АРЫКМЫН. КАНТИП СЕМИРЕМ?

№759 19-25-май, 2017-ж.

«Илмийип өтө эле арыкмын, кийим жарашпайт» дегендердин катарындасызбы? Чындыгында арабызда «бир аз салмак кошсом, идеалдуу салмагыма келсем» дегендер көп. Майды кат-кат кылып топтобой кантип туура салмак кошууга болот? Бул тууралуу туура тамактануу боюнча кеңешчи Калыбек Баякуновдун кебине кулак салалы.

АРЫК БОЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ

  • Тамактануунун бузулушу: калориясы аз, муздак, жеңил азыктар менен тамактануу.
  • Физикалык же акыл-эс жактан өтө чарчоо, уйкунун аздыгы, сексуалдык активдүүлүктүн жетишсиздиги.
  • Стресске, депрессияга көп кабылуу, сарсанаа болуу жана маанайдын пастыгы.
  • Ашказан-ичеги оорулары. Ферменттин бөлүнүп чыгышы төмөндөйт. Натыйжада организмге жетиштүү деңгээлде тамак барганы менен, ал сиңбейт.
  • Ашказан алдындагы бездин иштөөсүнүн бузулушу. Мисалы, кант диабетинде углевод алмашуу бузулуп, салмак түшөт.
  • Тамак безиндеги оору. Ал зат алмашууну тездетет, натыйжада арыктоо келип чыгат.

САЛМАК КОШУУДАГЫ 10 ТАЛАП

1.
Тамак сиңирүү системинин ыргактуу жана таасирдүү иштешине көмөктөшүңүз. Калыпка салынган эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануу сиз үчүн аздык кылат. Ашыкча калория топтоо үчүн алардын ортосунда шам-шум эте жүрүңүз.

2. Рационуңузга белоктуу, углеводдуу азыктарды жана өсүмдүк майларын көбүрөөк кошуңуз.

3. Калорияны көбөйтүңүз. Күнүмдүк кабыл алган азыктардын калориясынын өлчөмүн кошуу керек. Күнүмдүк керектелген калориядан сырткары 300-500 калория көп болушу шарт.

4. Суюктук көп ичиңиз. Салмак кошууда суюктук жакшы таасирин тийгизет. Андыктан күнүнө 2 литрден кем эмес суюктук ичүү туура.

5. Басып жүрүп тамактанбаңыз. Тамактанган соң эч нерсе жасабай, тынч жата туруңуз. Бул убакытта тамак кыйналбай сиңет.

6. Калориялуу тамактарды жеп жатам деп жүрө бербестен, машыгууларга барыңыз, чуркаңыз, сейилдеңиз. Булар калорияны жоготкону менен, денеңизди кат-кат май басуудан сактап, булчуңдардын өсүшүн шарттайт.

7. Менюңузду фаст-фуддар, кондитердик азыктар менен толтурбаңыз. Булар салмак коштурганы менен, жамбашыңызга, белиңизге майдын пайда болушун шарттайт.

8. Тынч, толук уйку. Күчүңүздүн топтолушун жана салмактын кошулушун кааласаңыз, анда уйкуну кандырып эс алыңыз. Организмдеги булчуңдар эс алуудан жандана баштайт.

9. Тамекини таштаңыз. Анткени тамеки тарткандар күнүнө 100-150 килокалорияны жоготушат.

10. Салмагыңызды күн алыс текшерип туруңуз. Бул сиздин салмак кошууга болгон аракетиңиздин маанилүү жагдайы, дем берет.

КАЙСЫ АЗЫКТАР ПАЙДАЛУУ?

Күрүч
. Сүткө же шорпого салып бышырган күрүч жогорку калориялуу болуп эсептелинет.
Сүт. Күнүгө ичилген 3 стакан сүт кальцийдин күнүмдүк нормасын толуктап турат. Мындан тышкары майлуу сүт жакшы салмак кошот.
Мөмө-жемиштер. Коон, банан, өрүк, курма көбүрөөк жеңиз. Бул жемиштер салмак кошкондон сырткары андагы витаминдер менен минералдар тамак сиңирүүгө жардам берет.
Эт. Салмак кошууну каалаган адамдын рационунда сөзсүз түрдө уйдун, койдун эти болуусу керек. Булар да белоктун булагы.Буудай унунан жасалган нан. Бардык нерсеге кебектүү нан кошуп жегенди үйрөнүү керек.
Жашылчалар. Картошка, сабиз, кызылча, ашкабак сыяктуу жашылчаларды тамакка көбүрөөк колдоно баштаңыз. Айрыкча бул азыктар кошулган тамакты электр мешине бышырып жесеңиз пайдалуу. Мындай ыкма менен бышкан тамак сиңимдүү болот жана андагы пайдалуу заттар ошол бойдон сакталат.
Тооктун эти, балык. Салмак кошууда тооктун эти, балык негизги азыктардын бири болуп саналат. Булар организмге оңой сиңет, курамында белок көп болгондуктан, булчуңдар үчүн эң жакшы куруучу материал болуп эсептелинет.
Жумуртка. Жумуртканы болгону 3 мүнөт кайнатып, чала бышырып жеңиз. Бирок бир жумада жеген жумурткаңыз 3-4 даанадан ашпасын.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(59)
22.05.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Санаасы жок сары сууга семирет деп коётко
22.05.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да эч семирбедим
Жаштыгымдан эле арыкмын
Кудайга шугур Россияга келгенден бери 3 КГ га семирдим
22.05.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамакты жакшы эле жейм озгоруш жок пивные дрожжи деген дары бар деп окудум эле бир жерден ошону алып ичип коруш керек эле.
22.05.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен арыктагым келет ошону жазып койунуздарчы
23.05.2017. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен семире албай журом. Азыр 53кг, рост 1.8. Хотя бы 65 болсом
22.05.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Семируу ден соолукка зыян..арык киши коп жашайт экен ички органдарды май баскан журогу май баскан адамга караганда,так что семирбей эле койгула 65 норма бою 160 болсо..мен торогондон кийин 75 болуп кеттим эле азыр 72 дагы 7 кило арыктасам деп турам...
22.05.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арыктай албай атса семирем дейсинер да
22.05.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Lekarstvosvoegomuja,арыктап эмне кыласың,мен семире албай жүрсө,арык болсоң суукта үшүп кыйналасың,салмагым араң 53кг.
22.05.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Санаасы жок сары сууга семирет
22.05.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кечкисин кадимки сырага( пиво) каймак кошуп аралаштырып кунуно бир кружкадан ичсен бир ай анан коросун натыйжасын
22.05.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
vanga_78,жугунду болуп калат го экоо аралашса
22.05.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
datkayimjan,)))))))
22.05.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
vanga_78,курсак чыгат саландап.Андан коро арык жургон жакшы
23.05.2017. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vanga_78,Пиво арам го, ичпегендерчи?
22.05.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да торогондон кийин аябай арыктап кеттим,дал ушу тамактарды эле жейм
22.05.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Стандарт канча болуш керек. Менин боюм 184 салмагым 84. Бирок курсак чыгып жаман көрүнүп калдым.
23.05.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mers124, 75-76 кг болуп анан спорт менен машыксаныз идеалдуу болот.
23.05.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу админ арыктоо тууралуу дагы, кенеш жазыныздарчы?
23.05.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KAPAGAT, саламатсызбы? Бүл шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: https://www.super.kg/article/show/2861
23.05.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюм 175 салмагым болгону 55кг тегеле семире албай жатам. Жогоруда айтылгандай менин аш казан ичегилеримде мандем бар окшойт.
23.05.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ай ичинде +6 кг коштум бул жакшы болгону Тоокту кобуроок жеш керек экен
23.05.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыктар көп окшойт, менда арыкмын кыйла жылдан бери бирдей эле салмак боюм 1,65 см салмак 57 кг ичти курт барбы, билбейи
27.05.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirkaa5182, хахаха 57 арыкпы туй атта чатаасыз го
23.05.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ. не чыгарпайсыңар менин комментар.???
24.05.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirkaa5182, чыгып жатат. Баракчаны жаңылап көрүңүз.
24.05.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат кеңешиңиздерге
24.05.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Только арыктардын арманы болуп кетиптирго
24.05.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47кг чыгат экенмин, 50деп ойлоп журчумун.50го чкйин болсом болот эле озу.
24.05.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musabaeva.,бир мошок унчалыкда жоксунбу
24.05.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leilektik,Ошондой экемда бир мешок
Ундай дагы))кече кордум 47экем ойлочумун 50чыгам деп.
24.05.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олдуго эми элдер арыкташым керек дешет, Эми семиралбай жатышабы.
25.05.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм да
25.05.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да семире албай журом. Комент жазгандардын арасында эн эле салмагы аз мен окшойм. Жашым 26да эки балам бар а салмагым болсо 43 (((
27.05.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AGA,журокту тушуросун го
25.05.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,,, Орозонун календарын жазып чыгарасынарбы,? Дайыма жазчусунар, быйыл жок го.. ?
26.05.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Raul07, саламатсызбы? Календарь гезитке чыккан. Порталга чыгат, күтө туруңуз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-26 10:31:49
26.05.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, рахмаат сиздерге
26.05.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Семирип эмне кыласынар орто болгон дурус денсоолук чын болсо эн башкысы
26.05.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чуркаганга тренировка кылганга. же тез тезден тамактанганга убакыт жок. бирок семиришим керек. муно вивону попробовать этип корсом окшойт.
26.05.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hahaa aryktar kandaisynar?
Men da tolom dep "erkektei" ele jeimin :D
Kichine tolup kele jatyp, kaira ele aryktap ketem ioolki.
Калкан сымал без_inde hiperterioz oorusu barlar da aryk bolot, adnyktan teksherilgile.
Menden dagy 1 sovet: jataardyn aldynda kursakty kampaityp alyp uktasanar, ertesi kichine tolup kalganynardy baikaisynar. Bilbeim silerde kandai bolot,birok mende ushundai :)
27.05.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzajym,ашказанын оорукчан кыл анан
27.05.2017. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул койгой менда дагы бар такыр семирбейт экенмин тоба, кантсе да оорубайлы арыкбы, семизби главный ден соолук экен(мен семире албай калгандан бери озумду ушинтип алдап келемго).
28.05.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда арык жигитмин. Ушунчалыгына шүгүрго.
28.05.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 жума каттуу тренировка кылып кайра 1,2 жума таштап туруп тамак жегилегин чочкодой семиресин.
28.05.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
семиз болгондо эч пайда жок зыяндан башка,анан кору арыкчырай болсон озуно ден соолука жакшы.
03.06.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт питание жардам берет бекен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо