БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТ БЕРИЛЕ БАШТАДЫ

№757 5-11-май, 2017-ж.

2-майдан тарта биометрикалык паспорт бериле баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, бул жаңы документ 2017-жылдын аягына чейин бекер берилет. Биометрикалык паспорт ала электер алдыдагы шайлоолорго ID картасы менен катыша алат. "2-май күнү эле Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлоруна 1498 жаран, ал эми өлкө боюнча 4556 жаран анкета толтурду. Мындан улам кызматкерлерибиз убактылуу 19:00гө чейин калкты тейлейт",- деп айтылат мекеменин тараткан маалыматында.
Аталган электрондук паспортто ээси тууралуу 19 маалымат камтылган. Биометрикалык паспортто "улуту" деген графаны алып салуу демилгеси коомчулукта кызуу талкууга алынган болчу. Жаңы паспортко кошумча берилчү атайын чипке 19 маалыматтын ичинде улуту тууралуу маалымат да киргизилет. Бирок ал графаны каалоочулар гана толтурат. Жарандар документтерди тапшыргандан баштап 2 апта ичинде жаңы паспортко ээ болушат. Өлкө жаранынын паспорту 1994-2004-жылдардагыдай китепче же ID карта үлгүсүндө болсо, анда ал адамдан кошумча эч кандай документ талап кылынбайт. Ошол эски үлгүдөгү паспорттор биометрикалык паспорт алууга жетиштүү.
Айрым паспорт тармагындагы эксперттер Кыргыз өлкөсүнүн биометрикалык паспортко өткөнүн шашылыш, жакшы ойлонулбаган кадам катары баалашууда. Себеби мамлекетте калкты тейлөө электрондоштурулган эмес. Андыктан жаңы паспорттун өзгөчөлүктөрүн толук пайдалана албайбыз.
Маалымат үчүн: Биометрикалык паспорттор "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу, тагыраагы, өлкөнү санариптик системге өткөрүү жана электрондук өкмөттү түзүү үчүн базалык шарттардын бири болуп саналат.

Биометрикалык паспорттун үлгүсү.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо