Курманбек Бакиев: “МЕН КАН ТӨГҮҮГӨ КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕСМИН...”

№389 16-22-апрель, 2010-ж

Мезгил үнү

Жалал-Абаддагы Тейит айылында Курманбек Бакиев укук коргоочулар Азиза Абдрасулова жана Төлөйкан Исмаилова менен жолугушту. Жолугушууда отставкага кетүүгө даяр экенин билдирип, бирок өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берүүнү талап кылууда. Ал эми К.Бакиев 12-апрелде «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде кан төгүүгө өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын билдирген. Ал маек төмөндө.

Азаттык”: – Кыргызстандагы абалга, болуп өткөн окуяларга алгач сиз кандай баа берер элеңиз? “Президент Курманбек Бакиев 6-апрелде Таласта элдин алдына чыгып койсо, ошондо эле басылып калат эле. Ал эми 7-апрелде болгон окуяларга президенттин түздөн-түз тиешеси бар” деген пикирлер айтылып жатат, ушул боюнча айтсаңыз...
Курманбек Бакиев: – Биринчи кезекте айта турган сөз, Кыргызстанда абал бүгүн өтө татаал. Жанагы суроого жооп берейин. Таласка эмне үчүн мен барган жокмун? Таласта мындай болот деп эч ким күткөн эмес. Таласта, Нарында, жалпы эле Кыргызстанда мындай болорун биз күткөн эмеспиз. Бул кайгылуу кан төгүлүп кеткен окуя боюнча укук коргоо органдарында да, менде да маалымат болгон эмес. “Курал менен, күч менен бийликти алабыз деп даярдык жүрүп жатат” деген маалымат жок болчу.
Эми биз митингдерге акыркы жылдары көнүп калганбыз. Ошондуктан “талаптарын айтышсын, угабыз” деген ой менен Таластын губернатору уруксат берген. Ага кирип, аны барымтага алып эмне кылат? Анысы аз келгенсип, керосин, бензин бөтөлкөлөр менен администрациянын ичин толтуруп, барган 70тен ашык милицияны жарадар кылышкан. Ошол жерге барган врачтарды сабап... Врачтарда эмне күнөө, губернатордун күнөөсү эмнеде? Бийлик Таласта эч бир туура эмес иш кылган жок.
Ошондуктан алтысында болгон окуяга Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди “барып көрчү, айланайын, эмне себептен мындай болду?” деп жөнөттүк. Себеп дегенде буга негиз жок эле. Барды эле, Ички иштер министрин эмне кылышты?
Ак үй боюнча айтсам, мен кадимкидей эле ишке келгем. Эртең менен биз уруксат бергенбиз, Атамбаевдин кеңсесинин астында митинг болгонго. Эми митинг-митинг, укук коргоо органдары барышты, тополоң кылбагыла, жолдорду тоспогула деп. Эмне кылышты алар? Милицияны сабап, тигил курсант балдарды качырып, барган спецназдын куралын тартып алышты. Жолдон курал саткан дүкөндү талкалап, андан куралдарды алып, Ак үйгө келишти.
Ак үйгө келгенде митинг дегенде арасында аялдар болот, аксакалдар болушу мүмкүн, кандайдыр бир лозунг жазылат, талаптар айтылат да. Буларда эч нерсе жок, колунда курал, анан аябай кызуу даярданган балдар. Эми мен бир нерсени айткым келет, бул жерде жалаң эле жанагы арактын күчү менен эмес, балдарга башка дагы бирдеме берилген. Балдардын ушунчалык мээсин айлантып, эмне кылганын экспертиза жасап өткөрүш керек. Себеп дегенде ден соолугу жакшы, акыл-эси ордунда болгон балдар минтип кыйкырышпайт, минтип өздөрүн алып жүрүшпөйт.
Мурдагы күнү мага маалымат келди, кечээ дагы тактадым. “Илбирсти” билесиңер, ошол жерден митинг уюштургандардын өздөрүн атышты. Кыргыз элинин астында айтып коёюн, биринчи каза болгон балдарды өздөрү атышты. Эптеп кан төгүп кызытыш керек эле. Ак үйдү, президентти коргогон укук коргоо органдары мыйзамдын негизинде, эгерде президентке кол салса, алар эч кандай буйрук күтпөй эле жооп беришет. Куралга курал менен жооп берет, бул – мыйзам чегиндеги иш. Дагы бир нерсени айтып коёюн, менин кабинетиме снайпер эки ок атты. Кудайга шүгүр, Кудайга ыраазымын, Кудай сактаптыр мени. Эгерде эки октун... ишенбегендер барып көрүшсүн, снайпер аткан. Жөнөкөй эле автоматтын татыратып атканы эмес.
Анан ушинтип чабуул кылып жатса, жанагы Ак үйдү коргогондор жаш агызуучу газ, резинадан жасалган немелер менен митингге келгендерди кичине артына кайтарышка аракет кылышты. Бирок өлгөн балдарды көргөндөн кийин булар асманга атышты. Эч качан биздин укук коргоонун балдары түздөн-түз эле аткан жок. Мен азыр угуп жатам, маалымат бир жактуу кетип жатпайбы, бирден терип атыптыр деп. Бул болбогон нерсе, кантип эле Ак үйдүн ичинде турган снайперлер ошолорду бирден терип атсын?! Алар биринчи окторду асманга, анан жерге атышкан. Андан кийин БТРди ээлеп алышып, булар пулемёт менен ата башташты.
– Ок атууга ким буйрук берди?
– Андай буйрук бергенге мен үчүн, биринчиден, эч кандай кажети жок болчу. Экинчиден, мен бул ишке президент катары, Конституциянын гаранты катары...
Мен азыр угуп жатам, Молдомуса Конгантиевди аябай кыйнашыптыр, “айт, көрсөтмө бер, “Бакиев мага аткын деген команда берди деп айткын” дегендей. Ыраазымын, мен ошондой Молдомуса Конгантиевге окшогон жигиттерибизге, генералдарыбызга. Мен билем, ал эч качан жалган сүйлөбөйт.
– Мындан аркы иш-аракетиңиз кандай болот? “Президент арызын жазса, Убактылуу өкмөт менен сүйлөшсө болот эле” деген пикирлер бар...
– Биринчиден, кеткенге макул эмесмин. Мени жалпы Кыргызстандын элинин 77 пайыздан ашыгы экинчи мөөнөткө шайлаган. Президентти шайлаганга 9 ай эми болуп жатат. Экинчи себеп, 7-апрелге эки жума калганда Бишкекте Ынтымак курултайы болгон. Бул Ынтымак курултайында бүт Кыргызстандын аймактарынан карапайым эл келген, чиновниктер эмес. Эки күн сүйлөштүк, бардык маселе боюнча.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча алар “биз президентти, анын саясатын, жаңылануу боюнча багытын колдойбуз” деген чечим кабыл алышты. Эки жуманын ичинде эле элдин мүнөзү 180 градуска өзгөрүп кетеби? Ошондуктан мен эмне үчүн курал менен кан төгүп келген бандиттердин астына башымды ийип, бүт Кыргызстандын элинин ой-пикири менен эсептешпей кетип калышым керек?! Мен президенттик такты кармап отурган киши эмесмин. Мен өткөндө айткам, мына экинчи мөөнөткө шайладыңар, буюрса, мөөнөтүм бүткөндө тапшырып кетем деп. Мен эч качан кызмат үчүн жабышып эле жалдырап отурбайм. Мындай, кыскача айтканда, кызматтын кулу эмесмин. Бирок мамлекеттин башчысымын, президентимин.
Эгерде ушундай “мамлекеттик төңкөрүш, курал менен, кан аркылуу келебиз деген даярдык болуп жатат, урматтуу президент” деген маалымат болгондо биз башкача чара көрөт элек. Анда биз жок дегенде башка мамлекеттердин күчтөрүн чакырып, сактап калганга аракет кылат элек.
Бирок менде да, биздин берки укук коргоо органдарында да мындай маалымат болгон жок, мына менин күнөөм ушунда. Эч кандай негиз жок, азыркы абалда ушинтип “мынакей мен кеттим, эми биягын өзүңөр бүтүрө бергиле” дегенге. Азыркы Убактылуу өкмөт, булар жасап жаткан иштердин бардыгы мыйзамсыз. Булар азыр мыйзам чегине кириш керек. Конституциябыз бар, парламент, президент бар.
– Демек, ушул окуяларды бир эле оппозиция уюштурду деп эсептейсизби же башка таасирлер дагы барбы?
– Жалгыз оппозициянын колунан келбейт эле, бул жерде дагы тышкы күчтөр бар.
– Тышкы күчтөр дегенде кимдерди түшүнсөк болот?
– Эми мен оппозициячыларга окшоп мындай анча-мынча ушактын негизинде айта бербейм, мен мамлекет башчысымын. Ошондуктан мен тактамайынча айта албайм, бирок тышкы күчтөр бар.
– Эми сиз тараптан Убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө демилгелер болобу же алар тараптанбы?
– Мен президентмин, менин президенттик полномочиемди алган жок жана ала албайт. Дагы бир жолу кайталайын, өкмөт отставкага кетти, бирок парламент турат. Булар өздөрүн Убактылуу өкмөт деп атап алышты, Убактылуу өкмөт чыксын, сүйлөшөлү.
– Сиздин оюңузча, учурдагы кырдаалды кантип тынчтык жол менен чечсе болот?
– Мен азыр ушул Жалал-Абадда, Ошто жүргөнүмдүн бир гана максаты – түштүктү аман сактап калалык. Түштүктө от чыгып кетпесин, мен азыр көрүп жатам, бир топ балдар курал менен жүрүшөт, криминал жанданып калды. Ошондуктан эл менен жолукканда азыр сабырдуулук кылып, эң негизгиси, элди түндүк-түштүк кылып бөлбөй, ушул максатта сактап калалы деп жатам. Менин максатым – бул жакта элди ынтымакта, биримдикте сактап калуу.
– Ар кандай маалыматтардан улам мен туура жооп алып алайын деп жатам, Курманбек Бакиевди коргогон 500дөй куралдуу аскер бар дейт?
– Аскер деп айтпайын, Ички иштер министрин кетирди, бирок укук коргоо жагында иштегендердин көпчүлүгү азыр биз жакта. Аскердин кызматкерлери биринчи жетекчилерин алмаштырды, офицерлер, башка көпчүлүгү мен тарапта. Мен президент катары биздин Ички иштер кызматкерлерине кайрылгым келет, Коопсуздук комитетинде иштеген, аскер кызматында иштегендерге эч качан, эч кандай жол бербегиле, дагы бир от чыгып кеткенге.
Биринчиден, башчыңар өз ордунда. Жалал-Абадда президенттик милдетимди ушул жерден аткара берем. Керек болсо Ошко барам, резиденциямды Ошко көчүрөм. Мамлекетибизди сактап калалык, азыр негизги максат ушул. Азыр эгерде укук коргоо органдары, аскер Убактылуу өкмөттүн кандайдыр бир мыйзамсыз буйруктарын аткарып, күч колдоно турган болсо, анда биз мамлекеттен, элибизден айрылабыз. Кыргызстанды бөлүп алам деген чоң мамлекеттер азыр кандай болор экен деп карап турушат. Эгер ошону каалабасак, анда буга жол бербешибиз керек. Анда кыргыздын мамлекети да жок болуп, Кудай деп кетебиз анан кийин.

www.azattyk.kg

Сүрөттөр "Супер-Инфо" гезитинин архивинен жана
"
www.azattyk.kg" сайтынан алынды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(82)
21.04.2010. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ушунтип актана беришет булар , эртен айтып чыкпаса болду оздору кунолу деп , буларда бет деген жок экен озу
21.04.2010. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында ушу Отунбаева Текебаев,Атамбаев Эгемендуу Кыргызстанды сатып жиберишет,ошондо коробуз ким кандай иштегенин...Бакиевди каргагандардын каргышы оозунан чыгып кара жакасына жабышсын!
21.04.2010. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар бийликке кандай келсе андан беттер болуп кетишет,андыктан шашпагыла КЫРГЫЗда-аар!!!
21.04.2010. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Перизат, Debi
башынан бери иштин баарын россия кылып жатпайбы
оппозиция кыргызстандын ТЫНЧТЫГЫН, КЕЛЕЧЕГИН, керек болсо эгемендуулугун сатып салды.
россиядан орус м-н кыргыз болуп жатат деп туура эмес маалыматтарды таркатып жатат. россиянын кыргызстандагы элчиси "кыргызстан" эмес "киргизия" деп баштады.эми россиядагы кыргыз туугандар эмне болот?
21.04.2010. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевге мен башынан эле каршы болчумун,ким Бакиевди ким колдоп атса да озунун иши,Бакиев куноолу эмес дейсинер,анда ким куноолу,снайперлерди ким койду ак уйго эмне мексат менен?Ушул суроолорго озунор жооп издеп коргулочу.Снайперлер резина ок менен атса бир жон.Эмнеге Кыргыз элинин болгон байлыгын баласына алып берип койду,и еще 100 эсе арзан,болгон туугандары кийлигишип кетти.
21.04.2010. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевди жактап, жалганды жазгандардын сөзүнө маани бергендин өзү эле акылсыздык экен. Андан көрө келечегибизге кайдыгер болбой, убактылуу өкмөттүн ишине байкоо салып туралы. Азаматтар, алар кыйынчылык болгон сайын такшалып жатышат деп ишенем.
22.04.2010. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГЛАВНАЯ МАРОДЕРША бийликке кандай жол менен келгенин унутуп,бугун ошо бийликке алып келгендерди атууга уруксат бериптир,ушунан эле билсе болот булардын максатын.Бети жоктор десе,тынчтык жолу менен чечишке алы жетпей калган го...
22.04.2010. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге Бакиев кетсе эле жаман жагын айтасынар. Медальдын эки бети болот дегендей. Жакшы иштерди да жасады эле ал шордуу.
Ак уйдогу ок атууда опозисиянын бир жашыруун аракети бар. Неге ал жерде адамдар озун контролдой албаган. Мас болуп только вперед деп туруп алган. Мунун ичинде бир сыр бар. Ошол жердеги адамдарды текшергенде баары ачык болот эле.
Коп кан тогулду неге.... Опозиция учун ошолдордун угуту аркасында. Алар тынчтык жолу менен келишимге келгенде эч ким олбойт эле.
22.04.2010. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дешти да, кимге ишеништи да билбей калдым....Келгиле туугандар, ар бирибиз озубуздун ички абийрибиз учун жашайлычы!Кудайдан Кыргыз элиме ынсап тилештен башка айла жок. Курман болгондордун арты кайрылуу болсун, артында калган балдарына, жакын туугандарына коз жумгандардын калган омурун аллах насип этсин!Кыргыз элим болунбойлу, биз КЫРГЫЗБЫЗ!
22.04.2010. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Отунбаевадай абийири жакшы иштеген адамдардын бар экени кубандырат! Жакшы адам жакшы адам менен шерик болот да, жанындагы адамдар да мага жагат. Башынан эле ээрге кыйшык отурган дегендей, бу киши башында эле шектүү болчу. Акыры ушундай эле болуп бүтмөк. эки-уч аялы менен мамилесин териштиргиче эле иштин буткону да. Татьяна баса берген окшойт го, ээ, туура эле кылат.
22.04.2010. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dobrajelatel
туура баары башкача мас болчу.
арака башка нерсе кошулган болушу мумкун.
24.04.2010. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ladno Otunbaieva otun kak Otun. Emne bizdi Goluboidoi bolgon Edil Baisalov Gitlerdei Temir seksualnyi manyak Tekebaevter bashkaraby? CHTO ZA JIZN TVORITSYA U NAS AAA? DEBI SMOTRY TY OCHEN UMNICHAESH!
24.04.2010. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН Бакиевтида Атамбаев менен Текебаевтида колдобойм жана бул менин калыс оюм. Биринчиден ак уйдо турган коргочулардын милдети бар алар ак уйду коргош керек курал которуп келгендерден. анткени курал которгондун озу кылмыш жана алар ак уйду басып алганы аракет жасашты. Экинчиден Атамбаев менен Текебаев бул нерсени билип туруп алып барышты балдарды. Ушул кишилер куноолу деп ойлойм кайсыл олкодо ушундай болду эле эки уч кишиге ак уйдон кресло тийбей калса акча берип балдарды чогултуп барып бийликти
24.04.2010. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Da kyrs ty prav Edil Baisalov kaidan keldi? Ak uigo kural menen kol salgandar ozu kunolu jakshy dagyn 2000-5000 adam olbodu! Bilip turup bilmeksen bolbogula koluna kural alyp kim bardy Ak Uigo. Je Bakievtin adamdary ozdory chygyp ele eldi atyp kirdibi? Kandy kainatpagyla jaman bolosunar aran turam!!!
24.04.2010. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсе Бакиевке каршы заговор. Анткени Бакиев россиянын оз кызыкчылыгын ойлогон сунушунтарын аткарган эмес. Туура кылган биз коз каранды олкобуз. Россия А-ев Т-евтардин жардамы менен кылды. Бул жонундо европанын АКШнын газеталары да жазып журушот. Эми Россия оз билгенин кылат Атамбаевтер россиянын шохасы болуп калышты.
24.04.2010. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында мен деле балдарды чогултуп барып ак уйду басып алам. Боло берет турбайбы даказательствосы жок эле уурдады деп, оз кызыкчылыгынды ойлоп балдарга акча, арак берип алдап алыпбарып согуштуруп жиберсен. Каза болгондорду президент атты деп койсон.
24.04.2010. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biz ozuncho suverinitetuu olko bolgonubuz menen emne uchun Rossiyaga bash iishibiz kerek orusiya dep jurup ele otobuzbu? albette Tekebaev, sariev, Sherniyazovtor Akaevtin kishileri. Kaira ele akaevti biilikke alyp kelgenibizdi ozubuz bilbei kaldyk.
24.04.2010. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AAa kstati Bakiev Biz menen biz any koldoibuz ar daiym. Biroon dagy al kishi jonundo jaman jazgyla menden birdi korosunor!!!
24.04.2010. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз тундук туштук деп болунбошубуз керек. качан согушуп кетишээр экен деп кутуп тургандар коп! Жана ошол нерсеге аракет жасап жатышат азыркы бийликтин колунан эч нерсе келбейт. Булар сырт жактан жардам алышты жана аларга каршы эч нерсе кыла албайт.
24.04.2010. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге бул нерсенин кереги жок болчу. элге тынчтык керек! Азыр эмне болуп жатат? Атамбаев менен Текебаев Отунбаеванын артына жашынып алып бийликке умтулуп жатышат.
24.04.2010. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наргизель, ошол революцияны коруп туруп азыркы суйлогон созун туура эмес да. Снайперлердин атканын туздон туз корсоттуго же козун сокурбу?
24.04.2010. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К. Бакиев накта Кыргыз эмес окшой угушума караганда. Озу дагы бир кара муртоз адамга окшош. Онунон караганда бир жакшылык алып келет турган адамга да окшобойт ко.
24.04.2010. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Бакиевди жактагандардын калыстыктан алда канча алыста жүргөн сөздөрү эле Бакиевди ого бетер жакшы тааныштырып коюп жатышат. А дейбиз, бу дейбиз алчусун алып жатат. Биз айтпаган күндө да эмнеси калды? Абийири аштай төгүлүп отурат.
24.04.2010. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek! Azyrky biiliktegi akalarindin juzundo jakshylyktar korunup turaby. Tekebaev akandi turk-kurt dep ukam oshonu terishtirip anan suiloson.
25.04.2010. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгусу келгендер озун окко тутуп олду,бул жерде Бакиевдин эч кандай куноосу жок!Ак ийилет,бирок-сынбайт!Абийри таза,а бул Главная МАРОДЕРША ак уйду,кара уй кылып бутту,булардын колунан бир да иш келбейт!
25.04.2010. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевдин убагында эч нерсеге жетишкен жокпуз кетсин деп жатып ал кишини кетирдик,Бакиев келгенде гана корунду анын эмгектери.Чет мамлекеттер менен жакшы мамиле курду.На ровне с другими странами ар кандай жыйылыштарга барчу,это значит что нас хоть как то признавали,что наше мнение что то значило.А теперь о нас говорят как о не состоявшейся стране.Давайте сравним когда Акаев убегал сколько стран были готовы его принять,а когда Бакиев попал в такую же ситуацию, кто предложил руку помощи?
25.04.2010. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Это доказывает что Акаев хоть как то правил страной грамотно.Бакиевы продали столько стратегических объектов страны другим странам за бесценок не ради народа ,а ради своей выгоды.Это на кыргызком называется "Чыккынчы"
Как бы мне хотелось чтоб среди нас нашелся человек как Путин и все это урезонил,чтоб служил он во блага КЫРГЫЗского народа!!!Друзья ДАВАЙТЕ ЖИТЬ ДРУЖНО!!!
Тундук,туштук деп болунбойлук,озубузду озубуз талап тонобойлук!!!
10.05.2010. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вазир жакшы хан жакшы,катын жакшы эр жакшы деген соз бар эмеспи Кыргызда,бул жерде президент эле куноолуу эмес депутаттар да,ошондой эле уулу жана бир туугандары да куноолуу.Президентти кууп жибериш оной болгону менен бул жакта озубузду озубуз талкалап алганыбызды сезбей жатабыз.
11.05.2010. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев жана анын бир туугандары, балдары жана жакындары болуп олкону кандай башкарды, оздоруно кандай хан сарайлар салды, муну коргон-билген адамдар тастыктайт, бирок ошол эле учурда 6-8 апрель окуяларындагы кан тогуудо азыр куноонун баарын Бакиевге оодарган убактылуу окмот мучолору, эски оппозиционерлердин салымы чон, алар да баарын жаап жашырып жатышат уялбай. Болбосо мени бийликтен кетирсин деп Бакиев аянттагы элдерге "аралашма" (балким наркотика) бербеси ачык. Бакиев кетти, убактылуу окмот
26.10.2011. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл деген эл экенда ким эмнени суйлосо артынаан баары ошону айтат. бул жерде бакиев мадумаров атамбаев же ташиев деген адамдардын куноосу жок!!! качанга чейин бизди америка м.н орусия башкарат билбеймин.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо