БАБАНОВ 80% ЭЛ ИШЕНИМИНЕ ЭЭ

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

Сурамжылоо жүргүзүп саясий аба ырайын айткан Gallup социологиялык институту Кыргызстанды кыдырып, өлкөбүздүн саясий абалы боюнча социологиялык изилдөө жасады. Сурамжылоо 18 жаштагы жана андан ашкан атуулдар арасында жүргүзүлгөн. Сурамжылоо кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөн.
Анын натыйжасында президенттик орунга талапкер болчулардын арасынан Ө.Бабановду элдин 80 пайызы колдоору белгилүү болгон. Ушул жекшемби күнү президенттик шайлоо өтсө, Өмүрбек Бабановго ар бир үчүнчү шайлоочу добушун бермек экен. Башка талапкерлер Ө.Бабановдон 10 эсе, 5 эсе аз добуш алары белгилүү болгон.
Эл былтыркы күздө өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосун салыштырмалуу таза өттү деп эсептейт. Андыктан быйылкы президенттик так талаш да таза, адилет болот деген ойдо. Ошондой болсо да, сурамжылоого катышкандардын 12 пайызы алардын туугандары менен тааныштарына өткөн шайлоодо добушун сатууну сунуш кылгандар болгонун айтышкан. Болжолдуу түрдө күзгү шайлоого калктын 77 пайызы катышарын билдирген. Шайлоочулардын 21 пайызы шайлоого катышар же катышпасын азырынча чече элек. Мекендештердин 65 пайызы мамлекетибиздин алган багытын туура деп эсептейт.

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -15 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо