-

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
АПРЕЛЬ АЙЫНДА байланыш кызматы үчүн 26 миллион 841 миң сом короткон. Ал эми Жогорку Кеңеш 426 миң сом жумшаган. Аталган маалыматты Каржы министрлигинен кабарлашты.
-
Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун аткаруучу кеңешинин төрагалыгына өзгөчө кырдаалдар министри КУБАТБЕК БОРОНОВ шайланды. Мындай чечим 8-майда Швейцариянын Женева шаарында аталган уюмдун 50-сессиясында кабыл алынган. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
-
БИШКЕК–КАРА-БАЛТА унаа жолунун оңдоп-түзөө иштери 20-майга чейин бүтүшү керек. Тендерден утуп алган компанияга өкмөттөн ушундай эскертүү берилди.
-
Бишкек шаарында "АККУЛА" ат майданын оңдоп-түзөө үчүн 300 миллион сом каражат керектелет. Бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ипподром тууралуу болгон жумушчу топтун жыйынында айтты.
-
Кыргыз өлкөсүндөгү 315 миң адам жашаган 326 айыл САНАРИПТИК ТЕЛЕРАДИОБЕРҮҮ менен камсыздалган эмес. Бул жалпы калктын 5 пайызын түзөт. Эске салсак, 15-майдан тарта аналогдук берүүлөр өчүрүлөт. Мындан улам калктын 5 пайызы телеберүү көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы мүмкүн.
-
Бишкек шаарындагы "Кудайберген" базарынын жанында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 10-майда 15 жаштагы баланы сүзүп кетип, натыйжада ал ооруканада КАЗА БОЛДУ. Унаа ээси 11-майда кармалды.
-
Билим берүү жана илим министрлиги автоунаа айдоочуларды даярдаган 210 мектепти текшерип, анын 102сине ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ. Буга алардын материалдык-техникалык базасынын начардыгы себеп болгон.
-
2017-жылдын 5-июлунан 30-августуна чейин Ташкент– Тамчы–Ташкент жана Новосибирск–Тамчы–Новосибирск багыттары боюнча УЧАК КАТТАМЫ иштейт. Ошондой эле жакынкы күндөрү Казакстандын Астана, Чымкент жана Алматы шаарларынан Тамчыга түз каттамдар уюштурулмакчы.
-
Республика боюнча көчөлөргө 306 "ЭВАКУАТОР" белгиси орнотулат. Анын 135и Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн орун алат. Патрулдук милициянын маалыматына караганда, жол эрежесин бузган автоунаалар май айынын аягынан баштап эвакуациялана баштайт.
-
8-майда өкмөттүн жарандар менен байланыштыруучу kattar.kg порталынын иши ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН. Маалыматты өкмөттөн тастыкташты.
Бектур Токтоноев,
politika@super.kg