ОРОЗОДО КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗ АЧУУ ЖАНА БЕКИТҮҮ КЕРЕК?

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

Быйыл орозо жылдын эң узун күндөрүнө туш келди. Алсак, 19-24-июнь күндөрү ооз жабылуу мөөнөтү 17 саат 50 мүнөткө чейин созулат. Күндүн узактыгынан сырткары эң аптаптуу аба ырайында орозо кармап жүрүү адамдын организми үчүн да, анын эрки үчүн да чоң сыноо. Мындан улам ооз жабууда кандай тамак жесе курсакты ток кармайт, кайсы тамак менен оозду ачса ден соолукка пайда жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

Орозо учурунда туура тамактануу боюнча Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков төмөнкүлөргө токтолду:

КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗДУ ЖАБУУ КЕРЕК?

– Медицина орозо кармоону толугу менен колдойт. Анын адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Илимий көз карашта орозо кармаган адам ар түрдүү оорунун алдын алчу иммунитетти калыптандырат. Пайгамбарыбыз "Саарлыкты жегиле. Анда береке бар" деп айткан. Орозо кармап жаткан адам оозду жабар учурда күндүзү чаңкатпай турган тамак менен азыктанышы керек. Ошол эле учурда мурунку жеп жүргөн тамактануу тартибин бузбаганы дурус. Ар кимдин шарты ар түрдүү болгондуктан, бир тамакты сунуштоо туура эмес. Андыктан өтө туздуу, майлуу эмес, куурулбаган жана эскирбеген тамактардын баарын жесе боло берет. Уйкудан тургандан кийин ач карын бир стакан суу ичип алган оң. Кийин гана тоюп тамактануу туура болот.

КАНДАЙ ТАМАК МЕНЕН ООЗДУ АЧУУ КЕРЕК?

– Учурда көпчүлүк адамдарды чакырып ооз ачар уюштуруу көп кездешүүдө. Анда жөнөкөй тамактарга караганда оор, аш болушу кыйын тамактар көп коюлат. Мындан улам эттүү, куурулган, майлуу тамактарды ач карын көп жеп алып, жүрөгү иштебей, ашказаны жабыркап, өтү кыйналып ооруканага адамдар көп түшөт. Орозо учурунда адам тамак жебей жүргөндөн сырткары өзүнүн ооз жапкандагы жана ачкандагы тамактарына көңүл буруусу абзел. Ооз ачып жатканда алгач суу же жашылча, жер-жемиштер менен баштоо керек. Андан жарым саат өткөн соң калориялуу тамактарды жегени оң. Эн негизгиси тамактануудагы мурунку тартибин бузбоосу керек. Күнү бою суу ичпей жүргөндүктөн ооз ачарда жөнөкөй сууга караганда суюк тамактарды ичсе денеге кубат болот.

Орозонун негизги эрежелери боюнча муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Акжигит Көкөев төмөнкүлөргө токтолду:

ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛБАЙТ?

  • Унутуп жеп же ичип алган учурда, же кокусунан түтүн, чаң жутуп алса, же тамагына чымын-чиркей кирип кетсе;
  • Унутуп жубайы менен жакындык кылып алса;
  • Жалгыз болуп, таңдайдан өткөзбөстөн тамактын тузун көрүп, кайра тилди суу менен чайкап салса;
  • Ден соолугуна байланыштуу сайылган уколдон.

ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛАТ?

  • Атайылап тамак-аш жеп алса же суусундук ичсе;
  • Түгөйүнө атайын жакындык кылса;
  • Чылым же насыбай чексе;
  • Тил менен күнөө иш кылса (сөксө, урушса).

Быйыл орозо айында берилчү битир-садаканын баасы киши башына 30 сомдон туура келет. Башкача айтканда, 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Мындан сырткары 1 килограмм 600 грамм ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма берсе болот.


ОРОЗО КАЛЕНДАРЫ

Көрсөтүлгөн убакыт Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына тиешелүү

Эскертүү: Орозо айы Айдын чыгышына карап бир күнгө эрте башталышы мүмкүн.

Кыргызстандын аймактарындагы убакыттын Бишкек шаарынан жана Чүй облусундагы аймактардан айырмачылыгы:

Каракол – 10 мүнөт эрте
Балыкчы – 5 мүнөт эрте
Нарын – 6 мүнөт эрте
Талас – 8 мүнөт кийин
Ош – 12 мүнөт кийин
Чоң-Алай – 17 мүнөт кийин
Токтогул – 10 мүнөт кийин
Жалал-Абад – 15 мүнөт кийин
Кадамжай – 20 мүнөт кийин
Чаткал – 25 мүнөт кийин
Баткен – 25 мүнөт кийин
Исфана – 30 мүнөт кийин

Кадыр түн – 21-июндан 22сине караган түн,Орозо айт – 26-июнь, Курман айт – 1-сентябрь
Эскертүү: Орозо айт, Курман айт жана Кадыр түн Айдын чыгышына карап бир күнгө эрте болушу мүмкүн.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
29.05.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ассалоому Алейкум!Ар бир мусулмандын туткан орозосу кабыл болсун ылайым!Орозо тутпагандарга журогуно ыйман,озуно ынсап берсин!Оомийин!
29.05.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ekaterinburg,Рахмааат. Орозонор кабыл болсун ар бир инсандын журогундо ыйман, ынсап берсин Аллах
29.05.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
"Ооз ачып жатканда алгач суу же жашылча, жер-жемиштер менен баштоо керек. Андан жарым саат өткөн соң калориялуу тамактарды жегени оң." Менимче оозду ачып бир аз шам шум этип,Шам намазын окуп анан тамактанса абдан туура болчудай. Урматтуу Супер инфо абдан пайдалуу маалымат экен. Рахмат! Урматтуу кыргыз элим Орозонуздар кабыл болсун!
29.05.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туткан орозоңуздар кабыл болсун.
29.05.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сиздердин таблица боюнча ооз жаап жатам..Бирок сиздер менен Ислам жолу сайтындагы жадыбалдын 8 мүнөт айрымасы бар экен.Бул боюнча Ислам жолу сайтына айрымачылык туурасында билдирүү жибердим.

Жакшы кеңештер экен рахмат.
31.05.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov, Азан айтылган аймакта азанга карап ачса болот го.
29.05.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонуздар кабыл болсун.
29.05.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам алейкум!!!Туткан орозонуздар кабыл болсун!Бейишке кирген инсандардан кылсын!
29.05.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туткан орозонуздар кабыл болсун!!
18 саат узакпы Питерде 20 21саат болтатко
29.05.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туткан орозонуздар кабыл болсун
29.05.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кармаган орозонуздарды аллахым кабыл кылсын
29.05.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ин Ша Алаах айтканыныздар келсин...Орозо кармоого ар Мусулманга Аллахым сабыр берсин
29.05.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозоңуздар, окуган намазыңыздар кабыл болсун туугандар
29.05.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонор кабыл болсун!
29.05.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонуздар кабыл болсун момун мусулмандар!
30.05.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооз ачуу,жабуу календарын кайдан тапса болот Москванын сааты менен?
30.05.2017. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонуздар кабыл болсун?
30.05.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонуздар кабыл болсун
30.05.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орозонуздар кабыл болсун!
30.05.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рамазан айынын башталышы менен бүт мусулмандарды куттуктаймын! Орозо кармагандардын орозосун АЛЛАХЫМ кабыл кылсын!
31.05.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кичине ооруп аттым эле ,шилекей какырык коп чыгып атат,ошону жутсам болобу?же орозо бузулабы?
03.06.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizulya,тезирээк айыгып кет ылайым.Озундун тукуругун боло берет жутсан.Бирок какырыкты кантип жутасын дейм да)
31.05.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах, баарыбыздын туткан орозобузду кабыл кылсын.Амин.
31.05.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18 саат аз элего. Менде азыр 20 саат аралыгы.
01.06.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурда Москвадабыз. Бул жакта аралыгы 29 саат болуп жататко
03.06.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolya8892,бир суткада 24 саат болмо аралыгы кандайча 29 болот. Менимче 19 деп жазмак олушунуз керек
22.06.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolya8892,Кудай сактаа,математика сабагы жакчу эмес окшойт э мектепте
01.06.2017. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде 19 саат аралыгы Москвада
03.06.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде 31 саат болтат. )) жазат десе эле жаза берет экенсинер да а
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо