№758 12-18-май, 2017-ж.
Жаз, жай мезгилинде күндүн ысышы менен беттин терисине байланыштуу көйгөйлөр башталат. Биринин бетине так түшөт, бирине безетки чыгат. Күндүн аптаптуу мезгилинде бетибиздин терисине кандай кам көрүшүбүз керек? Бул жаатта врач дерматолог-косметолог Айнура Уезбаева окурмандар үчүн маалымат берет.
ТЕРИНИ ТАЗАЛОО КЕРЕК!
Жайында тери көп тердейт, ага чаң жабышып, айтор, бетиңиз тазалоого муктаж болот. Андыктан жүзүңүздү тазалоочу каражаттардын атайын күн ысыкта колдонууга ылайыктуусун сатып алыңыз. Мисалы, тониктин курамында спирт болбосун, жакшысы, түрдүү чөптөрдүн кошулмасы менен жасалсын. Скрабдагы бүртүкчөлөр аябай майда (жумасына 1 гана жолу колдонулат), бет жуучу гель атайын жумшартуучу мүмкүнчүлүккө ээ болушу зарыл.
КҮНГӨ ТУУРА КҮЙҮҮ
ҮЙ ШАРТЫНДА МАСКАЛАРДЫ ЖАСАҢЫЗ
ЖАЙЫНДА ТӨМӨНКҮ НЕРСЕЛЕРДИ ЖАСООГО БОЛБОЙТ!
БЕТТИН ТЕРИСИ ТҮЛӨГӨНДӨ
Бул көйгөй айымдарда көбүнчө жаздын алгачкы айында жаралат. Анда жогоруда айтылгандай сууну көп ичкендин жана терисинин тибине ылайык жумшартуучу бет майлардын жардамы тиет.
БЕТИНДЕ СЕПКИЛИ БАРЛАР ҮЧҮНКүндүн аптаптуу мезгилинде бул адамдар өзгөчө кыйналышат. Себеби аба ырайынын ысышы менен бирге алардын жүзүндөгү сепкилдердин саны дагы көбөйөт. Сепкили бар кыз-келиндер жогорудагы кеңештердин бардыгын колдонушса болот. Себеби үй шартында жасалчу маскалардын бардыгы сепкилдин көбөйүшүнүн алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кошумча сепкили барларга күндөн өзгөчө коргоочу кийимдерди кийүү сунушталат.
Эскертүү: Сепкилди толук жок кылууга болбойт. Болгону түрдүү ыкмалар менен алардын көбөйүүсүн токтотууга мүмкүн.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |