ЭЛ БИЙЛИГИ ОРНОДУ

№388 10-15-апрель, 2010-ж.

ӨКМӨТ БАШЫНДА РОЗА АЙЫМДЫН КОМАНДАСЫ
8-апрелде Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү, белгилүү саясатчылар Убактылуу өкмөттү түзүштү. Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалды. Бир эле учурда бул өкмөт президенттин да, парламенттин да милдетин аткармакчы. Р.Отунбаеванын орун басарлары болуп Алмазбек Атамбаев (жалпы экономика тармагына жооптуу), Темир Сариев (каржы жана насыя тармагын колго алат), Өмүрбек Текебаев (конституциялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырат), Исмаил Исаков (күч органдарын тейлейт), Азимбек Бекназаров (сот жана прокуратура тармагын көзөмөлдөйт) шайланышты.
Убактылуу өкмөттүн негизги милдети – учурда мамлекеттеги кооптуу абалды жөнгө салуу. Элге кайрылуусунда Роза айым убактылуу өкмөт жарым жыл ичинде алдыга коюлган негизги максаттарды, алсак, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, жаңы парламентти шайлоого шарт түзүү, тарифтерди мурдагы калыбына келтирүү, сатылган стратегиялык ишканаларды мамлекетке кайтаруу жана башка иштерди аркалай тургандыгын билдирди.


ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ -
Убактылуу өкмөттүн башчысынын мыйзам иштери боюнча орун басары.

Акаевдик режимде да, бакиевдик режимде да оппозиция лидерлеринин сап башында келген саясатчы Өмүрбек Текебаев буга чейин облустук губернатордун орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, ЖКнын төрагасы кызматтарын аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын эң кубаттуу саясий партиясы “Ата Мекендин” негиздөөчүсү жана төрагасы.


ТЕМИР САРИЕВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын каржы жана насыя маселелери боюнча орун басары.

“Ак шумкар” саясий партиясынын жетекчиси, белгилүү саясатчы. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2009-жылы Бирдиктүү оппозициядан чыккандыгын жарыялап, президенттикке өз талапкерлигин коюп, ат салышты.


АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын экономика тармагы боюнча орун басары.

Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын негиздөөчүсү жана лидери. 2005-жылдагы төңкөрүштү ишке ашыргандардын бири. 2005-жылы Кыргызстандын Соода, өнөр жай жана туризм боюнча министри болуп дайындалып, 2006-жылы өз арызы менен кызматтан кеткен. 2007-жылы премьер-министрлик кызматка келип, ушул эле жылдын аягында кызматтан кеткен.


АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын сот жана прокуратура иштерин көзөмөлдөө боюнча орун басары.

ЖКнын экс-депутаты, 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Башкы прокурор кызматын аркалаган. Акаев бийлиги учурунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылышына тикелей каршы болуп, элди баштап чыккан. Акаев бийлиги камакка алганда Азимбек мырзаны абактан бошотуу үчүн уюшулган окуяда Аксынын 6 азаматы окко учкан.


ИСМАИЛ ИСАКОВ -
Убактылуу өкмөт башчысынын күч органдарын көзөмөлдөө боюнча орун басары.

Экс-депутат, мурдагы Коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы. Коопсуздук кеңешинде 6 ай иштеген соң Бакиев бийлиги менен иштей албасын айтып, өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Оппозициянын катарына кошулган генерал И.Исаковго бийлик жалаа жаап, 8 жылга эркинен ажыраткан. 7-апрелдеги элдик ыңкылапта эл тарабынан абактан бошотулду.


КЫЗМАТ ОРДУН БОШОТКОНДОР:
Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен кызматынан кетти. Анын ордуна буга чейин Ислам институтун жетектеп келген Абдышүкүр ажы Нарматов кызматка келди.
Нурланбек Шакиев ЭлТР коомдук телеканалынын башкы директору кызматынан өз арызы менен кетти. Шакиев алгач өз чечимин билдиргенде жалпы эмгек жамааты кызматтан кетпөөнү суранышкан. Бирок Шакиев өз чечиминен кайткан жок. Тактала элек маалыматтар боюнча ЭлТРге жетекчиликке журналист Шайырбек Абдрахманов келиши мүмкүн.


ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР:

Болот Шерниязов - Ички иштер министринин милдетин аркалайт.

Дүйшөн Чотонов - Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарат.

Кеңешбек Дүйшөбаев - Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткарат.

Дамира Ниязалиева - Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарат.

Иса Өмүркулов - Бишкек шаар башчысынын милдетин аткарат.

Эдил Байсалов - Убактылуу өкмөттүн башчысынын Борбордук аткаруу комитетинин аппарат башчысы.

Эмил Каптагаев - Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы.

Адыл Эсенбеков - Нарын облусунун губернатору.

Карамат Орозова - Баткен облусунун губернатору.

Кушбак Тезекбаев - Ош облусунун губернатору.

Камчыбек Ташиев - Жалал-Абад облусунда митингге чогулгандар элдик губенаторлукка К.Ташиевди көрсөтүштү. Бирок убактылуу өкмөт беките элек.

Шералы Абдылдаев - Талас облусунун губернатору.

Кубат Оторбаев - УТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат.

P.S. Өкмөттүн курамы жакынкы күндөрү толукталмакчы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
12.04.2010. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдил Байсалов шайлоо убагында эле блютен уурдап кармалдбады беле эми азыр элге кызмат кылмак беле! Деги байкагыла элди алдап алып башынар кетип калбаса болду!
12.04.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnesi bolso da, jurogunordogu iyman,adamdik sapatinar ochposunchu! Azir ech kimge ishenuugo bolboyt!!! Bakiev dagi ushunday ubadalari menen,eldin ishenimi menen kelgen.Bizdin biyliktegiler baylik koluna toptolo bashtaganda ele buzula bashtayt.Ubaktisincha bulardan akilduu ech kim jok!!!
12.04.2010. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди алдаганды кудай жазаласын!
13.04.2010. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biylikti kan toguu menen alyndy, emi biylikti algandarga iyman, adamgerchilik kudaiym bersin!Birok bizdin chynygy prezident-BAKIEV!!!
13.04.2010. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максим эле жок болсо Курманбек Бакиев татыктуу президент!
13.04.2010. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хердсвиит, Минура
Жарыкка чыга элегине канча болду? Мынчалык коп убакыт карангыда жашаганга болбойт, акылга доо кетип калат
14.04.2010. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз эли учун мурда эмне кылгансынар...?
эми эмне кылып берет эленер!!!!

14.04.2010. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
электр энергиясынын баасын калыбына келтиришти
мобилдик байланыштын туташуусун калыбына келтиришти Ушундай кылдын учундагы кырдаалда элдин башына келишти(жанын сайып койуу менен барабар бул)... элди ынтымакка чакырып жатышат... (сен деле ошентсен жакшы эле болот эле, кайра ырбатпай) дагы коро жатарбыз...
15.04.2010. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арзандаткан менен эчтеке озгорбойт башка жагынан чыгарып алат, бул элди соороткону.
эмнеси болсо да бизге патриот ыймандуу президент келсе экен

15.04.2010. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазбек
сенин айтканын ылайым эле жалган чыгып калса экен
16.04.2010. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне патриот президент келсин дегени жалганга 4ыгыщын каалайсынбы.Алар Элди колдонуп алды.Эл у4ун жанын сайып,революцияда кокурогун тосуп 4ыктыбы окко.Байкущ элди уркутуп коюп,оздорун кутакаруу4у сезип алыщыптыр.Ущул жерде(Кубат Оторбаев - УТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат)Кубаттан бащкасы баардыгы бощ.Эдил Байсалов 4ыккын4ы,ууру.Бекназаров да,Атамбаев да,Исаков Бакыйдын неберисинин адамдары болгон.Арасынан ала мыщык отконбу,озун4о оппозитси9 болуп,калп эле калпак кийип алыщат баары.
16.04.2010. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл бийлиги орноду,оппозици9 Ээлеп болущуп алды.Тамагынар таттуу болсун.Корлу4у ыбаданарды аткарасынарбы,же силердин айынардан 5 жылдан кийин дагы щейиттер кетеби.Жеп жатканда секин-секин жакщылап 4айнап анан жуткула.Тамагынарга тыгылып калбасын.Аранарда бироон эл у4ун ол десе олбосонор керек а.Бийликтеги адам озун олгон адам катары эсептеп коркпой ищ кылыщ керек.Бир сураны4ым КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОНУГУЩУНО БАСЫМ ЖАСАЙ ТУРГУЛА.КЫРГЫЗСТАНДЫ ОНУКТУРО АЛБАСАНРДА БИР КАЛЫПТА САКТАП ТУРГУЛА,ОНУКТУРО ТЫРГАНД
16.04.2010. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"арзандаткан менен эчтеке озгорбойт башка жагынан чыгарып алат, бул элди соороткону".
деген соз жалганга чыгышын каалайм. Сен озу жакшы нерсени жаманга бурганга ык алып турат окшойсун. Далилдей албаган нерселеринди айтпа, же далилдеп чык, келгенине 10 күн боло электе жер жеберине жетип жатасын, сенден деле ким жакшылык күтөт. Убактылуу өкмөттөгүлөр минтип бирөөлөргө негизсиз асылгандарын уга элек болчумун.
16.04.2010. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен элге жакшылыгынды башкага асылбай эле кыла берсен болбойбу, чындап куйгон киши болсон. Алардын туура эмес ишин коруп жатасынбы, далилдеп чык. Далилдеп чыкпай туруп айтылган создор сени жон эле жалган жалаачы кылып койот да.
16.04.2010. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushulardyn arasynda Kyrgyzstandy orkundoto ala turgan 2 ele adam bar(Ismail Isakov,Roza eje),kalgany baary ele kayra ketkichekti chontoktorun tolrura alayin dep jantalashyp kelgender!!!korosunor ekoonu ten kalgan 'gienalar'kiyinirek kisip chigarip jiberishet,"bezge koburok jetsin" dep.
16.06.2011. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасыз...
16.04.2010. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalan ACH KARYSHKYRLAR keldi builikke kydai ozyn ele sakta kichinekei mekenibizdi.
16.04.2010. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ак ийилет,бирок сынбайт" Бакиевке жалган жалааларды жаап,бийликтен айдагандарды Кудай жазалайт,кимдин айыбы бар?кимдин айыбы жок?баарына Тенирим кубоо,бийликке жаны келгендер "беш кундук" дуйнонорду ойлобой,акыретти да кичине ойлосонор!
16.04.2010. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай,ушулардын баары биригип,бир бычакка сап болоорго жарабайт!!Кор болбогула кыргыздар,Бакиевдин кылган иштерин корбой кайсы козунор менен азыркы бийликтин жакшы жагын,келечегин коруп жатасынар?!!Кыйрата турган болуп баары эле купулдойт,максаты бироо гана баарынын"кресло","Келме кезек ,терме тезек" деген экен бир акылман!
17.04.2010. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
президент болуп россиядан Алиев келет
дейт.
17.04.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол Алиев президент болгону жакшы Кыргызстанга, кантсе да Путиндин учениги, антпесе онолбойт Кыргызстан!!!
17.04.2010. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздон эле болсун, бизди билген. Озубуздун деле уучубуз куру эмес, Кудайга шугур. Бакиевге окшоп напсинин кулу болуп, шерменде болушпаса экен деп эле тилеп туралы.
17.04.2010. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мобу Болотбек Шерниязов,ИИМдин министири болуп туруп, милициялардан келтек жептир го бугун Жалалабадда,кызыык...Калгандарын эмне кутоор экен?...
18.04.2010. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда уктум сабаганын.
жанылыктарды кузотсом эчтеке айтпады
ЭРКЕК милиционерлер экен
18.04.2010. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
минура сен бакиев деп жазгандан тажабайсынбы е?
18.04.2010. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазбек,сен да кызык экенсин ай,булар КТРди Кыргызстандагы бут каналдарды басып алса кайдан корсотмок эле?байкуш Болотбек аран министирликке жетип жетелек ушундай болуп отурат да...Милиционерлерден келтек жеп отурса бул эми кантип КР МВДга башчы болот?
18.04.2010. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазбек, Нурхан
силерге ошол керек болуп жаткан да ээ, пейлинерден таап атканынар аз болуп жатса дагы табасынар, койо тургула
18.04.2010. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urdum UWULARDYN BAARYN, baary ten kalpele eldin atynan 4ygyp oz kyzyk4ylyktaryn kozdogondor! Adam baary bir a4koz bolot!
19.04.2010. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу окурмандар, бул жерде макалага гана пикирлеринизди билдирсениздер. Ал эми талкууну форумдун тиешелуу болумдорунон кылсаныздар болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо