ТИШТИ БРЕКЕТ МЕНЕН ТҮЗДӨӨГӨ 50 ЖАШ ДА КЕЧ ЭМЕС

№755 14-20-апрель, 2017-ж.

Тиштердин кыйшык, орсок, аралары ачык, кыскасы, туура эмес жайгашышын брекет системи менен оңдоо тууралуу стоматолог-ортодонт Мирбек Осмонбеков айтып берет.

КЫЙШЫК ТИШТЕР ООРУЛАРДЫ ЖАРАТАТ

Тиштердин кыйшык, орсок, аралары ачык, кыскасы, туура эмес жайгашышы төмөнкүдөй маселелерди жаратат:

  • Психологиялык маселе. Адам бирөөлөр менен сүйлөшкөндөн, күлгөндөн уялат.
  • Тиштердин туура эмес жайгашышы бүйлөлөрдүн ооруларына жана кариестин жаралышына жеткирет. Андай тиштерди тазалоо да кыйын болгондуктан тамак-аш калдыктары кала берип, ооз жаман жыттанат. Кыйшык тиштерге соо тиштер уруна берип жешилет.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Стоматолог-ортодонт адиске кайрылып, брекет системин тагынуу керек. Ал астыңкы же үстүнкү тиштерге толук коюлат. Ошондуктан брекет системи деп аталат. Кээде тиштердин абалына жараша астыңкы, үстүнкү тиштерге да тагылат. Бир айда бир ирет келип, коррекция жасатып туруу керек.

БРЕКЕТ СИСТЕМИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Брекет – бул ар бир тишке атайын клей менен бекитилип коюлуучу түрдүү материалдан жасалган кичинекей кулпулар. Ортодонттук жаа (дуга) ар бир кулпу аркылуу өткөрүлөт. Ортодонттук жаа кыйшык, орсок, кичине, чоң тиштердин формасына, жайгашуусуна карап ылдый, өйдө ийилүүгө жөндөмдүү. Убакыттын өтүшү менен ал заводдон чыгарылгандагы жаа формасына кайтып келүү жөндөмүнө ээ. Тагыраак айтканда, ал калыбына келүүгө аракеттенип, түрдүү жайгашып калган тиштерди ордуна коёт. Тиштердин арасы ачык болсо, врач убакыттын өтүшү менен баягы ортодонттук жааны тартып, алардын бири-бирине жакындап өсүүсүнө кам көрөт. Тиштердин абалына жараша дарылоо курсу бүткүчө бир пациент үчүн бир нече брекет алмаштырууга туура келет.

2 ТҮРҮ БАР

Лингвалдык брекеттер
Брекет системинин бул түрү тиштин ич жагына жабыштырылгандыктан "көрүнбөс" деген да аты бар. Муну көбүнчө эл көзүнө көп чыккандар тандашат. Вестибулярдык брекеттерге караганда кымбат болот.

Вестибулярдык брекеттер
Эң көп жайылган түрү. Тиштердин сырт жагына жабыштырылгандыктан көрүнүшү анчалык жагымдуу эмес. Андыктан өндүрүүчүлөр аны көп байкалбай тургандай материалдан чыгарууга аракет кылышат.
Заманбап брекет системдин арзан же кымбаттыгы жасалган материалына, конструкциясынын түрүнө жана тиштерди коррекциялоодо иштин канчалык татаал экендигине жараша болот. Ал эми брекеттердин аткарган милдети бирдей эле.

КАНЧА ЖАШТАН ТАРТЫП ТАГЫЛАТ?

Балдарда. Сүт тиштери түшкөн соң кадимки тиштери кыйшык, орсок же ортолору ачык болсо, анда балдардын ортодонт адисине 7ден 14 жашына чейин алып барып оңдотуу керек. Тиштердин кыйшык, орсок болуп өсүп калуусуна упчуну 1 жаштан өтсө дагы эмизүү, жасалма сүт азыктарын упчулуу бөтөлкөлөр менен дамамат берүү, таттууларды көп жегизүү да себепкер болот.
Чоңдордо. 60 жаштагыларга чейин тагылат. Бирок жаш кезде тиштер оңой жылышат.
Канча убакыт керек? Болжол менен 1-2 жылга чейин. Бирок чечкенден кийин деле тиштер кайра жылышып кетиши мүмкүн. Андыктан тиштерди жаңы ордунда кармоо үчүн бир топ мезгил тиштердин ички бетине атайын клей менен жабыштырылып коюлуучу зымды – ретейнерди тагуу керек. Же болбосо түнкүсүн пластмассадан жасалган каппа тагып жатуу зарыл.
Оорутабы? Башында оорутууну, жагымсыз сезимди жаратат. Адам так сүйлөй албай бир аз булдуруктайт. Бирок бара-бара көнүп, оорубай калат. Брекет тагынып жүргөндө тишке жабышып калуучу азыктарды, катуу нерсени жегенге, чакканга болбойт. Газдалган суусундуктарды ичкенге да уруксат эмес. Булар брекет системинин иштөөсүн бузат, тиштин өңүн өзгөртөт. Кээ бирлер брекет тагынуудан кийин омуртка кыйшайып же чурку (грыжа) жаралат деп ойлошот. Бул туура эмес. Омурткага жаактын тубаса патологиясы (алдыга чыгып же артка тартылып калуусу) таасир этүүсү мүмкүн.

МАТЕРИАЛДАРЫ

Металл


Брекетти даярдоодо эң көп колдонулуучу материал.
Бекем, кийип жүргөндө ыңгайсыздык жаратпайт.
Оозду ачканда эле даана байкалып көрүнүп калат.

Баасы
– 17 000 сомдон өйдө (астыңкы же үстүнкү тиштерге), асты-үстүнө тең коюлса, анда 30 000 сомдон өйдө.

Пластик


Тиштин өңүнө окшошу, ошондой эле түстүүсү да бар. Түссүзү металл брекетке салыштырмалуу көргөн көзгө анча байкала бербейт. Түстүүлөрү балдарга коюлат.
Морт, өңү өзгөрүлүп кетүүсү мүмкүн (тамак-аш боёкторунун таасиринен). Жешилип же жарылып кетсе, аны алмаштырууга туура келет. Бул дарылоонун жыйынтыгына терс таасир этет.

Баасы – 120 000 сомдон өйдө (астыңкы же үстүнкү тиштерге).

Керамика


Тиштин өңүнө окшош өңдөгү брекетти тандоого болот. Ооздон анчалык байкала бербейт, бекем. Тамак-аш боёкторунун таасиринен улам өңү өзгөрбөйт.
Морт, сынма келет.

Баасы
– 40 000 сомдон өйдө (астыңкы же үстүнкү тиштерге).

Сапфир


Сапфирдин тазасынын да, жасалмасынын да өңү түссүз болгондуктан ооздо байкала бербейт. Тамак-аштардын боёктору таасир этпейт, тиш таштары да топтолбойт.

Морт болот, андыктан коррекциялоо иштери маалында сынып калуусу мүмкүн.

Баасы – 50 000 сомдон өйдө (жасалмасы, астыңкы же үстүнкү тиштерге).

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


Брекет менен тиш бир жарым жылда түздөлөт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
24.04.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
алкымдары аттыкындай негизи стомотологтордун бизге окшогон карапайым каяктагы 120минге кое алат
24.04.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
gulmira12345,Алар да үй-бүлөсүн багышы керек да.
25.04.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Polumna,тиш бул жашоодо чон роль ойнойт ошого караштуу кымбат. Стамотологтор акчаны олло табат. Бирок баарыбир услугасы кымбат. Уй булоосунон ашып ташып кетет а акчасы жоктор журо ьерет армандап.буларга ою жетсе да бутту жетпей.
25.04.2017. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчачын кайда коротушун билбеген адамдар да бар байлар кое берет
25.04.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура ото кымбат экен
26.04.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен брекет тагыгам,башында тиштерим ооруп суйлой албай тамак жей албай калгам,кийин конуп кеттим.
SUPER.KG видео
27.04.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага керек брекет.
27.04.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bdastan Канча болду тагынганыңа? Канча убакытка чейин тагат экенсиң?
30.04.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай кымбат ко.Кичине арзанырак кылышса болбойбу,асмандын башын атпай.Мен дагы койдурушум керек болуп журот.Бааларын укканда, чачым тик турду го.
30.04.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Stom aptekalardan kyzygyp surasan jakwysy 100$ turat eken asty ustu 500$ don koyuwsa tygyp ele alywat eken da chirkin
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо