Дамир Токтосунов, ырчы, обончу: «КУДАЙБЕРГЕН КУТУЕВ "ТУУЛГАН КҮН" ЫРЫН МЕНДЕН СУРАБАЙ ЫРДАГАН»

№755 14-20-апрель, 2017-ж.

Кеңсебизге Дамир Токтосунов кайрылып, көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан Кудайберген Кутуев ырдап жүрчү "Туулган күн" аттуу ырдын автору экенин билдирди. Өз кезегинде биз ал ырдын тарыхы тууралуу кеп козгоп, чын-бышыгын аныктадык.

– Дамир мырза, Кудайберген Кутуев ырдап жүрчү "Туулган күн" ырынын авторумун деп жатасыз. Бул ырды кандайча жазып калгансыз? Обону да сиздикиби?
– Мен өзүм Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарынан болом. Агаларым ырдап, тамадалык кылып жүрүшөт. Мен да аларды ээрчип жүрүп, 3-4-классымда аккордеон ойногонду үйрөнүп алдым. 1996-жылдан тарта анча-мынча обон чыгарып баштадым.
1998-жылы достор менен туулган күнгө баратканбыз. Эсимде, дал ушундай жаз келип жаткан учур болчу. Көңүл көтөрүлүп турган учурда капыстан "бүгүн майрам, бүгүн той деп, ушул жаздын күнүндө" деген кайрыктар келип калды. Кыңылдап ырдай бердим. Анан бир жуманын ичинде ырдын обонун, сөзүн да толук чыгарып бүттүм.

– Бул ырды өзүңүздүн аткарууңузда элге жайылткан жоксузбу?
– Ал кезде Кубик Калыков Кыргыз өлкөсүн кыдырып концерт коюп жүргөн. Аны менен жакындан тааныш болуп калганбыз. "Туулган күн" аттуу ырды биринчи Жалал-Абаддын "Нур" телеканалы аркылуу элге ырдап бердим. Аз өтпөй Бишкекке келдим да, Кубик Калыковго аранжировка жасатып, мамлекеттик телеканалдын "Алтын микрофон" аттуу телеберүүсүндө ырдап чыктым. Ошол учурда "Ош базардын" жанында үн жаздыруучу студиялар бар эле. Элге жайыла берсин деп ырды ошол студияларга таштап, Майлы-Сууга кетип калдым.

– Кудайберген Кутуев бул ырды кандайча ырдап калган?
– Чынын айтсам, кандайча ырдап калганын билбейм. Анын ырдап жатканын деле билген эмесмин. Майлы-Сууга концерт коюп келген ырчылар, ошол эле Кубик Калыков, Бек Борбиев "сенин ырыңды ырдап жатат" деп айтышты. Элес деле алган эмесмин. "Ырдаса ырдай берсин" деп койгом. Эми гана жубайым "өзүңүздүн ырларыңызды ырдап чыгыңыз. Автору сиз экениңизди эл билсин" дегенден кийин чындыкты ачыкка чыгарып коюуну эп көрдүм. Мурда көңүл да бөлбөптүрмүн.

– Кудайберген Кутуев менен жолугуп, такташып алганга мүмкүнчүлүк болгон жокпу?
– Мен анын атын эле укпасам, жакындан тааныбайм деле. Бир да жолу жолугуп сүйлөшкөн жокпуз. "Менин ырым" деп ырдап жүрчү экен. Автордун атын атап эле ырдап койсо жакшы болмок. Эми ал кез өттү-кетти. Азыр да көбү бул ырды Кудайберген Кутуевдин ыры деп билишет. Аваз Акимов ырдап жүрөт. Укканыма караганда, ал деле ырдын автору ким экенин так билбейт.

– Ыр сиздики экенин ким тактап бере алат?
– Ырдын биринчи аранжировкасын жазган Кубик Калыковдон сурасаңар болот.

Кубик Калыков, ырчы, куудул: «ЫРГА КУТУЕВДЕН МУРУН ДАМИР АРАНЖИРОВКА ЖАСАТКАН»

– "Туулган күн" аттуу ыр Кудайберген Кутуевдики эмес. Аны даана айта алам. Бул ырды Дамир мага 1998-жылы "аранжировка жасап бериңиз" деп алып келген. Ал кезде мен Сыймык, Бек, Динарага үйдө отуруп аранжировка жасап берчүмүн. Ыр Дамирге таандык болуш керек. Сөздөрүнүн автору ким экенин так билбейт экенмин. Сурабаптырмын. Негизи Дамир жакшы обондорду жаратып калат. Башка да жакшы ырлары бар. "Туулган күн" аттуу ырды Дамир жасатып кеткенден кийин, бир топ жылдан соң Кутуев ырдап чыкты.

Мирлан Өмүралиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
24.04.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мурда эле чыкпайт беле олгондон кийин менин ырым дебей.
24.04.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bishkek90, Кутуев тируу го...???? Турмого отуруп чыкты беле э
24.04.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудайберген Кутуев жонундо жазгылачыыыы
24.04.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул обон кимдики экенин билбейм.Бирок Темирбек Амановдун,,Кош бол,Сайкалым"деген ырынын обону да дал ушундай.
30.04.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk,ошол ырды кайдан тапса болот экен а? Ссылкасын жиберчи билсең. Темир Амановтун "Сайкалым" деген ырын
25.04.2017. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ыр обону дагы..
27.04.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul1402,кошулам жакшы ыр Кутуев жакшы ырдаган Эсиндеби деген ыр кимдики болгон??..аягансыппы карайсын козумдогу жашымды..ээй эске салба эстен кетпейт эски жара эми сенин башка суйгонун деп сыздап ырдачы эле..
25.04.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кубик деле Дамир болсо керек деп эле айтыптыр го.Кимиси болсо да Кутуев ырдаганда элге жеткен да,эми после пожара чыгып алып чукуй беришет.Админ ушул Кутуев жонундо жазгылачы чын эле,турмого тушконун билем,андан кийин эмне болду тагдыры.3-4ыры болсо да убагында аябай хит болгон,уну да звонкий,жакшы ырдап чыккан.А Дамир дегенди ким тааныйт имиш билбейм,жазса жазгандыр,бала торогондуку эмес баккандыкы-дегендей эле кеп да бул!
Eleko түзөттү 2017-04-25 16:16:29
27.04.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eleko, Саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
25.04.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талашкылаа
25.04.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу той таркаганда келип алып эмне айтат. Озун пиар кылып элге таанытайын д.н го. Озун убагында ырдап элге жеткире албапсын,эми Кутуевге барып рахматынды айтып кой
26.04.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле Кутуев жонундо кабар бергилечи Админ сураныч сиздерден,кээ бироолор айтат ичкиликке берилип кеткен деп кээ бироолор турмого камалып кеткен деп билбегенден кийин куноокор болбойлучу,сиздерден сураныч ал жонундо жазгылачы
26.04.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай берген Кутуев жакшы ырдайт эле башкача мимикалао менен Кутуев , кара кулжалык Саип Азимбаевдин суйуу балы аттуу чыгармасын да ырдачуу бирок жакшы ырдачуу кимин ыры болсо да Бектин ырын да жакшы ырдачуу Бишкеке деген ырын, бирок ал мезгилде авторду айтбай ырдап жургондор коп болгон азыр андан да коп
26.04.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кутуев Чаткалдык го...Сураштырып корсонор...табылат да.
27.04.2017. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун ыр.
27.04.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дамир Токтосуновдун уй булосу менен музыканттар.Эгерде мен адашпасам Асилбек Токтосуновдун иниси.Асилбек акени Ошто баардык шоу бизнец адамдары тааныйт.Асилбек акенин уулу Арген Асилбек уулу,Боз Торгойум деген ырына клип тартып теледен чыгып журот.Озун пиар кылбай эле тактык киргизип койойун десе керек.
01.05.2017. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miroslav,Асилбек Токтосунов Оштун Кара-Суусунан болот. Дамир Токтосунов Жалал-Абаддын Майлы-Суусунан болот экен. Бирок окшошуп кетет экен.
28.04.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайберген Кутуев Чаткалдын кулуну. Мен 2008-жылы коргом бишкектен. Ичип кеткен экен
29.04.2017. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ушу биздин адатыбыз барда бироо баштаса калгандарыбыз коштоп.Дамир токтосунов жакшы ырчы бир топ ырлары,клиптери чыгып келатат.негизи мага жагат чгармалары.Озуда шайыр ак конул аламгерчиликтуу киши.
29.04.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуев каза болгон деп уккам
30.04.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер инфо чын Эле кудайберген кутиев бул дуйнодон отуп кеткенби? Ал жакшы ырдачу керек болсо Бек дин ырларын да жакшы ырдачу, эгер отуп кеткен болсо Эми эстептирби? Мурда кайакта Эле
30.04.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайберген Кутуевке жолугуп рахмат айтып кой чындап эле. Эгер ал ырдап чыкпаганда мынчалык деңгээлге чыкпай унутулуп кетет беле балким бул ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо