БИР БҮРКҮМ

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

Башкы прокуратура экс-депутат САДЫР ЖАПАРОВГО байланыштуу кылмыш ишин иликтеп бүтүп, сотко өткөрүп берди. Аталган маалыматты Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 2002-жылы туулган тургуну Нурдөөлөт Усупбеков ЧАГЫЛГАН ТИЙИП каза болду. Ал 18-майда жайлоого кеткен, жансыз денеси 21-майда табылган.

 6 жыл ичинде Кыргыз өлкөсү менен Бириккен Араб Эмиратынын ортосунда 520,7 миллион долларлык товар алмашуу болгон. Бул тууралуу КЫРГЫЗ-АРАБ бизнес-форумунда экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Оштун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табият КЫРСЫКТАРЫНАН жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 23-майга карата 12 миллион 99 миң 100 сом чогулган.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары ФАРХАД БЕКМАНБЕТОВ кызматтан алынды. Аталган буйрукка 24-май күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бекманбетов "Ата Мекен" партиясынын атынан аталган кызматка барган эле.

25-май күнү АКЫРКЫ КОҢГУРОО майрамы республиканын 2238 мектебинде өткөрүлүп, 92 миң окуучу 9-классты, 62 миң окуучу 11-классты аяктады.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу сот отуруму 5-июнга белгиленди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Өлкө боюнча 24-майдан 29-майга чейин нөшөрлөгөн жамгыр, тоолуу райондорго КАР ЖААШЫ КҮТҮЛҮҮДӨ. 26-май жана 28-29-май күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

2016-жылы 7380 бала КАТААЛ ТУРМУШТУК ШАРТТА жашап жатканы аныкталган. Анын ичинен 1558и ата-энесинин да камкордугунан ажырагандар. Аталган статистиканы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын 1-кварталында өлкө боюнча АВТОУНААЛАР үчүн 54 миң номер саткан. Аталган маалыматты мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков узакка созулган оорудан улам 24-май күнү 78 жаш курагында көз жумду. "Супер-Инфо" гезитинин жамааты Сапар Исаковго жана анын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо