан тажады. Биздин милдет – коомубузда агартуучулук милдетти да кошо аркалоо. Жалаң эле коомдогу терс көрүнүштөрдү көрсөтө бербей, оң жактарыбызды да көбүрөөк көрсөтүүгө аракеттенебиз. Анткени коңшу өлкөлөр да биздин жакшы жактарыбызды көрүшү керек да. Антпесе биздин көпчүлүк ЖМКлар өлкөнүн маалымат коопсуздугуна жана аброюна олуттуу маани бербей келишет.

– Бардык эле жаңы ачылган жалпыга маалымдоо каражаттары "биз нейтралдуу болобуз" деген ниет менен ишке киришет. Бирок көп өтпөй бир тараптуу маалыматтар чыга баштайт. NTV телеканалын да ушундай тагдыр күтүп калбайбы?
– Ооба, аябай туура айттың. Баштапкы принцибинен тайып кеткендердин көпчүлүгүнүн түзүүчүлөрү саясатчылар болушат. Ал эми биздин телеканалды жеке ишкерлер, саясаттан алыс адамдар түптөп жатат. Бул маселени биз да көп ойлондук жана нейтралдуулук дайым сакталат деп сүйлөштүк.

– Маегиңиз үчүн рахмат! Жаңы ачылган телеканал коомубузга көп пайда алып келсин!
– Рахмат! Силердин жамаатыңыздарга да ыраазычылык билдирем!

Бектур Токтоноев
Алишер Алиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(13)
24.04.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик ишиниздерге! Телеканалдын 70% кыргыз тилинде болгону жакшы экен.
24.04.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адреси кайда экен билбейсиздерби
24.04.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса жаны нейтралдуу теле каналды коруп калат экенбиз. Чынында элдер саясаттан чарчады корунот мисалы КТР де Текебаевди жамандашса Сентябрда бийликти жамандашат кайсы бирине ишенеринди билбейсин . Ошол учун чынында бизге ушундай NTV сыяктуу нейтралдуу бир тараптуу эмес канал керек ошондо коомчулук чындык кайсы тарапта экенин тушунуп андаша билишет.
24.04.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай жаны каналдын башында Шакиев Нурланбектей агабыз башында турганы мени абдан кубандырды себеби бул киши ЭЛТР теле каналы учун кылган чоон эмгеги даледа болсо эл оозунан айтылып келет. Нурланбек ага сизге Чын денсоолук жана ишинизге ийгилик каалап сизди урматтап сыйлаган ининиз Токонов Русланбек.
25.04.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче Шакиев өзүнүн телеканалды башкаруу жагынан мыкты экенин ЭлТР телеканалына жетекчи болуп келгенде көрсөтүп койгон. Ишин ийгилик. Биз жакшы жаңылыктарды, мыкты жамааты Шакиевден күтөбүз.
25.04.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаны каналдын Кыргызстанда оз коруучулорунун саны коп болот деп ойлойм. Анткени Нурлан мырзанын бул каналды жетектеп турганы коп ийгиликтерге жетелейт. Себеби, Нурлан агай теле жаатында тажрыйбасы, идеялары мол. Ийгилик иштериниздерге.
25.04.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи жөнөкөйлүк бар жерде иш алга жылат эмеспи. Аз убакыттын ичинде агайды өтө жөнөкөй жана өз ишин мыкты билген адис катары тааныдым. Ал эми мындай инсандар жетекчилик кылган NTV телеканалы бийиктиктин гана жолунда деп билем. Башкысы так жана калыс телеканал экен. Ийгилик жалпы жамаатка! А.Токтоналиева.
Zai0888 түзөттү 2017-04-25 22:45:01
25.04.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгиликтер болсун! Ура! БИз көптөн күткөн канал...
26.04.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны телеканалдар кундон кунго кобойуп бара жатканы турган кеп. Бирок убакыт менен алардын саналуулары гана калат. NTVнин командасы оз ишин мыкты билген профессионал адамдардан куралып, Нурлан мырзага таандык менеджерлик жондому менен копчулуктон алдыга умтулаары – факт! Ийгилик!!!

26.04.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурлан Шакиевдин буга чейин иштеген жерлеринде мыкты жетекчи катары озун корсото алганы копчулукко маалым. Жаны баштаган ишине жана жамаатына ийгиликтерди каалайбыз.Элдин кутуп коргон телеберуулору коп болсун!
28.04.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан Шакиевди жакшы билебиз иштеген жерде дайыма калыстык менен чынчылдыкты дайыма биринчи орунга коюп келген жетекчи.NTV каналынын командасындагы профессионалдарды жакындан тааныйбыз.Ишинерге ийгилик телекоруучулорду жакшы корсотуулор менен багындыргыла!!! Алга
29.04.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо силер дагы
"Супер.тв" деген канал ачпайсынарбы?
01.05.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lion., сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо