ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№757 5-11-май, 2017-ж.

КООМДО

Фьюжн
– искусство, архитектура, дизайн, музыкада айкалышпаган нерселерди айкалыштыруу стили. Башкача айтканда, стили, өңү бири-бирине туура келбеген буюмдарды жарашыктуу айкалыштыруу. Англис тилинен которгондо «айкалыш» деген маанини билдирет. Мисалы, жаз-фьюжн – бул жаз менен музыканын башка багыттарынын айкалышы. Фьюжн дизайн – архитектурадагы стилдердин жана дизайн интерьерлеринин айкалышы. Сүрөт жана видеолорду кооздоп жасоодо да фьюжнду көп колдонушат. Анткени бул функциянын жардамы менен анимация жасап, сүрөткө жана видеого ар түрдүү эффекттерди кошууга болот. Тасмалардагы кызыктуу кадрлардын көбү да фьюжндун жардамы менен жасалат.

КОСМЕТИКАДА

Стробинг
– макияж коюунун техникасы. Стробингдин башкы өзгөчөлүгү – беттин түзүлүшүндөгү артыкчылыктарды баса белгилеп көрсөтүү болуп саналат. Мунун техникасынын жардамы менен хайлайтерлерди (беттин кандайдыр бир бөлүгүн баса белгилеп көрсөтүүчү косметикалык каражат) колдонуп бетти жалтыратууга болот. Стробингдин контурингден (макияж жасоодон беттин артыкчылыктарын көрсөтө боёп чыгуу) айырмасы – контурингде хайлайтерди колдонуп беттеги боёктун өңүн күңүрт же ачык кылып койсо болот. Ал эми стробингде бир гана жалтыратуу эффектиси берилет.

МОДАДА

Крипер
– таманы калың бут кийим. II дүйнөлүк согушта британдык аскерлерге арналып чыгарылган. Анын калыңдыгы 3 сантиметрден башталып, андан ары уланып кете берет. Буларды платформа деп да атап келишет. Криперлер бою анча узун эмес адамдарга ылайык келет. Анткени ал боюңузду узунураак көрсөтүп тим болбостон, саркечтик да тартуулайт. Алгач бул бут кийимдер мырзаларга арналып чыгарылса, кийинчерээк кыздардын гардеробунда да орун ала баштады. Крипер оор жана ыңгайсыз болгону менен, жаштар арасында популярдуу.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо