HI-TECH NEWS

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

ИНСТАГРАМ – КОРКУНУЧ ЖАРАТКАН СОЦИАЛДЫК ТАРМАК

Инстаграм
– британиялык окумуштуулар тарабынан адамдын ден соолугу үчүн эң коркунучтуу социалдык тармак деп табылды. Бул маалыматты "Sky News" басылмасы жазып чыкты. Ошондой эле YouTube, Snapchat, Facebook жана Twitter`ди изилдеген окумуштуулар интернеттеги бул тармактар жаштардын психикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизерин аныктап чыгышты. Алардын айтымында "өспүрүмдөр социалдык тармактардын айынан улам бактысыз болуп баратышат". Изилдөө көрсөткөндөй, 14-24 жаштагылардын көбү YouTube, андан кийин Twitter жана Facebook`ту колдонгонду жактырышары такталган. Бирок өз колдонуучуларына баарынан көп терс таасирин тийгизгени Instagram жана Snapchat болгон. Окумуштуулар социалдык тармакка көнүп калуу жаштар үчүн тамеки менен алкоголдук ичимдиктерден да коркунучтуу экенин билдиришүүдө.

SAMSUNG`дан ЖАҢЫ ИЙКЕМДҮҮ ДИСПЛЕЙ

Samsung буга чейин ийкемдүү экрандарды сыналгыларга, мониторлорго пайдаланып келген. Эми түштүк кореялык компания смартфондор үчүн дисплейди каалашынча ийип, чоюуга мүмкүн болгон экрандарды чыгарат. Лос-Анжелесте өткөн көргөзмөдө эскперттер тарабынан экрандын акыркы үлгүдөгү жасалган түрлөрү көрсөтүлдү. Ал жакта 3D экрандан тарта, ийкемдүү дисплейдин түрлөрү да болгон. Мындай учурда ал эч кандай баштапкы абалын жоготпойт. Ийкемдүү түрдөгү экранды массалык түрдө жасоого азырынча мүмкүнчүлүк жок. Бул смартфондор жерге түшсө сынып калуу коркунучун алдын алуу максатында чыгарылганы турат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо