Алиша Диа, актриса, ырчы: "300 СОМ МЕНЕН БИЗНЕС БАШТАГАМ"

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.

– Кандайсыз, Алиша? Маегибизди сиздин шоу чөйрөдөгү акыркы жаңылыктарыңыздан баштасак.
– Учурда "Сен деп жашайм" деген ырымды жаздырып бүтүп, клибин тартууга даярданып жатам. Буга чейин англис тилинде 2 ыр жаздыргам. Ырдоо боюнча дагы бир нече долбоорлорумдун үстүндө иштеп жатам. Мындан тышкары "Alisha Dia" деген кийимдер коллекциясын чыгарып, коңшулаш Казакстан жана Орусияга сатыкка жөнөтөм. Алар жергиликтүү базарларында сатылууда.

– Жеке ишкерлик менен алектенгениңизге канча убакыт болду жана демөөрчүңүз ким?
– Өзүмдүн кийимдер коллекциямды чыгара баштаганыма көп убакыт деле болгон жок. Башында 300 сом менен баштагам. Кездемени метрлеп алчумун. Акырындап бирөөгө экөө кошулуп көбөйө баштады. Азыр ошондон түшкөн акчаны ыр жаздырууга жана клип тартууга жумшап жатам.

– Ыр жаздырып жатыпсыз. Бир кезде ырдаган ырларыңыз элге сиңген эмес. Бул жолу да ошондой болот деп чочулабайсызбы?
– Жок, такыр ойлонгон жокмун. Мен бул нерсеге көңүл бурбайм. Анткени ырдоо жана тасмага тартылуу менин хоббим. Ал эми "үнү жок, ырдабай эле койсун" дегендердин ою менен жашабайм. Алардын пикири мени тамактандырбайт, кийиндирбейт дегендей. Менин жеке жашоом каалоомдон куралат да.

– Сиз тартылган "Шаардык келин Шарапат-2" тасмасы казактардын "Келинка Сабина" тасмасынын көчүрмөсү деп жатышат. Сценарий менен таанышканда плагиат экенин билип, баш тарта алган жоксузбу?
– Роль жаратуучулар сценарий менен Суусамырга тартылуу ишине баратканда тааныштык. Окуп алып нес болгом. Себеби "Келинка Сабинага" аябай окшош экен. Мындай болбойт деп ар кимибиз пикирлерибизди айтып жаттык. Барчу жерибизге жеткенден кийин "казактардын тасмасын көргүлө" деп көрсөттүм. Ошондон кийин айрым учурларын өзгөртүүгө туура келди, анан дагы тасманы тартууга 15 мүнөт калганда айтчу сөздөрүбүздү ойлоп таптык. Сөздөрүбүз башка болгону менен, тасманын маани-маңызы өзгөргөн жок.

– "Сценарийди иштеп чыгып, анан тарталы" дегендер болгон жокпу?
– Албетте, болду. Бирок көбүнүн убактысы ченелүү эле. Мисалы, Айнура Турганбаева театрда иштейт. Ал киши эмгек өргүүсүн алган. Болбосо ал эженин убактысы болмок эмес. Ушул сыяктуу учурларды эске алып, тасманы тартуу ишин токтото албай койдук. Чынын айтсам, биздин өлгөн жерибиз ушул экен деп ойлогом. Бирок монтаждалгандан кийин көрүп алып боорум эзиле күлдүм. Негизи тасмаларды көргөндө күлчү деле эмесмин. Кызыктуу болсо керек да. Орто эсеп менен алганда тасмалар 1-2 ай прокатта турчу. Бул тасма 4 ай прокатта турганына таң калдым.

– Актрисалык тушооңузду кайсы тасма кести жана баш-аягы канча тасмага тартылдыңыз?
– Кыргызстан, Германия жана Франция менен биргелешип тарткан "Тенгри" деген драмалык тасма болгон. Анда мен 15 жашта элем. Ошондон кийин Эрнест Абдыжапаров менен таанышып калдым. Мен роль жараткан тасмалардын жалпы саны 12 же 13 болсо керек. Алардын арасында эпизоддук ролдор да бар.

– Кайсы ролду аткаруу кыйын болду эле?
– Казактардын "Жаным" тасмасында роль аткаруу оор болгон. Терс каармандын образын ачып берүүдө кыйналдым. Тасмадан улам шүмшүк кыз болуп таанылып калдым да, кээде дүкөнгө барып калсам сатуучулар "Айсулууга ("Жаным" тасмасындагы каарман) тийишпечи, аны жайына койчу" дешчү. Ошентип көпчүлүккө жаман көрүнүп да алгам.

– Сунуштар болуп жатабы?
– Жакында эле казак кинематографисттери тарабынан сунуш түштү. Бирок интимдик катнашты чагылдырчу жерлери бар экен. Дароо эле баш тарттым. Албетте, акчасы чоң, бирок андай тасманы ата-энем, туугандарым кантип көрүшөт? Кандай гана сунуш болбосун анализ жасап, анан макулдугумду берем.

– Тасма тартуу оюңузда барбы?
– Ооба. Коркунучтуу кино тарткым келет. Бирок өзүм андай тасмаларды көрүүдөн корком. Кээде көрүп алып эшикке чыга албай, аркамдан мени бирөө ээрчип жаткандай эле сезилет. Балким, ушунусу кызык окшойт да.

– Чектен чыккан күйөрмандарыңыз болгонбу?
– Ашыкча кызганып "меники болосуң же эч кимдики болбойсуң" деген күйөрмандарым болгон. Үйгө чейин келип үйдү сүрөткө тартып алышып, мага жиберишчү. Бир жолу бирөө келип дарбазадан ашып түшүп үйгө кирип кетиптир. Телефон чалып "уктоочу бөлмөңдүн жанында турам, бери чык" деп телефонун коюп салды. Түшүнбөй эле кайра чалсам өчүрүп салат. Көрсө, үйгө кирип залда күтүп жатса атам келип, телевизор көрүп отуруп калыптыр. Атама көрүнбөй акырын чыгып дарбазадан секирейин десе, агам дос балдары менен туруптур. Кетиш керек болуп секирип түшүп, эч нерсе болбогондой машинасына отуруп кетип калыптыр. Кийин мага өзү айтып берип жатпайбы.

– "Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" демекчи, турмушка качан чыгасыз?
– Жооп бериш оорураак болуп жатат. Жигиттер көп, бирок сүйлөшө келсең эле "качан үйлөнөбүз?" дешет. Болбосо таанышканыбызга 1 же 2 ай болгон. Турмуш кургандан кийин бет кабын чечип, өнөрлөрүн көрсөтө башташат. Ошондон чочулайм. Сүйлөшкөн жигитим жок, ошондуктан азырынча турмушка чыкпайм.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

"Шаардык келин Шарапат-2" тасмасында кайненем менен борборго келген кезибиз".


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(48)
01.05.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shako-1, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз.
01.05.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Москвада деле сумка сатып эле жургон 2жыл мурун типа бизнец кылып. Мамасы соонун аял
01.05.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Койгулачы ээ, билгенин да билбегенин да жаза береткенсинер да.Бул кызга болгон коз карашым 100% озгорду , жакшы кыз экен
01.05.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырлары хит болбосо,элге жетпесе,анда ырдап не кызык,мага баарбир дептир го,уйундо эле караокеде ырдай бербейби андай болсо,тооба.Создорунун мааниси жок кыз экен сырты сулуу болсо да.
02.05.2017. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таланттуу аябай кинодогу ррлдору аябай соонунго
02.05.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апеей бул Алиман го ,бир группа тузуп ырдашчу мурда ,Алиша десе ким деп чочуп кеткеним,сени Алиман катары эле тааныйбыз алтыным
02.05.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кашынын формасын озгортсо жакшы болмок
02.05.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чын эле силердин пикириңер бул кызга тамак болуп бербейт. Ошондуктан "пас кеттиң, жогору кеттиң" дебестен ийгилик каалап коелу. Адал эмгек менен иштеп жаткан болсо, Кудай колдосун!!!
02.05.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Begimkyz,Тура айттын оноруно ийгилик каалашкандын ордуна пасс кеттин дер сындашат а так жакшынакай чырайлуу аракети бар кыз экен
02.05.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолук сатыппы?)
02.05.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койгулачы сонун ойноптур мага жакты шарапат дегени азыркы аты ужас экен жакпады озун атын эле жакшы ашыкча эле боенуп алыптыр
02.05.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алиман Дүйшөналиева мурда Импульс тобунда ырдаган жок жок келбе мага,тан атканын кара деп
02.05.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жашын өткөн сайын эркектер кыз тандап, кыздар жигит тандап, бири бирин жактырбай калат экен ошондуктан кыз бойго жетсе турмушка бергенге шашылыш керек дешпеген. Журө берсен артындан эмне гана создор айтылбайт, андан көрө турмушка чыгып, "бактылуу апа" атан
02.05.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир бала залга кирди, мага чалды, атам келди, агайын десе байкем бар. Фантастика!!!
02.05.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
300с менен эле бизнес баштаганы жакты.
02.05.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыркы тартылып жаткан тасмаларды коруп кулкун келет, актриса менен актерлордун чеберчилиги "ноль", баары жасалма жаттап алган тексттри билинип эле турат. Аскат Сулайманов, Камчы Сарыбаев Азиз Мурадилаев ж.б. "Дем" таетрынын актёрлору тартылган фильмдерди суйуп кором, калгандары аман эле болсун да, жарымы кыргызча,жарымы орусча,профессионалд актерлору жок эле,шабашкага тартылган бир нерсе фильмдер. Корсон суйлогондорунон кыжырын кайнайт.Чымчык сойсо да Абдыжапаровго окш
03.05.2017. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,ой боорум, Туура айтасыз 200пайыз кошулам Ар бир созунузго.
03.05.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шарапат жакшы эле кино корсо болот ...Кээ бир кинолорго окшобой(Ит уро берет кербен журо берет !Ийгилик Алиша Диа
03.05.2017. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят кыргыздар, казактын ырлары эле эмес эми кинолорун которуп баштадынарбы? Анан бир бала уйумо кирип кайра чыгып дегени тушунуксуз, бул кыз чатырда жашайбы деп ойлоп калдым.
03.05.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай Берген атынды озгортпой эле койбопсун кыжырды кайнатып.
03.05.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Создору тушунуксуз кирди караса агасы достору менен турат кетиш керек болуп ашып кетиптир деп калп суйлоп 300 сомго бизнес баштаганмын деп бир жолу эле 3 соиго десен болмок
04.05.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайды карап калп айтса боло 300 сом менен базарга барып эки байпак эле албаса.
04.05.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менде 500 сом бар баштасам мага деле кеч эмес экен да.
04.05.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казанына аш салып бергенсип жаман сындапсынарго.Шарапат киносуна тартылып озун пас кылды дейсинер озун бийике коюп кыйын болгондон коро жонокой болгон жакшыбы
04.05.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алимаш эле жакшы угулат экен. Эркеоеткендей
04.05.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
залга кирип отуруп алыптыр дейт го.....атасы коруп эч нерсе дебептирби....чоочун адам неге келди деп
05.05.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарапаттын башын коргондо эле кечирип кой дегем эптеме септеме ишикылып кино болсо болду да...
05.05.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Материалдарды метрлеп сатып алып бирине экинчиси кошулуп деп жатпайбы тушунсонор,ошентип уланып кеткендир да. Мага кандай болсо деле ушул кыз жагат. Сонун ойнойт го. Ийгилик!
06.05.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ойнойт кинодо Шараптты да жакшы ойногон чыгармачылык ийгилик.
07.05.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
300 сом эмес бир тыйын акча жок базарда подирал алып бизнес бащтагандар бар
07.05.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жап жашынакай кино корсонор болот кино коргондор өзунөрдун эмосциянар менен көрсөнөр кызык сөздору кулкулуу комедия кино экен
07.05.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиша озу жонокой ачык жакшы кыз. Бирок дайым эле жаман кыздардын орунда ойной бересин. Шаардык келин шарап деген к иного тартылбай эле койсон болмок озундун денгээлинди тушуруп.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо