Назира Бердигулова, алып баруучу, актриса: "ҮЙ-БҮЛӨДӨ АЯЛ ТИЛИН, ЭРКЕК КӨЗҮН ТЫЙСА БААРЫ ЖАКШЫ БОЛОТ"

№758 12-18-май, 2017-ж.

– Назира, тууруң бекем, бешик бооң бек болсун! Куттуктайм, кайрадан бешик терметишиң менен...
– Рахмат. Кызым Шахиризада азыр 8де. 8 жылдан кийин уулдуу болуп, атын Нурислам деп койдук. Үйдө жаңы туулган ымыркайдын үнү жаңырышы ар бир үй-бүлө үчүн чоң бакыт. Баланын келиши менен үйгө кут кирип, жаңылануу болот деп ойлойм. Жаштык бат эле өтүп кетип, карылык качан бизди чулгап калганын билбей калат турбайбызбы. Бактылуу карылыкты ойлоп, жаштыкты туура пайдаланып, көп балалуу болууну каалагандардын биримин деп койбоюнбу.

– Жакшы. Уулуңдун ысымын ким койду?
– Уулум мен тараптан да, кайын журттан да алгачкы эркек небере. Көп ысымдар сунушталды. Акыркы чечимди кайнатам кабыл алып, "Ислам болсун" деди. Жолдошум Данияр атама кайра телефон чалып "биз нур деп кошуп коёлу деп жатабыз, каршы эмессизби?" деп сурады. Ысым ошентип тандалды.

– "Кызым менен уулумдун ортосу 8 жаш" деп жатасың, бала кароону унутпаптырсыңбы?
– Кайненем "сен кызды чоңойтконсуң да, бат эле көнүп кетесиң" деп жатты. Унутуп калыптырмын, бирок өздөштүрүп кеттим. Баламды жарыкка алып келгиче аябай кыйналдым, 2 баланын ортосу алыстап кетсе да жаман экен. Төрөт оор болду. Аягында чыдабай "кесарево жолу менен төрөйм" деп ыйлай баштадым. Жолдошум дин жолунда жүргөндүктөн толгоо башталгандан уулубуз жарыкка келгенче дем салып, дуба кылып, колунан келгендин баарын жасады. Азыр "ошондогу көзүңдү жалдыратып, суранып ыйлаганың эч эсимден кетпейт. Сени менен кошо мен да кыйналдым, сени менен кошо мен да төрөгөндөй болдум" деп калат. Баламдын да салмагы чоң болчу, бирок спорт менен машыкканым, туура тамактанганым, көп кыймылдаганым жакшы жыйынтык берип, кыйын кырдаалдан чыгып кеттим. Төрөткө катышкан акушер сыртка чыкса жолдошум "ким экен?" деп сураса, ооз учунан "уул" деп өтүп кетиптир. Жолдошум "уулдуу болгонум мен үчүн канчалык маанилүү экенин ал аял сезген жок, ошондо өзүмдү коёрго жер таппай, өзүмө-өзүм батпай ааламга сүйүнчүлөгүм келди. Ал эже башкача эмоция менен куттуктаса, мен ошол жерден жок дегенде имаратты жаңырта бакырмакмын" деп күлүп жатпайбы.

– Кызың бөбөгүн кандай кабыл алды?
– Кызым азыр менин эмес, атасынын кызы. Мен кичинекейди эмизем, бешикке бөлөйм, көтөрөм, жуундурам. Кызыма көңүл буруу азайды да, ал мени "бир гана Нурисламды жакшы көрөт" деп ойлоп калды. Анан кызыма угузуп "уулум, мен биринчи эжекеңди жакшы көрөм. Анткени ал улуу, андан кийин сени жакшы көрөм" деп коём. Аны укканда кызым сүйүнүп калат.

– Жаңы төрөгөн аял муздак сууга колун салбай, оор жумуш жасабай, өзүнө кам көрүш керек эмеспи, жардамчыларың барбы?
– Кайын журтум Көлдө турушат. Коюн союп, тамак-ашын салып жиберип, моралдык колдоо көрсөтүп жатышты. Менин жардамчым – жолдошум. Күнүгө түрлөп шорпо бышырып берет. Анда да эркелеп, жасаганын жактырбай "тоок шорпо, балык шорпо..." деп тандайм. Сиңдим да келип каралашып турат. Ал "жезде, ушунчалык да эркелетесизби? Ботко эле бышырып берип койсоңуз жейт" деп тамашалап калат.

– Сүйүнүчтүү кабарыңды эл менен бөлүшкөн жоксуң го, эмнеге?
– Ооба, актриса, алып баруучу катары таанылып, шоу-бизнеске аралашып калдым. Бирок балдарымды дагы шоу-бизнеске, жумушума аралаштыргым келбейт.

– Уулуңду бешикке салып, чачын алып, элден бата алдыңар, кайын журтуң менен ошол күнү көрүштүңбү?
– Жок, мени жолдошум ага-тууганы менен барып Таластан ата-энемдин колунан алып кетишкен. Кош бойлуу кезимде баарыбызга белгилүү Ташкул Керексизов "сен эркек төрөйсүң, чачын мен алам" деген эле. Ошентип, бешик тойдо уулумдун чачын ырымдап ал киши алды. Кудай буюрса, Ташкул байкедей эл керегине жараган мыкты уулдардан болсо деп тилек кылдык. Салт боюнча баланын чачы канча грамм чыкса, ошондой салмактагы алтын таратыш керек экен. Жолдошум тойго келген конокторго алтын эмес, акчалай берди.

– Тойдо кайын журтуң көлдүктөр менен төркүнүң таластыктарды жарыштырган оюндар көп болду, кимисине тартып жаттың?
– Чынын айтсам, таластыктарга тарттым. Аркан тартышта Көлдүн жигиттери утуп кетишти, кайра айымдар чыкканда эми намысты айымдар алып келсе керек деп отурсам, алар да утулуп калышты. Мен чыксам сөзсүз утмакпыз (күлүп). Эгер көлдүктөр утулуп калса, жолдошумду бир топко шылдыңдамакмын да.

– Кайын журтка кандай келин болуп жатасың?
– Атам менен апам өз ата-энемдей. Кайнатам абдан жакшы адам. Тынбай телефон чалып ал-акыбал сурап турушат. Ушул Жаңы жылды Көлдөн тостук. Барсак кайненем манты жасап коюптур. Тамак ичип жатсак жолдошум "Назира азыр таластыктарча беш бармак жасап берет" деп калды. Дайыма жасап жүргөн тамагым болгону менен, кичине толкундандым. Кайнатам менин тамагымды жеп жатып "ии, Назиранын камыры жабышпайт турбайбы" деп мактап койду. Жолдошум да тамакты жакшы жасайт. Мага "тамакты таптап жаса" деп турат. Уулубуз төрөлө электе ар бир жекшембиде ашканада "нөөмөткө" турчу, азыр мен баладан бошобой жатканыма байланыштуу көбүрөөк туруп калды.

– Жолдошуң менен каяктан таанышып калдың?
– Бизди тагдыр табыштырды десем туура болот. Башында экөөбүз ага-карындаш катары эле сүйлөшчүбүз. Анан мамилебиз, жашоого көз карашыбыз келишип, чогуу түтүн булатууга алып келди.

– "Назира жолдошумду тартып алды" деп редакцияга бир айым арызданып келген эле, ушундайбы?
– Бул мени каралоо, жаманатты кылуу. Мен эч качан бирөөнү мажбурлап жашата албайм. Жашаган адам жашайт, жашагысы келбеген эркек басып кетет. Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшөт. Үй-бүлөдө аял тилин, эркек көзүн тыйса баары жакшы болсо керек. Мисалы, жолдошум 100 сом таап келсе да сүйүнөм. Анткени ал 100 сом эртең 1000 сом болот. Аялдар көп нерсеге нааразы болобуз да, эркектин мээсин жегенге эптүүбүз. Менин да, жолдошумдун да жумушу оор. Ошондуктан бири-бирибизге тийишип, көңүлүбүздү оорутпай жашоо – биздин принцип.

– Жолдошуң эмне иш кылат?
– Өзүнүн чакан бизнеси бар. Кардарлар менен алып-сатуу иштерин жүргүзөт.

– Эми кепти чыгармачылыгыңа буралы. Качан жумушка чыгасың?
– Жолдошум ачып берген ишим бар, ошону көзөмөлдөө үчүн азыр деле күнүгө 3-4 саатка чыгып келем. Телевидениеге жумушка жакынкы аралыкта чыксамбы деп жатам. Кесиптештерим жайында эмгек өргүүсүнө кетишсе, мен ошол убакка тууралайм го.

– Рахмат маегиңе, уулуңду аман-эсен чоңойто бер.

"Бизди тагдыр табыштырды. Башында экөөбүз ага-карындаш катары сүйлөшчүбүз".


"Өзүмдүн кесибим аркылуу элге кайрымдуулук кылганды үйрөндүм".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(82)
16.05.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Куш боонор жана бешик боонор бек болсун! Ар бир жакшы тилек, ой-кыялдарынар орундалып, бактылуу болгула!!!

Талкуулар учун кубанасыз деп ойлойм. Анткени, ар бир атактуу жана алдынкы саптагы адам элдин сынында болот дешет! Ар дайым калктын козундо, элдин созундо бар болунуз!
16.05.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
arimaz89,ошо жазган эле жакшыны жакшы жаманды жаман дейт!
16.05.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бир интервьюсунда суйгонумдун машинасы такыр кыргызстанда жок деген болчуго анан мен машинаны аксессуар катары кором дегенго мактанчаактык боюнча номер бир экен
16.05.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
love.me.again, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
16.05.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бактылуу болгула элдин созуно конул бурба озунон 20#30жаш чондорго тийип атышат.Суйлосо эле мактанды деп чыгасынар болгнун эле айтыптыр.
16.05.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болушсун бирок ото эле аша чаап мактанып койгондой сезилди мага анан башкаларга кандай билбедим
16.05.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Меники же болбосо эчкимдики болбойсун деген жигити ушул экенда эээ?? МММ жакшы бактылуу болушсун
16.05.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чачын алгандан кийин акчасын мечитке береткоо жолдошун дин жолунда болсо ошону билбейби??келген конокторго бергени кызык экен
17.05.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
hanisa,мечитке бер же башкага бер деген жери жок болсо керек,ошол чачтын салмагында алтын же күмүш садага кыл дейт.
16.05.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туура кыласын ошентип эрини
16.05.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактанчак экен э бироосу жазыптыр чачын алган акчаны мечитке берет куйоон билбейби деп анын куйоосу эмне асыласын дейм да ал кечээ эле чыккан бир корунуш мечитке берген болбосо ата бабаларыбыз эле таркатып эле келген алар да намаз окуп динди тушунгондор болсо керек ишенбесен тарыхый китептерди окуу
17.05.2017. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эстесем,бир интервьюсунда " жигитим мени ушунчалык сыйлагандыктан, опмок тургай колумдан да кармабайт" деп. Боозуп эле тийиптир го?! Калптын профиси экен.
17.05.2017. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Озу жазгандай озунун эркеги дагы козун тыйса биринчи эле семьясы менен жашамак)))
17.05.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эл оозунда элек жок дейт Назира балдарын өмүрлүү болсун сага бакыт каалайбыз
17.05.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эми ушул эрин менен токтол.Дагы ар кимди сыздата корбо!Кудайдан корк...
17.05.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бешик бооң бек болсун! Балаң өмүрлүү,ырыс-кешиктүү,бактылуу бала болсун!Сулуу экенсиң аябай.
17.05.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кызы башка куйоодонбу ошондо?
18.05.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анчалык эле эмне куйуп бышып атасынар ал кыздын куйосу тамак жасаганына?Эркек деле аялына жардамдашып турса аялдын убактысы куйоосуно болууго кобуроок болот да.Анан эле бала ,жалаяк, уй,тамактан башы чыкпай отурса куйоо деле четте калып калып козун тыйалбай баштайт чыгаар.
18.05.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо ушу кызды эркелетип тайрандатпай эле койгулачы! бул озу ким? кышы бою фейсбукту жарып чыктыго, элге эмене болуп эле эмгеги синип кетти эле, озунун турмушун баарына жарыялап, мунун турмушунун эч кимге кызыгы жок, мындан башка койгойлор тоолтура.
18.05.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Буткон ишке сынчы коп деп бекеринен айтылган эмес да озу жакшы жагын эч карабай жаман жагын издеп турабыз го
18.05.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы актриса, «Бактылуу болушсун» уулунун өмүрү узун болсун. Кыргыз элине кызмат кылган уулдардан болсун.
18.05.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда жок машина минген жигити ушул бекен
18.05.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кесиби аркылуу кайрымдуулук кылганды уйронуптур. Даагы Жакшы уйронбой калбай уйронуптур.
19.05.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
берген маеги "көркөмдөлгөн чыгарма" болуп калыптыр. "Курманжан Датка сендей сулуу болгон эмес деп албай коюшкан" дегенин укканда эле түңүлгөм ай.....
19.05.2017. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика 2бу такыр жакпайт Эл козуно эле корунгусу келеберет
19.05.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Santanna,Анжеликада уят бар.Анжелика боорукер,бироонун уй булосун бузуш оюна дагы келбейт.Анжеликага салыштыра корбогуло бул аялды.
19.05.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул кыз мага жакпайт десем элдин баарына эле жакпайт окшойт,суйлоп жатканда аллергия чыгып кетет озуну укмуш сулуууу сезип суйлойт. ЗАМАНАдан чыкпай калды жакшы деп жаткам корсо декретте экенда. Жумуша кайтпай эле койсо азыркы Медина деген кыз ото сонун суйлойт. Сулуу дагы
19.05.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир кызыктай эле суйлоп коет ушул айым, кудум темасы озуно тиешелуу эместей)))) Дагы жакшы интервьюсун окудум эле, жандуу суйлосо кишини жудотуп жиберет.
21.05.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эээх кыргызбызда!Жамандай бербей,жакшы тилегинерди айтып койсонор болмок!!!!!
22.05.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бироонун башындагы чымынды коруп, Озунордун башынардагы тоону корбогондор учун эскертуу. Суроону биринчи озунорго берсенер. Мен киммин деп?
22.05.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doping, кимдир бирөөнүн намысына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
22.05.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pchelka85, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
27.05.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакпаса эмне окуп атасынар ар кимдин оз жашоосу озундо да,деле жакшы жагын айтпайбыз гоо жамандап эле турабыз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо