ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№759 19-25-май, 2017-ж.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ

Чайлдфри
– англис тилинен (childfree) алынган, бизче которгондо "балдардан баш тартуу" деген түшүнүктү берет. Мындайча айтканда, наристелеринен өз эрки менен баш тартуучу жашоонун идеологиясы. Чайлдфринин өкүлдөрү башына жүк кылып бала багуу жоопкерчилигин алгылары келбейт. Көп учурда алар наристени багуу өтө көп кыйынчылыкты талап кылган жумуш деп эсептешет же таптакыр эле наристелерге боор тартышпайт. Голливуд жылдыздарынын ичинен мындай ойдо жашагандар көп. Алар: актриса Женнифер Энистон, Камерон Диас, алып баруучу Опра Уинфри жана башкалар.

ТЕХНИКАДА

Неттоп
– АКШнын "Intel" компаниясы тарабынан чыгарылган алгачкы кыймылсыз нетбук. Башка компьютерлерден артыкчылыгы – электр энергиясын аз жейт жана иштеп турган неттоптон үн чыкпайт. Неттопто видео көрүүгө, аудиофайлдарды угууга, кеңсе колдонмолору менен иштөөгө жана эң башкысы интернет менен иштөөгө мүмкүн. Кемчилиги – көп көлөмдү талап кылган программаларды көтөрө албайт. Неттоптун кеңсе жана үй тиричилигине арналган 2 түрү бар.

КООМДО
Якки – идеяларга бай, креативдүү жаштардын катмары. Бул термин англис тилиндеги "young urban creatives" сөзүнөн алынган. Мааниси "кыялдарды ишке ашыруу менен бийиктикке жетүү". Аталган топтун өкүлдөрү өзүнүн идеяларын ишке ашыруунун аркасында акча тапкандар. Башкача айтканда, уникалдуу нерселерди түзгөн же кызмат көрсөтүүнүн жаңы багытын ойлоп тапкандар. Хипстерлерден (модага, маданиятка кызыккан жаштардын катмары) айырмаланып якки чөйрөсүндөгүлөрдүн максаты – өзү үчүн иштөө жана өзүн бардык жактан эркиндикке жеткирүү.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
23.05.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женнифер Энистонду кинодон коруп,балдарды жакшы корот го деп ойлогом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо