HI-TECH NEWS

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

AEROMOBIL САТЫККА ЧЫГАТ

Монакодогу Top Marques көргөзмөсүндө словакиялык компания эки учуучу унаанын алгачкы үлгүсүн көрсөтүштү. Анда учуучу унаанын жаңы үлгүсү – AeroMobil көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Эки орундуу AeroMobil жерде саатына 160 чакырымга чейин жүрө алса, асманда саатына 200 чакырымга чейин уча алат. Учурда фирма алдын ала тапшырыктарды ала баштаганын айтып, бирок унаанын техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу так маалымат бере элек. Унаа шаймандарынын сапатына жараша баасы 1 миллион евродон 1,5 миллион еврого чейин болору айтылууда. Алгачкы сатып алуучулар өздөрүнүн учуучу унаасын 2020-жылы ала алышат.

КИБЕРСПОРТ 2022-ЖЫЛДАГЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫНЫН ПРОГРАММАСЫНА КОШУЛАТ

Киберспорт 2022-жылдагы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарынын программасына кошулат. Азиянын олимпиадалык кеңеши компьютер оюндарынын мелдешин 2018-жылы Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтө турган Азия оюндарында көрсөтмө катары кошуп, 2022-жылы расмий түрдө спорт оюндарынын катарына киргизмекчи. Азия оюндары Эл аралык олимпиадалык комитетте масштабдуу өткөрүлгөн спорт оюндары боюнча Олимпиададан кийинки орунда турары белгилүү.

МЫНДАН АРЫ ФЕЙСБУК АДАМДЫН ОЮ МЕНЕН ИШТЕЙТ

Фейсбук социалдык тармагы компьютерди адамдын ою менен башкара турган системди жасоо алдында турат. Бул тууралуу Building 8 бөлүмүнүн башчысы Регина Дуган АКШнын Калифорния штатында өткөн F8 өнөр жай конференциясында билдирген. Анын айтымында, компания адамдын ой күчү менен, "чычканды" колдонбостон мүнөтүнө 100 сөздү компьютерге түшүрүүчү системди иштеп чыгууну көздөп жатат. Түзүлүштүн артыкчылыгы – адамдын оюна келген нерсенин баарын эле жаза бербейт, адам өзү каалаган гана ойлорун түшүрө алат. Аны ишке ашыруу үчүн адам мээсиндеги тил борборлорунун активдүүлүгүнө көз салган атайын маалымат берүүчүлөр (датчик) колдонулары айтылды. Ошондой эле корпорация дүлөй адамдардын үндөрдү кабыл алуусуна шарт түзгөн технологияны да ойлоп табууну пландап жатканын кошумчалаган.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
01.05.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КиберСпорт жакты. Мен да катышмакмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо